Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Котур - псороптоз

Баш барак | Ветеринария | Котур - псороптоз

Котур-курч же өнөкөт түрдө өтүүчү псороптоз уруусуна таандык кенелер тарабынан пайда болуучу ылаң. Өнүүгүүсү: - ургаачы кенелер теринин сыртына жумутка тууйт, ал жумурткалардан личинка чыгып, нимфа 1 ге, андан кийин нимфа 2 ге айланат да акырында имаго пайда болот. Кенелердин бир жолу өнүгүп өсүүсү, эки - үч жумага созулат.

Эпизотологиялык маалыматтар: - котур менен койлордун көп эле породалары ооруйт, бирок уян жүндүү койлордо ылаң өтө оор өтөт. Кылчык жүндүү койлор, эчкилер салыштырмалуу жеңил ооруйт, кенелер алардын айрым-айрым жерлеринде кана мителейт. Козулар салыштырмалуу көбүрөөк ылаңдайт жана оору тез тарайт. Оорунун булагы - котур менен ооруган койлор, ошондой эле булганган аштоо, тейлөө буюмдары жана кой короолор.

Клиникалык белгилер: - Оорунун белгилери эки жумадан эки айга чейинки убакытта билинет. Начар арык койлордо, козуларда оорунун белгилери эрте байкалат. Негизги белгиси-теринин кычышып дүүлүгүсү, койлор кашынат жана жараланган жерлерин тиштери менен тиштейт, аштоого жана башка буюмдарга сөйкөнөт. Бир аз убакыт өткөндөн кийин жүндөрү түшүп, карт менен капталган жүнсүз чектер пайда болот. Козулары ылаңдаганда кычышып, дүүлүгүү азыраак болуп жүнү да аз түшөт, жүнү уйпаланып калат.

Дарылоо: - Неоцидол - инструкциясы менен бир литр - 2400 литр сууга ванна жасалат 100 миллилитр - 240 литр сууга. “Ивомек +” - 1 мл - 50 кг тирүү салмагына 2 жолу, 7 күн аралык менен теринин астына сайылат Ошондой эле: Сидектин, Ивермектин, Баймек, Аверсект-2, Афудин, Неоцид жана башкалар инструкциясы боюнча колдонулат. Бир сыйра ветврач менен кеңешүүнү унутпаңыз!

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 979, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу