Кош электр катмары

Кош электр катмары – фазалардын тийишкен чегинде (электрод-электролит) карама-каршы иондордун бөлүштүрүлүшүнүн натыйжасында электроддук кудуреттин пайда болушу менен коштолгон катмар. Ал электродду жөнгө салуучу Кулон күчү менен электролиттеги иондордун кыймылынан пайда болот. Анын түзүлүшү бири оң, экинчиси терс заряддалган катмардан турат жана бир капталы катуу, экинчиси суюк конденсатор сыяктуу. Кош электр катмары гельмгольц жана диффузиялык катмарлардан турат. Иондордун заряды, электролиттин концент-сы жогорулаганда жана темпретура төмөндөгөндө, Кош электр катмарынын калыңдыгы азаят. Кош электр кубулуштарды катуу зат менен суюктуктардын, газ менен катуу заттардын тийишүү беттеринде пайда болот. Электролиз, электр - химиялык реакция, металл коррозиясы, ион алмашуу ж. б. түшүндүрүүдө чоң мааниси бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)