Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Комузчу

Баш барак | Музыка | Комузчу

Комузчу — көбүн эсе комуз музыкалык аспабында ойногон музыкант, ошондой эле комузчу деп комуз аспабын жасаган устаны дагы айтабыз.

Профессионалдуу комузчулар музыкалык жанрлардын кеңири диапазонунда соло чыгармаларды, ошондой эле ансамбльдардын курамында дагы чыгармаларды аткара алат.

Комузчу Нурак Абдрахманов
Комузчу Нурак Абдрахманов Муса Баетовдун «Ойгоном» чыгармасын аткаруу учурундагы кадр

Ансамблда комузчу ритм-комуз ролун аткара алат (башка кыргыз музыкалык аспаптары менен айкаштыкта), акыркы учурда заманбап аспаптар менен кошо аткаруулар дагы көбөйүүдө.

Ошондой эле, комузчу ырдоо учурунда өзүнө дагы аккомпанияциялайт (өзүн күү менен коштойт).

Комузчулар ар кандай ыкмада ойношот: ырдоо менен, жөн гана күү чертүү аркылуу, виртуоздук чертүү (түрдүү музыкалык ыкмаларды, кыймыл-аракеттерди колдонуу менен), аралаштырып аткаруу, өзгөчө айтыш акындары арасында алгач күү чертип, андан соң кара сөз менен аралаштырып аткаруу кеңири байкалат.

Акыркы убакта комузчулар арасында жаңы эстрадалык жабдууларды колдонуу менен үн алуу процессинин мүмкүн болгон ыкмаларын пайдалануу дагы аз эмес, синтетикалык үндөрдөн тарта электрондук үндөргө чейин. Мунун баары заманбап комузчулардын чыгармачылыгы десек болот.

Комузчулар жөн гана комуз аспабында чебер ойнобостон, аспапты өзүлөрү дагы жасашкан, бул тууралуу комуз легендасындагы Камбаркан өзү комуз жасап, черткендиги айтылат. Ал эми биздин заманда мындай адамдар көп эле болгон. Мисалы, Токтогул Сатылгановдун комузу эч бир башка комуздарга окшобогон оригиналдуу формага ээ, жана муну өзү жасаган делет. Ошол эле Нурак Абдрахманов комузчу дагы, комуз устасы дагы болгон.

Комузчу, байыртадан кыргыз элинин жан-дүйнөлүк, музыкалык маданиятын байытып, эл алдына чыгып түрдүү күүлөрдү аткарып, турмуш-тиричиликке байланышкан кайсы бир учурларды, кайсы бир адамдын адилетсиздигин, туура эмес кылган иштерин сындаган, андан тышкары түрдүү насаат ырларды элге жайылтып турушкан.

Сөзү Темиркул Үмөталиевдин, обону элдики болгон «комузчу» ыры дагы комузчулар жөнүндө жана аларга арналган.

Комузчу
Ой, комузчу, комузчу,
Чертип койчу комузду,
Элжиресин эт жүрөк,
Бийик чыгар добушту.

Муратаалы чал тарткан,
«Сынган Бугу», «Камбаркан».
Ушул сонун күүлөрдү,
Уккан жандар таң калган.

Ойго келбейт убайым,
Оюнуна тунайын.
Токтогулдун «Ботоюн»,
Чертип койчу угайын.

Жерде эмес бийик көктөсүң,
Жаныңан кыздар кетпесин,
Козгоп-түзөп койдуң бейм,
Жүрөгүмдүн тепкесин.

Ниязаалы сайраткан,
Боз торгойдой айдаткан.
«Сары Барпы» күүнү черт,
Тыңшасын булбул чарбактан.

Аккуу канат каккандай,
Дарыя жылып аккандай.
Элестетем бир туруп,
Жаштар бирге баскандай.

Кыргыз комузчулары

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 6330, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-01-08
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу