Кома

Кома — акыл-эс жоголуп, өмүргө коркунуч келтирүүчү абал. Мээде кан айлануу бузулуудан же ууланууда борбордук нерв системасынын клеткалары жабыркагандан болот. Анда дем алуу, кан айлануу бузулуп, өлүм коркунучу туулат. К-нын пайда болушуна мээнин травмасы, сезгенүүсү (энцефалит, менингит, безгек), инсульт, организмдин ууланышы (алкоголь, барбитурат, ис уруу жана башка), кант диабети, уремия, гепатит ооруларынын кабылдашы себеп болот. К. жай өөрчүйт, адегенде алы кетип, угуу начарлайт, уйкусу келет. Акыл - эсин жогото электе врач чакырып, тиешелүү жардам берүү К-нын алдын алып, оорулуунун өмүрүн сактап калат. К. болгон адам терең уйкуда жаткандай сезилет, эсинен танып чөйрөгө реакция болбойт, көздүн кареги кеңейет, кыркырап тез-тез дем алат. Кээде кан басымы төмөндөп, коллапс пайда болот.

К-нын бардык учурунда медициналык тез жардам чакыруу зарыл. Оорулуу эс-учу жок жаткандыктан жанындагылар К. болордун алдындагы абалын айтып бериши медициналык кызматкерге К-га алып келген себепти туура табууга жардам берет. Мындай оорулуулар жанында медициналык мекеменин справкасын, оорусу жана кабыл алуучу дарылары жөнүндө маалыматты алып жүрүшү зарыл. Дарылоо канчалык эрте башталса, ошончолук натыйжалуу болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)