Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Концерт

Баш барак | Музыка | Концерт

Концерт (латынча concerto – «таймашам») — музыкалык чыгармаларды, балеттик, эстрадалык номерлерди белгилүү бир алдын-ала түзүлгөн программа менен эл алдында аткаруу.

Бул терминдин башка мааниси: концерт (чыгарма)

Тарыхый доорлордогу концерт

Концерттин мурдагысы же бабасы катары байыркы Грециядагы жана Римдеги түрдүү таймаштарды айтса болот, анын ичинде көркөм-аткаруучулук искусстводогу таймаштар дагы. Орто кылымдарда (XVIII кылымдын экинчи жарымына чейин) концерт аристократиянын прерогативасы (артыкчылык укугу) болгон жана музыкалык-аткаруучулук мүнөздү алып жүргөн, анын үстүнө саналуу гана атайын чакырылган адамдарга арналып, жабык формага ээ болгон.

XVIII кылымдын чыныгы элдик биринчи концерттери жалаң музыкалуу гана болгон. Профессионалдуу сахна аянттарында башка искусство түрлөрүнүн пайда болуусун драма театрларындагы концерттик программалардын жаралышы менен байланыштырууга болот (XVIII — XIX кылымдын башы): ойнолгон пьесадан кийин кошумча дивертисмент жүргөн, мында театрдын актёрлору жана артисттер тарабынан чакырылгандар түрдү жанрдагы концерттик номерлерди көрсөтүшкөн.

Салон-театрларда, паб-театрларда (сахнасы бар сыра салондор) жана мюзик-холдордун бөлмөлөрүндөгү көңүл ачуучу концерттик программалардын биринчи формаларынын мекени Англия болгон. Мындай синтез XIX кылымдын экинчи жарымында Францияда эң жогорку чегине жеткен. Париж, ошондой эле Франциянын башка шаарларында анча көп эмес көрүүчүлөргө эсептелген кафешантандардын, кафе-концерттердин ишмердүүлүгү мүнөздүү көрүнүшкө ээ болгон.

Кыргызстандагы тарыхый концерттер көбүнчө түрдүү жыйындарда кыргыздын улуттук оюндары менен кошо акындардын айтыштары, акыйнек, макал-лакаптар таймашы, жаңылмачтар коштоосунда аркылуу өтчү.

Ошентип, XVIII—XIX кылымдардагы концерттик ишмердүүлүктүн үч түрүн ишенимдүү белгилөөгө болот: филармониялык пландагы концерт (олуттуу музыка жана адабият жанры), дивертисмент (театрдын калкасында) жана концерт-шантан (ресторандардагы, пабдардагы, мейманканалардагы ж. б. көңүл ачуучу концерттик программалар).

Бирок, XX кылымда концерт башкачараак көрүнүшкө ээ болот. Концерттик программа адабий, хореографиялык, ошондой эле сахналык чыгармаларды (театрдан тышкары) камтый баштайт. Көпчүлүк концерттер артисттердин эл алдына белгилүү бир алдын-ала түзүлгөн программасы менен коштолот. Түрлөрү — музыкалык (симфониялык, камералык, фортепианолук, кыл кыяктык), адабий (көркөм окуу), эстрадалык (жеңил вокалдык, аспаптык музыка, мыскыл жана тамашалуу баяндар, пародиялар, цирк номерлери ж. б.) болуп өзгөрөт.

Массалык маданияттагы концерт

Массалык маданияттагы концерт — жабык жайда, имаратта же ачык асман үстүндө (аянттар, стадиондор ж. б.) өтүүчү массалык оюн-тамашалуу, көрүнүштүү окуя. Эреже катары коцерттерде хореографиялык, эстрадалык жана рок-жамааттар катышат. Концерттердеги сахналар микрофондор, кубаттуу үн чыгаруучу, жарык берүүчү, чоңойтуп көрсөтүүчү аппаратуралар менен жабдылган. Айтылгандай эле, кээде концерттер аянты бир нече гектарды түзгөн ачык мейкиндикте өткөрүлүшү мүмкүн, мында артисттердин аткаруусу үчүн үн жана жарык менен жабдылган атайын сахна курулуп, музыкалык аспаптардын түрлөрү болот. Мындай подиумдар чоң видео экрандар менен курчалып, анда сахнада болуп жаткан концерт чоңойтулуп көрсөтүлөт. Ушул өңдүү чоң концерт аянттарында көрүүчүлөрдүн саны миллондогон адамга чейин жетет.

Концерттердеги аткаруу жандуу жана фонограмма алдында болушу мүмкүн.

Көрүүчүлөрдүн саны боюнча биринчи рекорд 1965-жылдын 15-августунда The beatles музыкалык тобунун Нью-Йорктогу «Shea» стадионунда болуп, ал жакка 55600 адам келген.

Музыка тарыхындагы массалык концерттер

Концерт Көрүүчүлөрдүн саны Өлкө, жери Дата
Род Стюарттын концерти 4 миллиондон ашык Бразилия, Рио-де-Жанейро, Копакабана 31.12.1994
Жан-Мишель Жаррдын концерти — «Москвадагы кычкылтек» 3,5 миллион Россия, Москва шаары 06.09.1997
Жан-Мишель Жаррдын концерти 2,5 миллион Франция, Париж 1991
Queen тобунун концерти 2 миллиондон ашык Австралия, Сидней 26.04.1985
The Rolling Stones концерти 1,5 миллиондон ашык Бразилия, Рио-де-Жанейро, Копакабана 18.02.2006
«Rock in Rio» рок фестивалы 1,4 миллион Бразилия, Рио-де-Жанейро 11-20.01.1985
«Rock in Rio 3» рок фестивалы 1,2 миллион Бразилия, Рио-де-Жанейро 2001
Гарт Брукстун концерти 750 миң АКШ, Нью-Йорк 08.07.1997
«Rock in Rio 2» рок фестивалы 700 миң Бразилия, Рио-де-Жанейро 18-27.01.1991
«US Festivals» рок фестивалы 670 миң Девор, АКШ 28-30.05.1983
Жайкы джем-сейшн 600 132 миң АКШ, Нью-Йорк штаты, Уоткинс-Глен 28.07.1973
«Isle of Wight» рок фестивалы 600 миң Англия, Уайт аралы 26-30.08.1970
«Вудсток» рок фестивалы 500 миң АКШ, Нью-Йорк штаты, Бетель 15-18.08.1969
Simon and Garfunkel концерти 500 миң АКШ, Нью-Йорк 19.9.1981
The Rolling Stones концерти 500 миң Куба, Гавана 25.03.2016
Tokio Hotel концерти 500 миң Франция, Париж 14.04.2010
«Типтүү эмес пневмонияга каршы» кайрымдуулук концерти 450 миң Канада, Торонто 7.30.2003
«Блокбастер» рок фестивалы 385 миң АКШ, Форт-Уэрт 21.06.1997
Пол Маккартни концерти 220 миң Бразилия, Рио-де-Жанейро, Маракана 20.04.1990
«Ельза океаны» тобунун концерти 200 миң Украина, Киев 15.12.2013
Queen жана Пол Роджерс концерти 350 миң Украина, Харьков 12.09.2008
Жайгаштыруу: 2024-01-01, Көрүүлөр: 162, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-01-06
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо