Конкин Григорий Ефимович

Конкин Григорий Ефимович (1911, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы — 1941, Москва облусу, Дубосеково разъезди) Советтер Союзунун Баатыры (1942.21.07, өлгөндөн кийин).
1941-ж. Советтик Армияда 316-аткычтар дивизиясынын аткычы (Батыш фронту, 16-армия).
1941-ж. 16-ноябрда Дубосеково разъездинде 28 панфиловчулардын тобу менен душмандын танкалары жана жөө аскерлеринин көптөгөн чабуулуна каршы эрдик көрсөтүп курман болгон.
Бишкек шаарында «Жаш Гвардия» проспектисиндеги Баатырлардын аллеясында бюсту орнотулган. Немидов айылдык клубунда Баатырга арналган музей ачылган. Ал коюлган жерде мемориал орнотулган. Конкиндин аты менен Жети-Өгүз районундагы айыл, мектеп, Каракол шаарында көчө аталган, Туулган жери Кызыл-Суу айылында бетондон бюсту орнотулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)