Космонавтика

Грек тилинен космонавтика сөзүн которгондо кеме башкаруу дегенди билдирет. Бирок космонавтика жалгыз гана космоско учуу эмес. Ал илимдин жана техниканын көп тармактарын камтыйт, аларсыз космоско учууга мүмкүн эмес. Космос кемесин орбитага чыгаруу үчүн кубаттуу ракета кыймылдаткыч менен отун керек. Ал эми ракетага жогорку температурага чыдамдуу жеңил жана бышык материалдар талап кылынат. Окумуштуулар космос кемеси менен жердин ортосундагы ишенимдүү байланыш каражаттары жөнүндө да ойлоштурушкан. Учуу мезгилинде космос кемесине багыт берүүчү приборлор да жасалган. Космос жана космостук учуулар жөнүндөгү илимдин негиз салуучусу К. Э. Циолковский болгон.

1957-жылдын 4-октябры космос доорунун башталышы болуп эсептелет. Бул күнү космос ракетасы жердин тартылуу күчүн жеңип өтүп, жердин биринчи жасалма спутнигин орбитага чыгарган. К. Э. Циолковскийдин ойлорун, кыялын ракеталар жана космос аппараттарынын башкы конструктору С. П. Королёв башында турган окумуштуулар жана инженерлер коллективи ишке ашырган. Алар жердин биринчи жасалма спутнигин, учкучу бар кемелерди да, планета аралык автоматтык станцияларды да учурушкан. 1961-жылы 12-апрелде СССРдин гражданини Юрий Алексеевич Гагарин биринчи жолу космоско учкан. Кийин советтик бир нече космонавттар жерге жакын орбитада болуп кайтышат. Дүйнөдөгү биринчи аял космонавт В. В. Терешкова болгон. Биринчи космос кемеси Восток бир орундуу болгон. Ал эми Восход кемеси менен космонавттардын бүтүндөй экипажы космоско учуп чыгышкан.

Ушундай космос кемесинен А. А. Леонов биринчи жолу ачык космоско чыккан. Союз кемесинин экөө бириктирилип, тажрыйба станциясына айландырылды. Андан соң дүйнөдө биринчи жолу Салют орбиталык станциясы орбитага көтөрүлгөн. Ошол космос лабораториясында алгач Г. Т. Добровольский, В. Н. Волков, В. И. Пацаевдер 23 күн гана иштешкен. Азыр космонавттар космосто узак убакыт болушуп, узакка учуучу орбиталык станциялардын жардамы менен космосту өздөштүрүп жатышат. Автоматтык чалгынчылар ай, күн менен чолпон жана марс планеталары тууралуу адамдарга көп жаңылыктарды айтып берди. Жердин жасалма спутниктери аба ырайын алдын ала айтууга жардам берет, байланыш спутниктердин жардамы менен биз телекөрсөтүүлөрдү жер шарынын бардык жеринен көрө алабыз, дүйнөнүн бардык булуң-бурчтары менен байланышууга болот. Америка Кошмо Штаттары космос мейкиндигин космос кемелери жана Скайлэб орбиталык станциясы менен изилдеп жатат. 1969-жылы 21-июнда америкалык космонавт Нейл Армстронг Аполлон-2 космос кемесинде айга барып конду.

Автоматтык аппараттар алыскы космосту изилдөөдө америкалык окумуштууларга жардам берүүдө. Космонавтиканын жакынкы максаты - жерге жакын орбитада узакка учуучу чоң орбиталык станцияларды жаратуу. Ага окумуштуу изилдөөчүлөрдү космос кемелери алып чыкмакчы. Келечекте космоско учуу азыркы кездеги учак менен учкандай эле жөнөкөй иш болуп калат деген ойдобуз. Окумуштуулар орбиталык станциялардан жана айдан алыскы планеталарга, жылдыздарга узак жана коркунучтуу экспедицияларга адамдардын ордуна автоматтарды (робот) жиберишет.

Башка галактикаларга учуу үчүн өтө кубаттуу кыймылдаткычтар керек. Алардын күчү менен гана космос кемеси дээрлик жарыктын ылдамдыгындай ылдамдык менен уча алат деп ишенебиз.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)