Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коз оорулары

Баш барак | Медицина | Коз оорулары

"Коз оорулары" абдан көп. Жаштар дарыгерге кургак көз синдромунун, сезгенүүнүн, көрүүнүн начарлоосунун айынан кайрылышат. Улгайган жаш куракта айтылган оорулардан сырткары катаракта, глаукома, көздөгү сары тактын бузулуусу (дегенерация макулы) маселе жаратат. Бейтаптардын эстүүлүгүнүн максатында төмөнкүдө биз кеңири тараган көз оорулары тууралуу маалымат беребиз.

Коз оорулары

Көз оорулары — көздүн көз чарасынын жана анын кошумчаларынын (көз жапкагы, жаш чыгаруучу органдар) сезгениши. Анын тубаса, кийин пайда болгон, катуу кармаган жана өнөкөт түрү болуп, бир же эки көз тең оорушу мүмкүн. Коз ооруларына жалпы организмдин оорулары, мисалы, жугуштуу (келте, туберкулёз, кептөөр, бруцеллёз жана башка), мите (мисалы, эхинококк), эндокрин (кант диабети жана башка), кан тамыр (гипертония оорусу), кан оорулары (ак кан оорусу), түрдүү шишиктер (саркома, рак), борбордук нерв системасынын оорулары (менингит, мээнин шишиги), витамин жетишсиздиги, ошондой эле көздүн урунуусу, күйүүсү, чаңдын көзгө түшүшү, түрдүү химиялык, физикалык таасирлер себеп болот. Көздүн ичиндеги басымдын жогорулашы глаукома оорусуна алып келет. Трахома, глаукома, көздүн күйүшү, көз нервинин атрофиясы жана башка коз ооруларынан сокур болуп калууга мүмкүн. Оорунун биринчи белгилери билинер замат врачка кайрылуу керек. Дарылоону оорунун себебине жана мүнөзүнө жараша врач жүргүзүп, тамчылатма жана май дарыларын сунуш кылат. Ал дарыларды врачтын көзөмөлүндө оорулуу үйдөн өзү пайдаланат.

Көз ооруларын алдын алууда көздү түрдүү механикалык травмадан, физикалык, химиялык таасирлерден, микроорганизмдердин түшүшүнөн коргоо, күн тартибин, өздүк гигиенаны сактоо, мүнөздөп сапаттуу тамактануу, убагы менен эс алуу зарыл. Түрдүү жугуштуу оорулардан сак болуу керек. Бул жөнүндө төмөнүрөөк жаздык.

Көздүн былжырлуу чел кабыгынын сезгенүүсү

Абдан көп кездешүүчү маселе - былжырлуу чел кабыктын сезгенүүсү. Мындай учурда бейтаптарда көздүн ачыштыруусу, кызаруу, жаш агуу, ириңдөө байкалат. Сезгенүү байкатпастан пайда болуп, нормалдуу жашоо образына тоскоолдук кылат. Чоң адамдарда сезгенүү себебинин 70% вирустар түзөт. Мындай сезгенүүгө каршы толук бирдей дарылоо жок, бирок нымдоочу тамчылатмалар, көздүн айланасына коюлуучу муздак компресс көздүн акыбалын жеңилдетүүгө жардам берет. Былжырлуу чел кабыктын бактериалдык сезгенүүсү болжолдуу түрдө 30% кездешет, дарылоодо курамында антибиотиктер бар тамчылатуучу каражаттар колдонулат. Балдарда көздүн былжырлуу чел кабыгынын сезгенүүсү негизинен бактериалдык болот, көздөр өтө кызарып, ириңдеп баштаган сезим байкалат. Жардамга курамында антибиотиктерди камтыган тамчылатмалар келет. Сезгенүү пайда болгондо биринчи кезекте үй-бүлөөлүк дарыгерге кайрылыңыз, дарыгер карап чыгып, зарыл болсо сезгенүүгө каршы тамчылатма жазып берет. Маселе кайрадан кайталанса, көздүн дарыгерине кайрылуу оң.

Көздүн айланасынын сезгенүүсү

Дарыгерге мындан сырткары көздүн айланасынын кызаруусу, ачыштыруу, кычыштыруу сезимдери пайда болгондо кайрылышат. Белгилер блефарит, башкача айтканда көздүн айланасынын чет жагынын сезгенүүсү бар экендигинен да кабар берүүсү мүмкүн. Сезгенүүнүн себеби көз жаштын агып кетүүсүнө бөгөт коюп турган суюктук (мейбомивалык бездер) иштебей, жыйынтыгында көз жаш кабыгына керек болгон майлуу суюктук көздүн үстүнө жетпей, айланасына чогула берүүсү толук ыктымал. Бактериалдык инфекциялар кошулганда сезгенүү күчөйт.

Көздүн айланасынын сезгенүүсүндө алардын иштөөсүн активдештирүүчү массаж жардам берет. Сезгенүүнү антибиотиктерди камтыган дары майды колдонуу, Омега - 3 май кычкылдыгын ичүү басаңдатат. Белафрит өнөкөт дартка айланганда, башка сезгенүүлөр, мисалы, тирсек, халазион кездешет. Мындай учурда көздүн айланасында тийгенде оору жаратуучу кичине түйүнчө пайда болот. Дары майларды колдонуп, болбосо операция жолу аркылуу арылууга мүмкүн.

Катаракта

Азыркы кезде катаракта өтө көп кездешүүчү "коз оорулары" болуп саналат. Кеп көздүн чечекейи тунарып, жыйынтыгында көздүн курчтугу начарлап, адам айлана - чөйрөнү жакшы көрө албай, көзүнө бир нерсе эки болуп көрүнүүсү жөнүндө болуп жатат. Катаракта ар түрдүү болот, негизи, улгайган жаш куракта пайда болот, анткени көздүн чечекейинде зат алмашуулары өзгөрүлө баштайт.

Чечекейдин көлөмү, суусунун курамы өзгөрүшү мүмкүн. Кеп көздүн анатомиясындагы кайра калыбына келбей турган өзгөрүүлөр тууралуу болууда. Бул болсо катарактаны болтурбай коюу мүмкүн эместигин билдирет. Тубаса катаракта өтө сейрек, бирок кездешет. Бул түрү башка оорулардын негизинде, узак убакыт бою дары ичүүнүн, көздүн жаракат алуусунун натыйжасында пайда болот . Биздин убакта катарактаны дарылоонун жалгыз түрү болуп хирургиялык кийлигишүү болуп саналат.

Операциянын жүрүшүндө көздүн айнекчели кичине кесилип, ультратыбыштуу аппараттын жардамы менен тунарган бөлүкчөлөр алынып, ордуна жасалма линза салынат. Операция оору жаратпайт, ооруган жерге наркоз сайылып жасалат, салыштырмалуу көп убакыт талап кылбай, жакшы жыйынтык берет. Операциядан кийинки кыйынчылык жаратуу мүмкүндүгү 1 : 10000 катышын түзөт. Кыйынчылык жаратуу мүмкүндүктөрүнүн арасынан кеңири тараганы - көздүн ичинин сезгенүүсү, көздүн ичине кан куюлуусу, көздүн чечекейинин арткы капсуласынын тунаруусу. Арткы капсуланын тунаруусу көп кездешет. Маселе лазердик процедуранын жардамы менен чечилет. Катарактаны алып салуу операциясы Эстония мамлекетинин ири клиникаларында жасалат.

Глаукома

Глаукома - кеңири тараган өнөкөт көз оорусу. Кеп бир нече факторлордун аркасында өрчүгөн оору тууралуу болуп жатат. Бул болсо, ооруну аныктоо алдында бир нече ар түрдүү ооруксунуу пайда болуусу шарт экендигин билдирет. Глаукомада көздүн ичинде кан басым жогорулайт. Кээ бир учурда кан басым нормасында болот, атүгүл түшүп кетет. Көздүн кан басымынын нормасы болуп 10 - 21 сымап мамыча миллиметри саналат. Эгерде көрсөткүч жогоруласа, сөзсүз түрдө себебин аныктоо зарыл.

Негизинен, маселе кандайдыр бир себептерден улам бүтөлүп, кан басымдын жогорулоосун чакырган көздүн ичиндеги суюктук агып жүрүүчү каналына байланыштуу. Глаукома болгондо көздүн ичиндеги жогорку кан басым көрүү нервин, клетчатканын нерв булаларынын катмары бузулат, көз дарыгеринин текшерүүсүндө аныктоого болот. Баштапкы стадияда орууну GDX, OCT, HTR ыкмаларынын жардамы аркылуу аныктоого болот. Нерв булаларынын 60 % жабыркаганда адамдын көрүүсү начарлайт : тумандоо, айлана-чөйрөнү көрүүнүн начарлоосу байкалат.

Мындай учурда оору өрчүү фазасында турат. Көздүн ичиндеги жогорку кан басымда, түзүлүштүк - аткаруучулук өзгөрүүлөрдө дарылоону кан басымды түшүрүүчү көзгө тамчылатуучу каражаттан баштоо жакшы. Дарылоонун бул түрү туруктуу болуп эсептелет, кээде өмүр бою улантылат. Кээ бир учурда агып чыгуу каналдарында лазердик дарылоо жүргүзүлөт (SLT). Жогоруда айтылган ыкмалар жардам бербесе, былжырлуу чел кабыктын астына агып чыгуу каналы салына турган операция жасалат. Азыркы кезде дарылоонун ар кандай ыкмалары бар.

Глаукомада коркунуч жаратуучу факторлору катары төмөнкүлөрдү саноого болот:

Белгилей кетчү нерсе, эгерде глаукома нервдин бузулуусуна алып келсе, айыктыруу мүмкүн эмес, бирок туура дарылоо аркылуу орууну көзөмөлгө алууга болот.

Сары тактын (макула) бузулуусу

Сары тактын бузулуусу зат алмашуунун начарлоосуна байланыштуу жана улгайыңкы куракта билинет . Оорунун натыйжасында көздүн курчтугуна жооп берген сары тактын айланасында түзүлүштүк өзгөрүүлөр башталат. Сары тактын бузулуусу тор кабыктын ичкерип кетүүсүнө , түс берүүчү заттын (пигменттик эпителий) бузулуусуна, керексиз заттардын чогулуусуна алып келет.

Бул ооруда коркунуч жаратуучу факторлор:

Белгилери: көздүн курчтугунун алыстан болобу, жакындан болобу, төмөндөөсү. Көрүүнүн дал ортоңку бөлүгү бузулат, адамдын көз алдында мындайча айтканда кара тактын жаралуусу мүмкүн. Оорунун бир канча түрү белгилүү.

Биринчиси - сары тактын түзүлүшү өзгөрүп , бирок тор кабыктын астында суюктук жок болгон кургак түрү.

Экинчиси - нымдуу. Түс берүүчү зат бузулат, кан тамырлардын жабыркоосунан улам тор кабыктын жана түс берүүчү заттын катмарларынын ортосунда суюктук топтолот. Бул шишиктин пайда болуусуна алып келет, мындан сырткары жаңы кан тамырлар жаралып, тор кабыкта, килкилдек затта (айнек сымал зат) канталоо жүрөт. Бузулуу белгилери бар өзгөрүүлөр азыркы тапта айыкпаганына карабастан, өзгөрүүлөрдө витамин комплекстерин, көздүн түбүнө арналган минералдарды, ооруну жайлатуучу каражаттарды колдонууга сунушталат.

Нымдуу түрүндө болсо жаңы кан тамырлардын пайда болуусуна бөгөт коюп, көздүн түбүнүн шишигин азайтууда атайын көздүн уколун саюуга болот. Бир укол жетишсиздик кылат. Дарылоонун ылайыктуулугуна дарыгер баа бере алат. Биздин убакта түзүлүштүк жабыркоолорду так көргөзүп, дарылоону пландоодо жардам бере турган көптөгөн аныктоочу каражаттар бар (OCT, Specrtalis ).

Айнек сымал заттын (килкилдек) бузулуусу

Көпчүлүк бейтаптар көздө чекиттердин, жипчелердин пайда болгонун айтып кайрылышат. Айтылган нерселер байкатпастан пайда болуп, адатта көз менен чогуу кыймылдайт, ар кандай түрдө болуп, негизинен ак түстүү жерлерде жакшы билинет. Демек, көздүн килкилдек затынын клеткалары сыйрылып түшүп, эркин кыймылдап жүрөт. Маал-маалы менен клеткалар көрүү огуна келет, ошондуктан адам аларды көрө баштайт. Көрүнүш жаштар, улгайгандар арасында да кездешет.

Улгайган адамдарда жаш өткөндө килкилдек зат сыйрылып, натыйжасында ичке мембрана пайда болуп, көз алдында „бөлүктөр” жүрө баштаган оору менен байланыштуу болушу ыктымал. Майда чымындар сымал көрүнүүлөр кийлигишүүнү талап кылбаган коркунучсуз маселе, жыл өткөн сайын алардын саны азаят, болбосо адам жөн гана көнүп калат. Кокусунан адамдын көз алдында тосмо жараткан көптөгөн кара чекиттер пайда болуп, кайра жоголбосо, тезинен көз дарыгерине кайрылуу керек. Ушул сыяктуу белгилер байкалса, тор кабыктын сыйрылуусунан кабар берет. Аталган оору дароо хирургиялык кийлигишүүнү талап кылат.

Көз ооруларынын алдын алуу

Окумуштуулардын айтымында, биз айлана-чөйрөдө болуп жаткан маалыматтардын 80% көрүү аркылуу алабыз. Көрүү мүмкүнчүлүгүн же көздүн курчтугун жоготкондо адам өз жашоосунда кыйла өзгөрүүлөргө дуушар болот. Көз ооруларынын алдын алуу жагымсыз өзгөрүүлөрдөн арылууга жардам берет.

Иш ордун жарыктандыруу

Баарынан мурда көзгө ылайыктуу иш шартын түзүңүз, алардын бири - жарыктык. Лампанын жарыгы жетишээрлик түрдө жарык болуп, өтө күчтүү болбогону жакшы, ошондуктан, көз дарыгерлери тарабынан үстөлгө коюлуучу, плафону бар лампа колдонуу сунушталат. Айланаңызды жарым караңгыдан жарыкка өткөндө көз ашыкча чымырканууну албагандай жарык кылыңыз.

Көрүү жакшы болсо, 60 Ватт үстөлгө коюлуучу лампа жарайт. Лампаны иш кагаздарынан 50 сантиметр аралыкта сол жагыңызга коюңуз.

Компьютерде иштөө, китеп окуу шарттары абдан маанилүү. Көз менен китеп барагынын аралыгы болжолдуу түрдө 30 см, мониторго чейинки аралык болсо сунулган колдун узундугуна барабар болгону ылайыктуу болуп эсептелет .Караңгыда компьютерде иштөөдө, сыналгы көрүүдө кошумча жарыкка кам көрүңүз, жарык мониторго, сыналгынын бетине караан түшүрбөгөнү туура. Сыналгы берүүлөрүн 2 метрден кем эмес аралыкта көрүңүз. Жаткан абалда китеп окууда башыңызды ыңгайлуу кылып жаздыкка, жарык бергичти башыңыздын артына коюңуз - китепти (журналды, гезитти ) эле жарык кылыңыз. Жатып окуп жаткан текстке көз карашыңыз түз түшкөнү оң.

Көздү эс алдыруу

Компьютерде иштөөдө жок дегенде ар бир саат сайын 5 мүнөт көзүңүздү эс алдырыңыз. Көзгө арналган жөнөкөй көнүгүүлөр аз убактыңызды алып, кымбат санаторияда эс алуудан кем эмес пайда алып келет. Жумуш арасындагы тыныгууларда жасоону унутпаңыз : тез-тез көздү ирмеңиз, көздү жумуп, бир нече секунд эс алдырууга аракет кылыңыз, терезени караңыз, бир нече жолу жакынкы нерседен алыскы нерсеге көз чаптырыңыз, көзүңүздү айлантыңыз.

Унаада бара жатып окубаңыз, телефон карабаныз

Кыймылда болгондо титирөө көздүн дайыма чыңалууда болуусуна мажбурлап, акыры сөзсүз түрдө ден соолукка зыянын тийгизет.

Туура тамактануу

Көзгө кам көрүүдө тамагыңызда D жана А витаминдери болгону жакшы, айтылган витаминдердин организмдеги жетишсиздиги көрүүнүн начарлоосуна алып келет. А витаминиин жумурткадан, каймактан, треска балыгынын боорунан алсаңыз болот, D витаминине жумуртканын сарысы, уйдун боору, деңиздеги сельдь балыгы бай келет. Аталган витаминдин синтези адамдын организминде ультрафиолеттин таасири астында жүргөндүктөн, күн тийген күндөрү таза аба алдында сейилдөө сунушталбайт ультра кызгылт нурлар көзгө зыян, ошондуктан караңгылатуучу көз айнек тагынып алуу жакшы.

Көздүн жеке гигиенасы

Экология жагынан таза шаарда жашагандыгы менен мактана ала турган адамдар аз. Көчөдөн үйгө киргенде көздү жылуу, кайнатылган сууну колдонуп жууганды эреже кылып алыңыз : көздөр кирден, түтүн газынан, чаңдан беттин терисинен кем эмес жабыркайт.

Былжырлуу чел кабыкка кокусунан кирип кеткен инфекция конъюнктивитке айлануусу толук ыктымал. Оорудан арылууда көп каражат, убакыт талап кылынат.

Көзгө ванна жасаңыз

Эки жумада бир жолу көзүңүзгө жаңы демделген чайдан ванна жасаңыз - сезгенүүгө каршы эң сонун каражат болуп берет: жылуу чайды ылайыктуу идишке куюңуз, көздүн чанагы жуунгандай кылып, көзүңүздү ачып, идиштеги чайга тийгизип, бир нече жолу көзүңүздү ирмеңиз. Процедурадан экинчи көзүңүздү өткөрүңүз. Айтмакчы, аталган процедураны чаң жумушта, мисалы, үйдү баштан аяк жыйноодо, оңдоп - түзөөдө иштеген сайын жасоо пайдалуу.

Ромашканын, болбосо липа гүлүнүн (дарыканадан сатып алсаңыз болот) сууга чыланган маңызы да жакшы таасирге ээ. Маңызды даярдоодо ромашкадан же липанын гүлүнүн 1 чай кашыгын аласыз, үстүнө 1 стакан кайнак суу куясыз, 15 мүнөт өткөндө чыпкалайсыз. Бөлмө температурасындагы маңызды көздү жууганда колдонуңуз. Андан сырткары маңыз көздү жалтыратат. Бетиңизди сууга салып, көздү бир нече жолу ачып - жумуңуз, мындай жуунуу көзгө энергия берип, былжырлуу чел кабыктын, көздүн айланасынын жакшыруусуна шарт түзөт.

Кысуучу тар кийимдерди кийбеңиз

Мындай кийимдер кан айланууну бузуп, башыңызга кан келүүсүн, демек, көздүн кан басымынын жогорулоосуна алып келет.

Уйку алдында тамак жебеңиз

"Коз оорулары" абдан жаман, көздүн жаштыгын, сулуулугун мүшөкчөлөрү, ашыкча бырыштары жок сактап калууну кааласаңыз жатаарда тамактанбаңыз.

Достор, көзүбүзгө аяр мамиле жасайлы, бекеринен айтылбаса керек көздүн карегиндей сактоо – деп. Макала жатыбы же жаккан жокбу комментарий калтыргыла.

Жайгаштыруу: 2019-01-15, Көрүүлөр: 25513, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу