Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Контрасттуу заттар

Контрасттуу заттар (рентген контрасттуу заттар) организмге киргенде рентген нурларын ткандарга караганда көбүрөөк же азыраак сиңирип, изилденүүчү органдын рентген сүрөтүн даана көрсөтүүчү түрдүү химиялык заттар. Бул заттарды көңдөй органдарга жиберип, алардын көлөмү, формасы, патологиялык өзгөрүүлөрү изилденет. Рентген нурларын ткандардан азыраак сиңирүүчү «жеңил» К. з. катары газ абалындагы заттар (аба, кычкылтек, азоттун чала кычкылы, көмүртек кош кычкылы) пайдаланылат. Алар пневмомиелография, пневмоартрография, пневмоэнцелография, пневмопиелография жана башка изилдөөлөрдө керектелет. Рентген нурларын көбүрөөк сиңирүүчү «оор» К. з-га йод бирикмелери жана барий сульфаты кирет. Йоддуу орг. бирикмелер — бронхография, ангиокардиография, урография, холецистография жана башкаларда, барий сульфаты ичеги-карынды рентгенологиялык изилдөөдө кеңири колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)