Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Комета

Кээде асманда демейдегиден башкача куйруктуу жылдыз - комета пайда болот. Комета жылдыздуу асманда тез жылат. Карап турсаң эң кооз. Күнгө жакындаган сайын куйруктуу жылдыздын баш жагы даана жаркырап, күңүрт куйругу узара түшөт. Куйруктуу жылдыздын бир же бир нече куйругу болушу мүмкүн. Ал дайыма күнгө карамакаршы жакты карайт. Байыркы заманда куйруктуу жылдыздын күтүлбөгөн жерден пайда болуп, табышмактуу түрдө өзгөрүп турушу адамдарды динчилдерди чочулаткан. Ал кезде асманда куйруктуу жылдыздын жаркырап көрүнүшү жамандыктын белгиси катары эсептелген. Илим бул кооптонуунун негизсиздигин далилдеди.

Куйруктуу жылдыздар - күн системасына кирүүчү асман телолору. Алар күндү өтө алыс, сүйрү орбита боюнча айланып жүрөт. Куйруктуу жылдыздардын көпчүлүгү күндү абдан узак убакыттын - миңдеген жана миллиондогон жылдардын ичинде айланып чыгышат, ырас, күндү ондогон же болбосо бир нече жылда эле айланып чыккан айрым куйруктуу жылдыздар да бар. Кометанын негизги бөлүгү - анын ядросу. Ал муздатылган газдар - метан, амиак менен кошулган кадимки ныкталбаган борпоң муздан жана балмуздак сатуучулар пайдалануучу кургак муз - катуу көмүр кислотасынан турат. Куйруктуу жылдыздын ядросунда көптөгөн майда, катуу чаңдар менен ташка айланган заттар да бар. Күнгө жакын айланбаган кезде куйруктуу жылдыз көзгө көрүнбөйт.

Комета күнгө жакындаганда анын ядросу ысыйт. Ошондо андан кометанын башын жана куйругун пайда кылуучу газдар менен чаңдар бөлүнүп чыгат. Куйруктуу жылдыздардын ядролору жерге салыштырганда алда канча кичине. Бирок анын баш жак бөлүгүнүн диаметри кээде күндөн да ашып кетет. Кээ бирөөлөрүнүн куйругунун узундугу жүз миллиондогон чакырымдарга созулат. Айрым кометалардын башы да, куйругу да өтө суюк.

Алардын тыгыздыгы кадимки биз дем алып жүргөн абанын тыгыздыгынан миллиарддаган эсе аз болот. Ошондуктан окумуштуулар илгертен бери куйруктуу жылдыздарды эч кандай таң каларлык кубулуш эмес, бар болгону жөн эле көзгө көрүнүүчү асман телосу деп аташкан. Кометанын башы менен куйругу абдан тунук болот. Ал жер менен кандайдыр бир жылдыздын ортосунда калган кезде, жылдыздын нуру, бизге кадимкисиндей эле көрүнүп турат. Куйруктуу жылдыздар жерге эч кандай коркунуч туудурбайт. Жер бул жылдыздын куйругуна эчен жолу туш келгенде, аны оңой эле тепчип өткөн.

Жер менен куйруктуу жылдыздын ядросу кагылышса (бул өтө сейрек, он миллион жылда бир сапар учурашы мүмкүн), куйруктуу жылдыздын жок болушуна алып келет. Жыл сайын окумуштуулар жаңы бир нече куйруктуу жылдыздарды табышат. Алардын көпчүлүгү жерден алыс. Ошондуктан телескоп аркылуу гана көрүнөт. Ал эми көзгө көрүнүүчү чоң куйруктуу жарык жылдыздар орто эсеп менен он жылда бир сапар пайда болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)