Конструкциялык материалдар

Конструкциялык материалдар – констрлардын (машиналардын, курулуштун ж. б. техникалык объектилердин) күч келүүчү тетиктери даярдала турган материалдар. Ал материалдын сапатынын критерийине сырткы күчкө каршылык көрсөтүүсү – бекемдиги, илээшкектиги, чыдамдуулугу, катуулугу ж. б. кирет. Конструкциялык материалдар жалпы түрүнө жараша металл, металл эмес жана композициялык, техникалык иштелишине карата деформациялануучу, куюлма, желимделме, ширетилме, иштетилүү шартына карата төмөнкү температурада иштетилүүчү, ысыкка туруктуу, дат басууга, жешилүүгө, майга чыдамдуу ж. б. материалдарга бөлүнөт. Конструкциялык материалдардын көбү болоттон жасалат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)