Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коло доору

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Коло доору

Коло доорунда (б. з. ч. 3-мин жылдык - Ош тургун жайы б. з.ч. 1-мин жылдыктын башы) техника менен маданияттын онугушу бир топ ылдамдап, мунун негизинде Жакынкы Чыгыштагы кул ээлоочулук мамлекеттерде жерди сугаруу, айдоо, кол онорчулук, жазуу иштери онуккон. Европа менен Азиянын копчулук жерлеринде мал чарбачылыгы кенири тарап, энелик доорду аталык доору, коло доорун темир доору алмаштырган. Борбордук Азиянын туштук-батышында отурукташып, дыйканчылык менен кесип кылган уруулар коло иштетуу жагынан жогорку денгээлге жетишкен. Чуй ороонунун Сокулук, Садовое кыш-тактары, Кочкордун Шамшы коктусунан табылган коло куралдардын кенчи Кыргызстандын аймагында б. з. ч. 12-8-кылымдарда коло доорунун озгочо онуккондугун айгинелейт. Болжол менен б. з. ч. 5-мин жылдыкта Орто Азияда жез кенири жайылып, андан эмгек куралдары жасала баштаган. Бирок жезден жасалган куралдар жумшак келип, тез мокогон. Качан гана адамдар жез менен калайдын кошулмасынан колону алууга уйронгондо, адамзат коомунда ири прогрессивдуу озгоруштор башталган. Кыргызстандын аймагынан жез кендери Ноокаттан, Чат-калдан, Кетментободон, калай Ысыкколдогу Сарыжаз суусунун жээгинен казылып алынган.

Коло доорунда Кыргызстандын аймагында эки маданият онуккон. Борбордук Тениртоодо, Ысыкколдо, Чуй жана Талас ороондорундо кочмон мал чарбачылыгы аздыр-коптур дыйканчылык, анчылык менен айкалышып онуккон. Бул кездеги адамдар казак талааларындагы жана Туштук Сибирдеги элдер, уруулар менен байланышта болгон. Тектеш чарбалык маданий эстеликтеринен улам алардын маданиятын Андрон маданияты деп аташат (Сибирдеги Ачинск ш-на жакын жайгашкан Андрон кыштагынын жанында бул маданияттын алгачкы эстелиги табылган). Бул маданияттын эн бай кенчи Кочкор ороонундогу Шамшы айылында табылган. Андрон маданиятынын окулдору Кыргызстандагы бийик тоолуу Аксай, Арпа ороондорун да оздоштурушкон. Кол онорчулор оз алдынча кесип ээлери катары болуно баштаган.

Колодон канжар, найзанын, жебенин учтарын, орок, балта жасашкан, жундон кездеме токуганды жана тери иштеткенди мыкты оздоштурушкон. Коло доорунун б. з.ч. 18-15 кылымдарга таандык тургун жайы Чуй ороонундогу Беловодскийден, б. з. ч. 12-9-к-га таандык эстеликтерди, аска бетине тартылган суротторду Аламудун, Александрова, Жайылма жана Кайындыдан табышкан. Токтогул районунун жаны борборун куруу мезгилинде Андрон маданиятынын мезгилиндеги турак уй табылган. Ал бир метрдей казылган 70 чарчы метрдей жерге тургузулган. Бул жер уйдун дубалы жана усту устундар менен бекитилип, чырпык менен каланган жана ылай менен шыбалган. Мында 25тей адамдан турган уй-було биргелешип чарба жургузгон. Коло доорунда олгондорду орттоо жана жерге коюу салты колдонулган. Мурзолорго тамак-аш, металлдан жасалган. бычактар, ийнелер, сойколор, билериктер ж. б. кошо коюлган.

Кыргызстандын айрым жерлеринен коло дооруна тиешелуу байыркы кенчтер табылган. Мисалы, Александровка (Чуй облусу) айылынан бир эле жерден 30дай орок, Каракол ш-на жакын жерден 5 канжар табылган. Бул куралдар алмашуу же сатуу учун даярдалса керек. Коло дооруна таандык аскага тартылган суроттор Жалалабат облусундагы Тогузторо районунда жайгашкан Когарт суусунун батышындагы Саймалыташ сурот галереясында (100 минден ашык) топтолгон. Саймалыташ - таш бетине чегилген суроттордун дуйнодогу эн чон, уникалдуу галереясы.

Аз сандагы аскага тартылган суроттор Сулайман тоосунан, Араван кыштагына жакын аскадан (Дулдулата мазары), Чолпон-Ата ш-на жакын жерден, Кетментобо жана Алай ороондорунон табылган. Саймалыташ сурот галереясы Фергана тоо кыркасындагы Когарт ашуусу жакта таш бооруна чегилген суроттор. Б. з. ч. 2-минжылдык - б. з. 1-мин, жылдыктын 1чи жарымдарында (5чи - 6чы кылым) таандык. Жуз минден ашуун суроттор бар. Too аркар-текелердин, бука-куландардын, жапайы жаныбарлардын, арабага артылган букалардын, колдорун жогору которгон адамдардын, тегерек кун окшош баштуу кудайлардын, уйлонуу сценкалары, кундун белгиси ондуу суротторду кездештирууго болот. С. с. г-н 1902-ж. орус аскерлеринин офицери, топограф Н. Г. Хлудов биринчи ачкан. Кийинчиреек аны генерал-майор И. Т. Пославский (1902-03), Б. М. Зима (1946), А. Н. Бернштам (1950) изилдешишкен.

С. с. г. торт мезгил тобуна болунот: 1. биздин заманга чейин 2-1-мин жылдыктарда ар турдуу ырымдарды чагылдырган корунуштор ж-а геометриялык сызмалар чегилген суроттор. Алардын Алдынкы Чыгыштагы б. з. ч. 3-1-мин жылдыктарга таандык чопо идиштерге тартылган суроттор м-н жакындыгы бар, 2. сакусун дооруна (б. з. ч. 1-мин жылдыктын 2-жарымы) тиешелуу жаныбайлар стилдеги дин ырымд-жырымдар тартылган суроттор, 3. хунн дооруна тиешелуу жырткыч жаныбарлардын суроттору, 4. хунн-турк доорундагы тоо текелердин, аркарлардын ж-а жаа м-н куралданган мергенчилердин суроттору. Саймалыташтагы энеолиттен коло дооруна чейинки суроттордун копчулугу бир нерсеге табынуу ж-а мифологиялык тушунуктор м-н тыгыз байланышкан. Кун белгиси же кунго сыйынуу суроттору ар турдуу корунушто берилген. Озгочо кун сымал баштуу кудайдын келбеттери коп кездешет. Мындай суротторду Сибирден, Алтайдан, Орто Азиядан кездештирууге болот. Байыркы суротчулор кун кудайдын нурданышып, жалтылдап турганын чагылдырган. Ошон учун ага бут, кээ бир убакта кол жайгаштырып, кээде кундун бетине ооз, коз тарткан учурлар да жолугат. Орулгон чачтары артка ыргытылып, кунду колуна которгон адамдардын суроттору жолугат.

Болжолу булар диний жоролгонун катышуучулары болушу мумкун. Петроглифтердин арасында торт чарчы коргон сымал суроттор кездешет. Алардын копчулугунун центринде очокко окшош белгиси бар. Копчулук изилдоочулор мындайды турак-уйдун чагылдырылуусу деп эсептешет. Саймалы-таштагы эстеликтердин арасында артына куйрук окшош нерсеси бар адамдардын солокоттору сакталган. Алардын копчулугу бири-бирине бет мандай туруп, колдорун которуп турган учурларды чагылдырат. Мындай суротторду кун окшош баштуу кудайдын алдына чегишкен. Ошондой эле теке, бука, эшек, аркар же эки турдуу айбанаттар чегилген арабалар жолугат. Арабанын арт жагында эркек адамдын солокоту тартылганы ачык баамдалат.

Изилдоочулор: А. И. Мартынов, А. Н. Марьяшев, А. К. Абетеков С. с. г-нын нукура маанисин диний жоролголор откорулуучу жай катары карашат. Андрон маданиятындагы уруулар негизинен мал чарбачылыгы менен кесип кылышкан. Негизинен уйларды, койлорду, тоолорду кармашкан. Жылкыны озгочо аздектеп асырашкан. Андрон маданиятындагылар алгачкылардан болуп кымыз жасаганды уйронушкон деген пикир бар. Андрон маданиятынын окулдору социалдык жактан чон уй-булолорго болунуп жашашкан.

Ал уй-булолор уруктарды тузгон. Уруктар ири урууларга бириккен. Коомдук ондуруштун жакшырышы менен азык-тулук, байлыктар кобуроок ондуруло баштаган. Урук башкаруучусу мумкунчулуктон пайдаланып, байлыктын кобун озуно ыйгарган. Аскер башчылары жана дин башчылары озгочо укуктарга ээ болушкан.

Коомдо тенсиздиктин алгачкы белгилери пайда болгон. Бул доордо уруктун жана уруунун башына эркек жол башчылары туруп, ата бийлигинин доору - патриархат оз устомдугун жургузгон. Кыргызстандын туштугундогу Фергана ороонундо байыркы дыйканчылыкка негизделген экинчи маданият онуккон. Ал шарттуу турдо Чует маданияты делип аталган (Наманган облусундагы Чует кыштагында ушул маданияттын алгачкы тургун жайытабылган). Чует маданиятындагы уруулардын социалдык тузулушундо да тенсиздик окум сургон. Бул маданияттын окулдору буудай, арпа, таруу, сулуу остурушуп, бирок мал чарбасы буларда негизги тармак болгон эмес. Кол онорчулук андрон маданиятына салыштырмалуу кучтуу онуккон.

Тушумду таш, коло ороктор менен орушкан. Эгинди уйдун ичине казылган ороолордо сакташкан. Айрым ороолорго бир тоннадай эгин баткан. Байыркы ферганалыктардын таш ороктору Ысык-колдун уч жеринен, Чыгыш Туркстандан, Озбекстандын туштугунон кездешкен. Чует тургун жайлары бозгондун жанынан, Куршабдан, Ноокаттан табылган. Бул маданияттын эн байыркы жана озунчо айырмалуу эстеликтеринин бири - коло доорундагы Ош тургун жайы. Ал узундугу 200 метрден кем эмес аянтты ээлеп, Сулайман тоосунун туштук тарабындагы тик капталда тектир-тектир болуп жайгашкан. Ошол кезде уйлор Сулайман тоосунун борборундагы бийик асканы тегерете жайгашкандыгы жонундо божомолдоого болот. 70тен ашуун ороолор табылган.

Археологдор тарабынан бул тургун жай дыкат изилденип (1978-80-ж.), азыркы Ош аймагында алгач отурукташып, дыйканчылык менен кесиптенишкен калктуу тургун жай мындан 3 мин жыл мурда пайда болгондугу аныкталды. Ош тургун жайынан 70тен ашуун ороолор табылган. Аларда дан ж. б. азык-тулуктор сакташкан.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 8188, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу