Консорциум

Консорциум (лат. consortium – тең катышуу, бирлештик) – өзалдынча ишкер түзүмдөрдүн тапшырыктарды биргелешип жайгаштыруу, өндүрүштүк, ири өлчөмдөгү кредиттик-каржылык жана маркетинг аткарымдарын жүргүзүү, өнөржай курулушунда ири масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруу, бүткүл ишкердикти координациялоо, пайдалуу тапшырыктарды алуу жана аларды биргелешип аткаруу үчүн түзүлгөн убактылуу бирикме (макулдашуу). Консорционалдык макулдашуу менен ишке ашырылат. Жалпы ишти координациялоо адатта ири түзүмдүү К-нын лидерине жүктөлөт. Лидер К. катышуучуларынын баарысынын кызыкчылыгын коргойт, өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенет жана ал үчүн биргелешкен ишмердиктин натыйжаларына жараша акы алат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)