Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Көпөлөк

Баш барак | Жаныбарлар | Көпөлөк

Көпөлөк, же кабырчык канаттуулар (латынча Lepidoptera, байыркы грекче λεπίς — кабырчык жана πτερόν — канат) — толук айлануучу же кубулуучу курт-кумурскалар отряды. Бул өкүлдөрдүн мүнөздүү өзгөчөлүгү — алдыңкы жана арткы канаттарында коюуу хитин кабырчыктуу каптамынын болуусу. Ошону менен бирге, кабырчыктар тарамышчаларында жана алардын ортосундагы канат пластиналарында жайгашкан.

Көпөлөк
Көпөлөктөр
Илимий классификациясы
Домен: Эукариоттор
Падышалык: Жаныбарлар
Түр: Муунак буттуулар
Класс: Курт-кумурскалар
Отряд: Кабырчык канатуулар
Эл аралык илимий аталышы
Lepidoptera (Карл Линней, 1758)
ITIS: 117232
NCBI: 7088
EOL: 747
FW: 71428

Көпөлөк деген эмне? келгиле таанышалы! Муруттары ар кандай узундукта жана формада. Көпчүлүк түрлөрүнө тумшугу бар атайын соруучу ооз аппараты мүнөздүү. Канаттарынын формасы жана серпүү аралыгы ар кандай: 2 миллиметрден 28 сантиметрге чейин. Жыт сезүү жана көрүү органдары жакшы өөрчүгөн. Майда, ачык боёлбогон көпөлөктөрдү белгилөөдө «күбө» же «шайтан көпөлөк» сөздөрү колдонулат.

Толук айланып кубулуусунун өнүгүү баскычтары: жумуртка, личинка (көпөлөк курту), куурчакча жана имаго. Личинкасы курт сымал, начар өнүккөн курсак буттары, башы кубаттуу склероздолгон каптамдары менен, кемирүүчү ооз аппараты жана кош жибек бөлүүчү бездер менен, мындан чыккан зат аба менен кошулганда жибекти калыптандырат.

Жалпы маалымат

Көпөлөк жонундо маалыматты улай, башка курт-кумурскалар сыяктуу эле, көпөлөктүн денеси үч негизги бөлүктөн турат: башы, төшү жана курсагы. Сыртынан денесинин тышкы скелеттин калыптандыруучу хитин каптамы менен капталган.

Калдыктары юр доорунан тарта белгилүү болгон кабырчык канаттуулар бүгүнкү күндө түрлөргө эң бай келген курт-кумурскалар түркүмү — отрядда 158 570 түрлөр саналат (2013), анын ичинде 147 казылып алынуучу таксондор. Көпчүлүгү начар изилденген. Түрлөрүнүн жалпы саны, илимге тааныш эместерин кошо эске алганда 200—255 миң болушу мүмкүн деп божомолдонот. Отряд өкүлдөрү Антарктидадан тышкары бардык континенттерде жайылган. Түштүк Америкалык тизания агриппина (латынча Thysania agrippina) канаттарынын серпүү көлөмү боюнча эң чоң көпөлөк деп саналат жана адабий маалыматтарга ылайык канаттарынын серпүү узундугу 28 см жетет. Австралия жана Жаңы Гвинеяда жашаган сатурния (Coscinocera hercules) көпөлөгүнүн ургачысы эң чоң канат аянтына ээ болуп ал 263 см² түзөт.

Эң кичинекей белгилүү көпөлөк Европалык Nepticulidae: Johanssoniella acetosae түркүмүнүн өкүлү болгон айтылуу кичинекей күбөлөр. Булардын алдыңкы канаттарынын узундугу 1,1ден 1,9 ммге, канат серпүүсү 2,6дан 4,1 ммге чейин. Ушул сыяктуу эле майда көпөлөктөр: Мексикалык Stigmella maya (алдыңкы канатунун узундугу 1,3төн 1,5 мм чейин, канатынын серпүү аралыгы 2,8—3,2 мм), Канар аралдарында жашаган Stigmella (Trifurcula) ridiculosa (канатынын серпүү аралыгы 3,8—4,5 мм), ошондой эле түндүк Европада жайылган Stigmella filipendulae (канатынын серпүү аралыгы 3,25—5 мм).

Кабырчык канаттууларды изилдеген энтомология бөлүмү — лепидоптерология аталат.

Гүлгө конгон кызыл-тазыл кооз көпөлөктү шапке же башка бир нерсе менен баса калууга кимдер гана аракет кылбаган. Эгерде көпөлөктү кармап алсаңар анын канатынан кармалап, муруттарын, түрмөктөлүп буралган тумшугунан тарткылап көрөсүңөр. Бир аз эрмектеп, жадаганда ыргытасынар — анын эмне кереги бар? Мындайда көпөлөк учалбай, алсыз калдаңдап жерге түшүп, ары-бери тырпырайт. Анын баркыттай майда түктүү канаттары уйпаланып, сүрөтү өчкөн канатынын айнек таштай тунук сүлдөрү гана көрүнөт. Көпөлөк өлүмгө дуушар болот. Көпөлөктөргө тийбестен, кармабастан байкоо жүргүзүү өтө кызык. Анткени, ал таптакыр башка түргө өтүп кубулат.

Айлануу же кубулушу

Таракандын же чегирткенин жумурткасынан дароо эле кичинекей таракан же чегиртке чыгат. Ал эми көпөлөктүн жумурткасынан ага такыр окшобогон түктүү курт чыгат. Мына ушундай курттун көздүн жоосун алган кооз көпөлөк болоруна ишенүү кыйын.

Көпөлөктү өзүңөр деле чыгара аласыңар. Дарактын жалбырактарынан түктүү курттарды чогулткула, ошол жалбырактардан көбүрөөк ала кетүүнү унутпагыла. Анткени түктүү курт чың тийбес келет, башка дарактын жалбырагын жебей өлүп калат. Түктүү курттарды банкага же кутучага жайгаштырууга болот. Бирок, аларга да аба керектигин эстен чыгарбоо зарыл. Банканын оозун даки менен байлагыла же кутунун капкагына майда тешиктерди жасагыла. Жалбырактарды улам алмаштырып жаңылап туруу жакшы.

Маал-маалы менен банканы же кутуну тазалап турууга да туура келет. Анткени, түктүү курттар өсүп-чоңоюшу зарыл, кээде алар өздөрүнүн салмагынан да ашык тамак жешет. Түктүү курттардын жалкоо тартып, ыкшоолонуп калганын байкасаңар, ооруп калганбы деп ойлобогула. Бул — алгачкы кереметтүү кубулууга даярдана баштаганы. Анын кандайча кубуларын көрүү өтө кыйын.

Бир күнү эртең менен эле түктүү курттардын хитин кабыгына оролгон кыймылсыз куурчакчаларга айланып калганын көрөсүңөр. Буттарынын бүгүлгөнү, муруттарынын денесине жабышканы байкалган көпчүлүк куурчакчалар көпөлөктүн мумиясы сыяктанып көрүнөт. Куурчакчалар түктүү куртка да, көпөлөккө да окшобойт — дөмпөйүп сүйрүйгөн бир нерсе. Куурчакчалар эч нерсе жебейт, кыймылдабайт. Бирок, алардын баары экинчи жолу кубулууга: көпөлөк болуп учууга даярданат. Жолуңар болуп муну өз көзүңөр менен көрүп калышыңар да мүмкүн. Адегенде куурчакча кыймылдай баштайт. Анан кабыгы жарылып, жону, башы, буттары көрүнөт. Куурчакчанын тунук кабы (кеби) ордунда калат.

Мурутчалардын кабыгы да ташталат. Көпөлөк сыртка суурулуп чыгат. Анын кооз канаттары кана? Алардын ордуна нымдуу кичинекей үзүкчөлөр гана көрүнөт. Шашпай коё тургула! Сыртка чыккандан кийин бул үзүкчөлөр тез эле жазылып, жалтылдаган, түркүн түстүү боёкко боёлуп чыга келет.

Жашоосу жана мааниси

Жашоосу бир нече сааттан (айрым күбөлөр) бир нече жумага созулат (кыштап чыккан көпөлөктөр гана бир нече ай жашайт). Көпөлөктөрдүн көбү түнкүсүн, күүгүмдө, кээ бири күндүз учуп, өсүмдүк гүлдөрүндөгү же мөмөлөрүндөгү канттуу шире менен азыктанышса, кээ бири личинка кезинде жыйналган май ткандардын эсебинен жашап, азыктанат.

Жер шарында көпөлөктөрдүн 140 миңдей, түрү белгилүү. Көпөлөктөрдүн ичинде пайдалуусу да, зыяндуусу да бар. Көпчүлүк көпөлөктөр айыл чарба өсүмдүктөрү менен дарактарга зыян келтирет. Зыяндуу түрлөрүнүн көбү үкүчөлөр, бүлбүлдөктөр, жалбырак түргүчтөр, сөөмчүлөр, пиллачылар, жыгач ойгучтар жана башка тукумуна кирет. Пайдалуу түрлөрүнө пиллаларынан кымбат баалуу жибек кездеме токулуучу тыт жана эмен жибек көпөлөктөрү кирет. Көпөлөктөр гүлдөргө конуп, ширесин соруп, өсүмдүктөрдү чаңдаштырат. Малактары кокцид, өсүмдүк биттерин жок кылуучу көпөлөктөр да бар.

Көпөлөктөрдүн баары эле ачык түстө эмес. Мисалы, канаттарын жыйнап дарактын кабыгына жабышып олтурган тасма канат үкү көпөлөгүн эч ким көрбөйт. Кудум эле сыйкырдуу шапке кийип алган сыяктанат. Анын канаттары бозомук, сүрөттөрү ачык болгондуктан, өзү конгон бутактын кабыгына өңдөш. Капыстан бир ышкыбоз чымчык ага жакын келип конгондо, көпөлөк үстүңкү канаттарын көтөрө коюп, анын ачык түстүү астыңкы канаттары боз кабыкта жарк этип, чымчык чочуп учуп кетет. Өтө ачык түстүү канаттары көп учурда: мени жегенге болбойт деп эскерткенсийт. Чынында эле мындай көпөлөктөр желбейт.

Кээде чымчыктар жечү көпөлөктүн түсү да даамсыз, желбөөчү көпөлөктүкүндөй болушу мүмкүн. Чымчыктар өздөрүнө тааныш эскертүүчү түс — белгини көрүшүп, көпөлөккө тийбей өтүшөт. Шалбааларда ар түрдүү кооз көпөлөктөр көп.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 23269, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-15, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу