Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коперник Николай

Коперник жонундо маалымат. Жаңы доордун 2-кылымында байыркы грек окумуштуусу Клавдий Птолемей жер - ааламдын борбору, ал эми күн, ай жана башка планеталар менен жылдыздар жерди айланып жүрүшөт деген илимди жараткан. Адамдар көп кылымдар бою Птолемейдин пикирин туура деп эсептешкен. Птолемейдин илими, чиркөө кызматкерлерине жаккан. Алар мындан жерди кудай жараткан деген легенданын ырасталып жаткандыгын көрүшкөн. Птолемей жаңылып жатат деген адамдарды көпчүлүгүн өрттөп жиберишкен. Польшалык улуу окумуштуу "Николай Коперник" Птолемейдин илиминин туура эмес экендигин далилдеген. Коперник Польшадагы Торунь шаарында төрөлгөн. Бала кезинен эле билим алууга умтулуп, адегенде өз мекенинде, кийин Италиянын университеттеринде билим алуусун уланткан.

Ал философияны, математиканы, медицинаны жана астрономияны окуп үйрөнгөн. Окууну бүткөн соң "Николай Коперник" Польшага кайтып келип, математик жана врач болуп иштеген. Эл аны көптү билген адам катары сыйлашкан. Карапайым адамдар аны жакшы көрүшкөн, анткени ал алардын таламын талашкан, сыркоолорду акысыз дарылап, кыйынчылык учурда алардан жардамын аяган эмес. Коперник илимдердин ичинен астрономияга өзгөчө кызыккан. Асман ачык болгондо, ар бир түндү бошко кетирбей жылдыздардын кыймылына байкоо жүргүзөт. Коперник жылдыздарды үйрөнүп билген сайын, Птолемейдин жаңылгандыгына көбүрөөк ынана баштаган. Коперник төгүндөлгүс далилдерди таап, шек туудурбай турган математикалык эсептөөлөрдү жүргүзгөн. Ал биздин планета бир сутканын ичинде чимирик сыяктуу өз огунда айланып чыгарын, ошону менен катар жер планетасы күндү бир жылда толук айланып чыгарын далилдеген.

Башка планеталар да жер сыяктуу күндүн айланасында айланып жүрөрүн ачты. Ошентип "Николай Коперник" ааламдын борбору жер эмес күн деп эсептейт. Коперниктин илимине ылайык жер болгону катардагы планета болуп чыккан. Бул дүйнөнүн түзүлүшүн таанып-билүүдө адамзаттын алдыга шилтеген зор кадамы болгон. Николай Коперник жер ааламдын борбору деген Птолемейдин илимин жокко чыгарды. Бирок ошол кезде анча өнүгө элек астрономиялык аспаптар Коперникке дүйнөнүн түзүлүш теориясын андан ары өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген эмес.

Ал мурункудай эле ааламдын чеги бар, ал кыймылсыз жылдыздар сферасы менен чектелет деп эсептеген. Коперниктин байкоолорунун турмуштук мааниси да зор. "Николай Коперник" тарабынан түзүлгөн асман телолорунун кыймылынын таблицаларынан бир кыйла так. Бул ошол мезгилдеги деңизде сүзүүчүлөргө ачык деңизде жылдыздарга карап багыт алууга көмөк берген. Окумуштуу ааламдын түзүлүшү жөнүндө китеп жазган, бирок инквизициянын сотунан чочулап, аны өзү 70 жашка толгондо гана жарыялаган. Китептин алгачкы нускалары окумуштуу дүйнөдөн кайтарына саналуу күндөр калганда жарык көргөн. Ааламдын чыныгы түзүлүшүн адамдарга түшүндүргөн бул китеп жер жүзүнө бат эле тараган. Мынакей достор эми силер Николай Коперник ким болгон деген суроого жооп билесиз. Макаланы кыргызча дайындаган Сарыбагышева А.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-04-24, Көрүүлөр: 4276, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-24
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо