Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Комплекстүү бирикмелер —

Комплекстүү бирикмелер — эритмеде кристаллдык торчонун түйүндөрүндө өз алдынча сактала турган ком-плекстүү ион жайгашкан бирикмелер. Бир же бир нече мол. ион менен белгилүү бир валенттик абалда байла-нышкан металл, кээде металл эмес атомунан турган татаал ион комплекстик деп аталат. К. б. комплек-стик анион, комплекстик катион кармап турушу же болбосо такыр эле ионго диссоциацияланбашы мүмкүн (электролит эмес түрүндөгү бирикмелер). Координациялык теориянын көз карашы б-ча ар кандай К. б. мол-сында оң заряддалган ион борбордук орунду ээлейт да комплекс пайда кылуучу же борбордук деп аталат. Анын айланасында бир нече карама-каршы заряддалган иондор же электро-нейтралдуу молекулалар — лиганддар жайгашат да, К. б. ички коорди-нациялык чөйрөсүн түзөт. Ички чөйрө-гө батпай калган иондор сырткы коор-динациялык чөйрөнү түзүшөт. Борбор-дук ионду курчап турган лиганддар саны координациялык сан деп аталат. Комплекс ички чөйрөсү эригенде туруктуулугун сактайт, сырткы чөйрөдө жайгашкан иондор эритмеде оңой эле ажырайт. Ошондуктан ички чөйрөдө иондор борбордук атом менен иондуу эмес, сырткы чөйрөдө болсо, иондуу байла-нышкан деп алышат. Мис., РtС14 <,-2КС1 комплекстик тузунун координациялык формуласы: К 2 РtCl 6. Мында ички чөйрө окистенүүнүн даражасы 4+ болгон платинанын борбордук атому жана хлор ионунан турат, ал эми калий иону сырткы чөйрөдөн орун алат. Көптөгөн К. б. координациялык санын аныктоо менен А. Вернер борбордук ион заряды координациялык санга таасир этүүчү негизги фактору деген. К. б. номенклатура негизин А. Вернер берген. К. б. атоо ички чөйрөнүн курамын көрсөтүүдөн башталат, андан кийин борбордук атому аталат жана анын окистенүү даражасы көрсөтүлөт. Ички чөйрөнүн курамын белгилегенден кийин сырткы чөйрөдөгү катионду же анионду аташат. Электролит эмес учурунда борбордук атом окистенүү даражасын келтиришпейт. Pt(NH 3)4Cl2Cl2 платина (IV) дихлортетрамин хлориди, Ag(NH 3)2Cl - күмүшт (I) диаминхлориди, K3 Fe(CN) 6 - калий гексациан-(III)-фератты (NH4)2 Pt(OH) 2С14 — аммоний дигидроксотетрахлоро-(1У)-платинаты, Сг(Н 2О),Р3 — трифторотриаквахром, Со(МО 2)2С1(МН3)3 — динитрохлоро-триамин-кобальт. К. б. 1) аналитикалык химияда көптөгөн хим. элементти таразалык, колориметрдик же башка ыкмалар менен аныкташ үчүн, 2) бир катар металлды бөлүш жана аларды өтө жогорку даражадагы тазалыкта алыш үчүн (VIII группа металлын, лантанидди бөлүш үчүн, алтынды, күмүштү, жезди алыш үчүн), 3) гальваностегияда тыгыз жана бекем жапкычтар алууда 4) боёгуч катарында, 5) сууну жумшартуу процессинде колдонулат. Көптөгөн К. б. — В12 витамини, гемоглобин, хлорофилл жана башка физиологиялык жана биохим. процесстерде өтө чон роль ойнойт.

Ад.: Скорик Н. А., Кумок В. Н. Химия координацион-ных соединений. М., 1975.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)