Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коррупция деген эмне

Коррупция, феномен сыяктуу адамдарга байыркы замандан бери эле тааныш. Бул эң эски болбосо дагы, жаш эмес социалдык чындыктын көрүнүшү. Тарыхчылардын айтканына таянсак, адамзаты жети кылымдан бери бул жаман көрүнүш менен күрөшүп келет.

"Пара албагыла, антпесе, пара көзү барды сокур кылып, чынчылдардын сөзүн бузат", корруция — бул эзүүлөрдүн бир түрү. Коррупциядан эң биринчи коомдун жакыр катмарлары жабыркашат.

Коррупция деген эмне

Коррупция деген эмне? Коррупциянын аныктамасы энциклопедияга кайрылсак, коррупция - бул "мамлекеттик кызматкерлер (чиновниктер) жана мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү тарабынан ээлеген кызмат ордуларын, кызматтык укутарын жана бийлигин, мыйзамсыз байлык чогултуу, жеке материалдык жана башка жыргалдыктар үчүн колдонуу."

Албетте коррупцияны бир гана мамлекеттик чиновниктер жасайт деп айтуу туура эмес, жөнөкөй адамдардын арасында да коррупционерлер көп. Чынын айтсак абдан көп. Коррупциянын зыяны өкмөткө, экономикага зыян келтирип, жалпы коомдун жашоо деңгээлин төмөндөтөт. Андан тышкары бул элдин бийликке болгон ишенимин азайтат, жеке эле бийлик эмес, адам менен адамдын ортосундагы ишенич жоголот.

Пара алуу коррупциянын жүзү

Пара алуу - коррупциянын чыныгы жүзү десек болот, жана бул абдан коркунучтуу да, жугуштуу да көрүнүш. Мыйзам тарабынан пара алуу же берүү - бул кылмыш. Пара алуу жалаң эле акчалай болбостон, баалуу кагаздар, мөөр басуу, справка алуу, мал-жан берүү, колдоо сөздөрүн айтуу менен коштолот. Кандай гана болбосун барыбир бул өкмөткө зыянын тийгизет. Силер ойлоп жатсаңыз керек, "өкмөт эмне болсо ошо болсун, мага зыяны тийбесе болду" - деп. Өкмөткө зыяны тийген соң, ал сөзсүз Сизге да, мага да зыяны тиет. Кандайча? деп сурабасызбы... Эгер өкмөт бюджетине зыян келтирилип, канча бир сумма акча жетпей калса, айдын аягында жөнөкөй адамдар айлык акысын албай кылышы мүмкүн. Же болбосо, пенсиялар, айлык маяналар, стипендиялар азайышы мүмкүн. Айлык маянаңыздын, пенсияңыздын, стипендияңыздын азайышын каалайсызбы? Албетте, жок! Анда коррупция менен күрөшүүгө чакырып кетели.

Коррупция эмнеден келип чыгат? Башында айтып өткөндөй эле, коррупцияга чиновниктер гана эмес, жөнөкөй адамдар көп барышат. Жана эң көп зыянды ушул жөнөкөй адамдар тарабынан жасалган коррупциялар өлкөнү артка тартат. Кээ бир келесоолор ойлошот, 100сом 50сомдон өкмөт кандай зыян тартмак эле деп. Адамдар көп, анан ошондой күнүмдүк майда коррупциялар болуп турса кандай гана зыян болот эсептеп көрөлүбү? Эгер бир адам, мисалы, МАИ кызматкерине 50сом пара берсе, кыргызстанда миллиондон ашык айдоочу бар, алардын жарымы эле ушундай пара берсе канча сом зыян келет? туура! 50сом х 500000 айдоочу = 25 миллион сом, мейли бул акча бир күндүкү дебей, 1 жуманын акчасы деп коелу. Бир айда 100 миллион сом акча жок болуп кетип жатат. Анан мунун баарын ким жасап жатат? Ооба, биз өзүбүз жасап жатабыз. Мыйзамды жакшы билсек, МАИ кызматкерлери токтотпойт, эреже бузуулар аз болот. Бул акча өкмөткө түшсө, азык-түлүктөр арзандайт, айлык маяналар кичине болсо да жогорулайт. Эми жалаң эле МАИ кызматкерлерин жамандай берүү дагы болбойт, бирок булардын көбүнчөсү билимсиз болгондуктан ушундай жолдорго барууда, андай кызматкерди текшербей жумушка алган жетекчи де дагы күнөө бар. Бирок барын жамандабай эле коёлу, арасында билимдүүлөрү дагы бар, ошого карабастан, ансыз деле аларды видеого тартып, ашмалтайын чыгарып жатышат.

Биздин өлкөдө дагы кайсы тармактарды коррупция бар? Эң майлууларын айтып кетели. Билим берүү тармагы, окуучулар, студенттер, мугалимдер эми өзүңөр билесиз да. Мекемелердеги бухгалтерия бөлүмү - ар бир мекеменин бухгалтерия бөлүмдөрүндө, ар кандай сатып алууларды жүргүзгөндө бул тармакта абдан чоң акчалар, башка багытта иштеп кетет. Саламаттыкты сактоо тармагы, ооо... бул жакты эми айтпай эле койсо болот, шумдук да, шумдук, дарыканалар менен сүйлөшүп алып бизнес жүргүзгөн эле, эмне деген акчалар? Ойлонуп көрдүңөр беле, эмнеге ооруканага кайсы бир дарт менен кайрылганда дароо, антибиотиктерди, жазып берет деп? антибиотиктер ден-соолукка зыян экенин билесизби? Оорулардын көбүнчөсүн антибиотиксиз эле даарыласа болот, абдан күчөгөндө гана антибиотик берилет. Бул дагы коррупциялык схема. Бала төрөлгөндө мед айымдарга баштык жасоо деген ырым бар. Бул эмне деген шумдук? Мед айымдар кызматын жасоо үчүн айлык маяна алат да? Кыскасы достор пара алгандар менен күрөшкүңөр келбесе, жок дегенде өзүңөр пара ала көрбөгүлө! Оруста жакшы сөз бар го "Сам себе яму роет" деген. Мына пара бергенде же алганда дал ушундай болот. Анын үстүнө бул кылмыш да болуп саналат. "Коррупция деген эмне" аттуу макалабызды башка кырынан дагы карап көрөлү.

Моралдык коррупция

Дагы кайда бар коррупция? Кайсы бир мекемеге кирүүдөгү пара берүүлөр, бул эми көбүнчө "моралдык" коррупция болуп калды, мисалы, "мен сенин тууганыңды жумушка алам, кийин сен мага колдоо сөздөрүңдү айтасын" же болбосо "жумушка алам, кийин мага жардам бересиң". Мунун эмнеси коррупция деп таң калып жатсаңыз керек, албетте бул дагы коррупция, баягы жумушка алган жумушчу өз ишин жакшы билбесе, ал кайра эле өкмөткө зыян келтирет. Туура эмес операция жасап бирөөнү өлтүрүп коюшу мүмкүн, же милиционер болсо, бирөөнү коркутуп, үркүтүп, сабашы да мүмкүн, анан милицияга ишенич албетте азаят, өрт кызматкери болуп калса, убагында жумушун жасай албай, бирөөнүн үйүн күйгүзүп жибериши мүмкүн. Үйүңүздүн күйүп кетишин каалайсызбы? Жок! Анда коррупцияны колдобогула, акчалай дагы, моралдык дагы пара албагыла. Эми моралдык коррупциядан мисал катары 3 эле кызматты келтирдик. Башка дагы толгон токой кызматтар бар да. Ошол эле токой кызматы, электр энергия ж.б.

Майда коррупциялар чоң зыянга алып келет

Майда коррупциялар жөнүндө айталы. Макалабыздын каймагы десек болот. Жеке максаттарга жетүү үчүн, бирөөгө шоколад алып берүү, тамеки сатып берүү, мал-жанымдын дени сак деген справка алуу, колуна 100сом карматуу дегендей. Мындай паралоолор күн сайын болуп турат, мындайча айтканда "күнүң кур эмес". А Кыргызстанда 6 миллион калк бар ошонун жарымы эле ушиптип күн сайын пара берсе канча зыян болот? Аны эми өзүңөр эсептеп алгыла. Ал кандай шоколад алып берүүлөр деген суроолор болсо, мисал кылып жазып коёлу: Айнакан эже, кредит алмак элем, справка керек болуп жатат 12 айга, жазып бериңизчи менден сизге "бир шоколад" сөзсүз болот. Бул жактан ким зыян тартат? Эгер кредитинин акчасын төлөй албай калса, Айнакан эже зыян тартат, кредиттик уюм зыян тартат, ошол адам зыян тартат, анан тиешеңиз жок сиз дагы зыян тартасыз, тигил адам зыян тартса, анын үй-бүлөөсү дагы зыян тартат, балдары дагы мектепке барбай калат дегендей. Кредитти төлөгөн күнү дагы өкмөт зыян тартат, кокуй эмнеге? - дегендер чыгаар. Анткени Айнакан эже 12 айга справка берип койду, айына момунча акча алат - деп. Албетте ал адам айына ал акчаны албайт, а бирок салык кызматына ай сайын төлөнүүчү акчаны ким төлөйт? Эч ким төлөбөйт, бюджет акчасы азаят, демек кайра эле пенсия азаят, зарплата азаят, азык-түлүк кымбаттайт. Ишигыса достор коррупция деген ушундай баарын ала жаткан, "ажыдаар" болот. Жашоо начар деп нерв болугуңар келбейби? Анда коррупция менен күрөшкүлө!

Мен эмнеге жөнөкөй адамдардын арасындагы коррупция жөнүндө жазып жатам? Анткени, өкмөттө иштеген чиновниктерди ансыз деле, аңдып турушат, качан жаңылып калаар экен деп. Ошого байланыштуу, коррупциядан эл таза болсо, "сен таза болсоң, мен таза болсом, чиновник дагы коркот" деп айтмакчымын.

Коррупция жасап жаткан адамда көрүп калсаңар кайсы жакка кайрылуу керек?
Милиция, прокуратура, салык инспекциясы (жеке ишкерлер өтө коркушат салыктан), ишеним телефондор, экономикалык кылмыштарга каршы уюм.

Жаш жумушчулар ишке кирип, жетекчилери, бухгалтерия тарабынан мыйзамсыз иштер жасалып жатканда кайда кайрылуу керек? Кээде акчасын бербей коёт, берсе да кемитип берип дегендей. Мындай учурда "прокуратура", "эмгек инспекциясы", "салык кызматы", "сотко" кайрылуу керек. Бирок, эң алгач, жетекчинин өзүнө кайрылып айтуу зарыл, эгер болбосо анда айтылган инстанцияларга кайрылсаңыз болот. Бухгалтерлер "салык инспекциясынан" абдан коркушат, жетекчилерди "эмгек инспециясы" менен коркутса жакшы :) Бирок баарына бирдей арызданса, натыйжа жакшыраак болот. Соттор өзүлөрү коррупцияга малынган деп көпчүлүк адамдар айтса керек, бирок соттор менен "сен жеп атасың, сен ичип атасың, сен адилетсиз иш кылдың" - деп күрөшүүгө "жөнөкөй" адамдын күчү жетпейт, аларды жазалоочу башка адамдар бар, ошондуктан ага баш катырбай, өзүбүз оңололу.

Коррупция менен күрөшүү зарыл нерсе. Бул жөнүндө Кыргыз өкмөтү дагы какшап жатат, муну сиз менен биз дагы жакшы түшүнүп турабыз.

Коррупцияга малынбаш үчүн эмне кылуу керек?

Коррупцияга каршы курошуу. Дүйнөнү өзгөрткүң келсе, өзүңдөн башта - деген жакшы кеп бар, андыктан, өзүбүз принципиалдуу, чынчыл, адилеттүү, аракетчил болсок эң жакшы. Корупция эмнеден пайда болот? Бир адамдын бир нерсеге колу келбей, колунан келген башка адамга кайрылат, мына ошондо коррупция башталат. "Адамдын колунан бардыгы келет" деген кеп бул жерде мыкты үлгү. Эгер бир нерсе колуңардан келбесе, жалкоолонбогула, оңой-олтоң жолун издебегиле. Иликтегиле, пайдалуу маалыматтарды окугула, билимиңерди өркүндөткүлө, ошондо маселе өзү эле чечилет. Таптакыр колуңардан келбесе, болгонун болгондой кабыл алгыла, бирок коррупцияга азгырылбагыла. Өзүңөргө адилет мамиле кылбасаңыз, эч ким сизге адилет мамиле кылбайт. Иии... анан айта кетчү нерсе, мекеме болобу, дүкөн болобу, акча төлөп товар же кызмат көрсөтүү алган соң сөзсүз дүмүрчөк (квитанция, чек) талап кылып жүрүңүз. Мындай иш менен кичине болсо дагы өзүңүздүн жашооңузга кошкон салымыңыз болот.

Коррупция жонундо дилбаян жазгандай болдук окшойт. Коррупцияга малынган адамдар алыстан эле көрүнөт. Булар дайыма ишти оңоюна качырып, көп жумушту акча менен бүтүргүсү келет. Албетте, эгер акча менен бүтө турган иш болсо, мыйзамдуу түрдө акча менен бүтүргүлө, мисалы, штраф төлөө, операцияга акча табуу дегендей, акча тапканда дагы ак эмгек менен гана тапканга аракет кылыңыз, иштеңиз, өзүңүзгө ишенсеңиз карызга же кредитке алыңыз, кайрымдуулук акцияларын өткөрүңүз. Башкысы билим, психологиялык жана моралдык жактан такшалган адам болуңуз. Адамга эң жетишпеген нерсе эмне билесизби? Ооба, бул "адилеттүүлүк" (справедливость), сиз адилеттүү болсоңуз, башкалардын сизге жасаган мамилеси дагы адилеттүү болот, бирок мен адилеттүү болдум деп, башкалардан адилеттүүлүктү күтүү болбойт, адамдар ар кандай болот. Эгер сизди жумушуңузду бүтүрүп берем деп алдап кетсе, акелеп-жакелеп, жумушту аягына чыгарып коюңуз деп пара берүүнүн зарылдыгы жок, бардыгын мыйзамдуу түрдө жасаңыз.

Айта берсе сөз көп, башкысы коррупция иштерин жасап жатканда, пара алып же пара берип жатканда өз жакындарыңыз үчүн зыян жасап жатканыңызды эсиңерден чыгарбагыла. Коррупциянын зыяны дароо тийбейт, ал жылдар өткөндөн кийин, жакыр жашап калганда билинет. Ушуну менен "Коррупция деген эмне" аттуу макалабызды аяктайбыз. Коррупция жонундо тушунук кимде кандай, ой-пикирлерди болсо жазып койгула.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2018-04-18, Көрүүлөр: 56718, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-15
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо