Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Коргон полиметалл кени

Коргон полиметалл кени Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Талас шаарынан 45 км түштүк тарапта, Талас Ала-Тоосунун түштүк капталында, Узунакмат суусунун башында, деңиз деңгээлинен 2400–2700 м бийиктикте. Кен жергиликтүү элге эзелтен белгилүү, анткени мында руданы казып алган байыркы казмалардын орду кезигет. Кендин геол. маалыматтары алгач ирет 1936-ж. табылып, 1954–55-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кендин айланасында, андан 3–5 км аралыкта, геол. түзүлүшү боюнча бирдей шарттагы Чаткарагай, Кеншанык, Кеңтөр, Коргоншанык сыяктуу кендер жайгашкан. Кендин аймагын кембрийге чейинки мезгилдин, төмөнкү палезойдун чөкмө жанар тоотектери жана аларды жиреп чыккан кычкыл, жегичтүү жана негиздүү курамдагы интрузиялар түзөт. Чөкмө-жанартоо тек катмарлары бүктөлүүгө дуушарланып, түндүк-батышка багытталган купол сымал антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Кенде 28 руда тулкулары табылган. Алар антиклиналдын ийилген жеринде топтолуп, узундугу 1360 м ири руда зонасын түзөт. Айрым руда тулкулары бири биринен 10дон 100 мге чейинки аралыкка бөлүнөт. Алардын калыңдыгы 5–75 м, узундугу 6–200 м. Руда курамы боюнча сфалериттүү пирротин, галениттүү пирротин-сфалерит, пирротиндүү галенит–сфалерит, пирротин–арсенопирит жана карбонат-полиметаллдан түзүлгөн болуп, 5 топко бөлүнөт. Рудада коргошун, цинк, калай, мышьяк, сурьма, висмут, индий, галлий жана сейрек учуроочу элементтер бар. Кен гидротерм жолу менен пайда болгон. Кен 1951–54-ж. "Свинецразведка" трестинин Коргон рудниги тарабынан жер астынан казылып, коргошун алынган. Кийин кирешелүү болбогондуктан казып алуу токтотулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)