Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Корком стиль деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Корком стиль деген эмне

"Корком стиль деген эмне", деги эле көркөм стиль түшүгү кандай, аларга жооп жазууга аракет кылалы достор.

Көркөм стилге окуя, көрүнүштөрдү, каармандардын иш аракеттерин образдуу, реалдуу, элестүү, көркөм, таасирдүү баяндоо максатында кыргыз тилиндеги бардык лексикалык (активдүү, пассивдүү сөз катмарлары, түз, өтмө, көп маанилүү, эмоционалдуу сөздөр ж. б.), фразеологиялык (макал-ылакап, идиома, сөз айкаштары ж. б.), морфологиялык (зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч, тактооч, сырдык сөздөр, кызматчы сөздөр ж. б.) синтаксистик (сүйлөм, анын түрлөрү, баш жана айкындооч мүчөлөр, каратма, киринди, сырдык сөздөр ж. б.) тил каражаттары кеңири колдонулат жана муну көркөм стиль деп айтабыз.

Корком стиль мисалы:
а)
Өзүм өкмөтмүн. Атым жүрбөйт. Мына, бул атты минемин дедим. (Эл казнасы). Биз ушинтип эле малай жүрүп өтмөк белек. Эми мужук байлары болсо, минтип көзүнө көрүнгөн жердин баарын алып отуруп, токум ордундай жер калбады, бизге!.. (Узак жол). Падышалык бийлик биротоло бекемдеп калган кез. Адегенде момунсуп, жалпы журт камын көргөнсүгөн чиновниктер жыл өткөн сайын тымызын бийлигин катуулатты. (Т. Сыдыкбеков). Силерге кимдир бироо "корком стиль деген эмне" деп сураса ушундай мисалдарды келтирсениз болот.

б)
Күрөөкө соот дат болду,
Кермеде толгон ат болду.
Көй күлүктү көргөндө,
Күлүктөн Жакып жат болду.
Кара жаак Айбалта,
Муну кайкалатпай ким аштайт?

"Корком стиль деген эмне" аттуу макалабыз ушундай болду, мугалимдерге сураныч, көркөм стиль боюнча кошумча маалымат болсо пикириңерди жазып коюууну суранабыз.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2017-11-04, Көрүүлөр: 125883, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-09-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу