Коринфтик капитель

Коринфтик капитель – коринф ордеринин (же анын модификацияларынын) колоннасынын капители ийилген капталдары менен кыйгач бурчтары бар жука профилденген абакадан (жогору жагынан) жана эхин менен моюнчаны алмаштырган коңгуроодон (калафтан) турат. Антик доорунда коңгуроонун эки түрү пайда болгон жана пайдаланылган, ошол антик доорунда эле кеңири тараган жана кийинки доорлордун классикалык куруучулугу (зодчийлиги) кабыл алган оролушкан сабактуу коңгуроо (биздин заманга чейин 430-ж. жакын Басрадагы Аполлон Эпикурийдин храмындагы коңгуроо) эң алгачкы мисал боло алат жана аларсыз (биздин заманга чейин 1 к. ортосундагы афиналык шамалдар Мунарасы) традициялуу түрдө себеттин сүрөтүнө окшош деп түшүндүрүлгөн бийик, жогору көздөй кеңейип кеткен формадагы тоголок коңгуроо туш тарабынан өсүмдүк жасалгасы менен биринчи кезекте аканф, кээде пальманын жана башкалардын жалбырактары менен жабылган, көбүнчө горизонталдык түрдө жайгашкан үч катардан турат. Алдыңкы катардын жалбырактары менен экинчи катардын жалбырактарынын арасынан сабактар көтөрүлүп, абакага чейин жетишет жана ар бир жагынан төрт кооз оролушту түзүшөт, эки оролуш капителдин жогорку бурчунда болуп, анын профилине мүнөздүү өзгөчөлүктү беришет, ал эми калган экөө жогорку чектин ортосунда кесилишет да, ийилген капталдары менен кыйгач бурчтары бар плита түрүндөгү, эреже катары, абаканын фонунда жайгашкан гүлдү кармап турушат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)