Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Коненков Сергей Тимофеевич

Коненков, Сергей Тимофеевич (1874, азыркы Смоленск облусу – 1971, Москва) – советтик скульптор. СССР сүрөт академиясынын (СА) анык мүчөсү (1954), СССР эл сүрөтчүсү. Москвадагы живопись, ийчилик (ваяние), зодчийлик окуу жайында (1899–1902) окуган. "Искусство дүйнөсүнүн" экспоненти жана Орус сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Алгачкы чыгармаларында ("Таш талкалоочу", коло, 1898, Третьяков гал., "Самсон", гипс, 1902, сакталбай калган) К. өз элинин оор турмушун, эркиндик үчүн күрөшүн туюнтууга аракет кылган. Москвада 1905-жылкы революцияга катышып, күрөшчүлөрдүн жалпыланган символикалуу портреттерин ("1905-жылдагы жумушчу-күрөшүүчү Иван Чуркин", мрамор, 1906, СССР Революция музейи, Москва, "Атеист", кумташ, 1906, Ф. В. Сычков атындагы Мордва сүрөт гал., Саранск) жараткан. 1900-жылдардын ортосунан К. түзгөн фольклордук-жомоктук образдарды ("Еруслан Лазаревич", 1913, Серпухов тарыхый-сүрөт музейи), антик жана кайра жаралуу доорлорунун салтындагы телегейи текши адамдын жыгач тулкуларын, улуттук эстетикалык жана этикалык идеалды издөөгө байланышкан ("Ника", мрамор, 1906, Третьяков галереясы) чыгармаларды жаратып, Бах, Паганини сыяктуу улуу адамдардын портреттерин сомдогон. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында монументтик пропаганда планын жүзөгө ашырууга көмөктөшкөн. Ал жараткан. "Элдердин ынтымагы жана боордоштугу үчүн күрөштө курман болгондорго" деген эстеликти ачууга В. И. Ленин катышкан (1918). К. 1924–45-ж. АКШда жашаган. К. негизинен портрет жанрында ("А. М. Горький", коло, 1928, А. М. Горькийдин музейи, Москва, "И. П. Павлов", 1930, "Ф. М. Достоевский", 1933 – экөө тең гипс, Орус музейи, автопортрет, мрамор,1954, Третьяков гал.) иштеди. Кыргыз скульптору Т. Садыковдун чыгармачылыгына таасир берген. Лениндик сыйлыгы (1957), СССР мамлекеттик сыйлыгы (1951) лауреаты. Эки Ленин ордени жана медаль менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)