Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Космос станциясы

Космос станциясы – космосто космонавттардын иштешин жана эс алуусун камсыз кылуучу орбитадагы космос аппараты. Биринчи Космос станциясы «Салют» (узундугу 14 м) 1971-ж. учурулган. 1973-ж. учурулган «Салют-2» Космос станциясында космонавттар 22 күн иштешкен. Ошол эле жылы АКШнын «Скайлэб» (узундугу 27 м) Космос станциясы учурулган жана үч экипаж иштеп, 1978-ж. орбитадан алынып, ишин токтоткон. Андан кийин орбитага «Салют» жана «Мир» Космос станциясылары учурулган. «Прогресс» космос кемеси «Салют» Космос с-н отун менен камсыз кылып анын иштөө мөөнөтүн узарткан. «Мир» Космос станциясынын жалпы салмагы 100 т болгон. Көп улуттан турган Эл аралык Космос станциясы 1998-ж. чыгарылган. Космос станциясы астрономдор үчүн жаңы шарттарды түзүп, Жердеги жаратылыш байлыктарын, биол. изилдөөдө, салмаксыз абалда ар кандай материалдарды иштетүүдө, кристалл өстүрүүдө ж. б. жүргүзөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)