Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Конфликт деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Конфликт деген эмне

"Конфликт деген эмне", анын кандай түрлөрү болот, конфликт эмнеден чыгат, конфликттердеги ортомчулардын ролу кандай? Мына ушул сыяктуу суроолорго кезектеги макалабыз менен жооп берүүгө аракет кылалы.

Конфликттин мүнөзү. Конфликт - деп кайсы бир маселе боюнча айрым адамдардын, топтордун, өлкөлөрдүн ортосунда пикир келишпестиктен, чыр-чатак талаш тартыш, мушташ согуш пайда болгон кырдаалды түшүнөбүз. Конфликт - бул карама-каршылыктардын курчуп кетиши жана аларды чечүү процессине катышкан эки же андан көп катышуучулардын кагылышуусу (латын сөзүнөн).

Конфликттердин түрлөрү жана келип чыгышы.

  • Инсандын ички конфликти: Мында адамдын жекече керектөөлөрү жана баалуулуктары коомдук талаптарга туура келбей калганда пайда болушу мүмкүн. Мисалы: Адам аябай машина сатып алууну каалап, бирок ага акчасы жок болсо ички конфликт пайда болот же адам эл алдында ырдагысы келип бирок ага шарт жок болсо.
  • Инсандардын ортосундагы конфликттер: Бул эки инсандын ортосундагы кагылышуу түрүндө болот.
  • Инсан менен топтун ортосундагы конфликт: Мында конфликт инсан топтун позициясына туура келбеген позицияны ээлегенде пайда болот.
  • [ushka=seredina]

  • Топтордун ортосундагы конфликт: Буга мисал катары профсоюз менен ишкана администрациясынын ортосундагы конфликтти айтса болот.
  • Мамлекеттер аралык конфликттер: Ар бир кичинекей конфликт, кээде глобалдуу масштабдагы мамлекеттер аралык конфликттерге айланышы мүмкүн.
  • Ортомчу жана анын милдети. "конфликт деген эмне" аттуу суроодо ортомчулардын мааниси зор. Конфликтти жөнгө салуу үчүн кээде ортомчунун кийлигишүүсү талап кылынат. Бирок конфликтти кайра чыкпагыдай кылып тынч жол менен чечүү үчүн, эки тарап тең кандай гана чечим кабыл алынбасын, адамдардын укуктары менен беделин сактап калууга тийиш. Конлфликттеги ортомчу бул чатакташкан тараптардын бардыгы тең ишенген, алардын эч бирине жан тартпай калыстык кылуучу киши.

    Арачы же ортомчу адегенде араздашкандардын дооматтарын, аргументтерин (жүйөлөрүн, ойлорун) угуп, алар эмнени көздөп жатканын, кайсы маселелер боюнча макул же макул эместигин аныктоого тийиш. Ортомчунун милдети каршылаштардын кимиси күнөлүү, кимиси ак экендигин айтуу эмес. Ортомчу эки тараптын ар бирине өзүнчө жана чогуу жолугуп конфликтти чечүүгө аракеттенет.

    Эми сизден кимдир бирөө "конфликт деген эмне" деп сураган учурда, жообунуз даяр болооруна шегибиз жок. Көңүл бурганыңызга рахмат. Көрүшкөнчө.

    Жайгаштыруу: 2017-11-04, Көрүүлөр: 30832, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-17
    Талкулоо Оңдоо/Толуктоо