Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Котур-Төр мөңгүсү

Котур-Төр мөңгүсү – Ички Теңир-Тоодогу татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Чоң Нарындын оң курамы – Ара-Бел-Суунун алабында. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталындагы кыска өрөөндүн төрүнөн башталат. Узундугу 6,3 км, аянты 9,9 чарчы/чакырым. Башы деңиз деңгээлинен 4780 м, этеги 3830 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100 м, абляциясынын аянты 3,3 чарчы/чакырым. Фирн бассейни Тескей Ала-Тоонун кырынан башталып, эки жагындагы жалпак чокулардагы мөңгүлөрдөн кошумча куралат. Батыш тарабынан Григорьев мөңгүсү орун алган. Бетинде жана этегинде мореналар жокко эсе. Төмөнүрөөктө аяккы морена жалчасы өрөөндү дого сымал бөгөп жатат. Мөңгүдөн Ара-Бел-Суунун сол куймасы – Котур-Төр башталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)