Кооперация (латынча cooperᾱtio – кызматташтык) – 1) бир же бир нече тыгыз байланышкан жана өз ара макулдашылган эмгек процесстерине бирге катышуучу ар түрдүү сандагы адамдардын кызматташтыгы. Кызматташтыктын мындай формасы экономикада эмгек кооперациясы деп аталат. Бир жактуу жумуш (жер иштетүү, түшүм жыйноо, курулуш) аткаруучу жөнөкөй Кооперация жана эмгекти бөлүштүрүүгө негизделген татаал Кооперация деп бөлүнөт, 2) ишмердиктин түрдүү жактарында белгилүү бир жетишкендиктерге ээ болуу үчүн жумушчулардын, кызматкерлердин, майда өндүрүшчүлөрдүн, дыйкандардын, менчик ээлеринин өз ара жардамдашуусунун уюштурулган ыктыярдуу бирикмеси. Өнөр-жай жана айыл чарба кооперациялары, керектөө жана кредиттик өнөктөштүк, турак жай, курулуш кооперациялары ж. б. бар.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер