Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Космостон сүрөткө тартуу

Космостон сүрөткө тартуу, космостук съёмка – космосто учуп жүрүүчү аппараттардагы так приборлордун жардамы менен Жердин, асман телолорунун, тумандуулуктардын, галактикадагы ар кандай кубулуштардын сүрөтүн, элесин, турпатын, түспөлүн кагаз бетине түшүрүү. Жер бетинин түзүлүшү өз алдынча ыкма менен тартылып, ири аймакты кучагына алат. Мындай тартылган сүрөттүн жардамы менен Жердин атмосферасы, литосферасы жана ландшафттык түзүлүштөрү, глобалдык, аймактык, зоналык өзгөчөлүктөрү изилденет. Бир эле аянт бир нече жолу кайталанып тартылгандыктан, жаратылыштагы кубулуштардын мезгилдик өзгөрүүлөрүн (жаан-чачын, суу сактагычтарда суунун толушу, жанар тоолордун атылышы, өрттүн чыгышы ж. б.) көзөмөлгө алууга шарт түзүлөт. Мурда электр-магниттик толкундардын көзгө көрүнгөн спектрдик диапазонунда жүргүзүлүп, контейнер парашюту менен Жерге түшүрүлчү. Азыр ак-кара, түрдүү түстүү сүрөттөр телеге тартылып, инфражылуулук, микротолкун, радар, спектрометр сыяктуу фотоэлектрондук сүрөткө түшүрүүлөр пайдаланылат. Бирок колдонулуучу приборлор аэросъёмкадагыдай эле. Мында сүрөткө түшүрүүнүн орточо масштабы 1: 1 000 000дон 1:10 000 000го чейин. Жерди Космостон сүрөткө тартуу иштери 1946-ж. ракета, 1960-ж. Жердин жасалма жандоочусу, 1961-ж. киши башкаруучу космостук кемеде Ю. А. Гагарин тарабынан ишке ашкан. 1976-ж. «Союз–22» космос кемесинде «Карл Цейс Йена» (ГДР) элдик мекемеси МКФ–6 деген көп зоналуу аппаратты колдонуп, көп түстүү электр жарыгынын жардамы менен Жерди сүрөткө тартып алган. Жердин бир тарабы түрдүү түстө (спектрдин бардык зонасында) сүрөткө тартылып, боёктуу жана ак-кара түскө караганда так маалымат бере алган. Тартылып алынган сүрөттөр, маалыматтар метеорологияда, геологияда, геоморфологияда, чарбанын бардык тармактарында кеңири колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)