Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Коксит

Коксит — жамбаш менен кашка жиликтин аштоо муунунун ар түрдүү себептерден сезгенүүсү. Бардык жугуштуу оорулар (ангина, грипп, келте, кызамык, бруцеллёз, туберкулёз жана башка), ошондой эле ириңдетүүчү инфекция (стафилококк, стрептококк жана башка) себеп болушу мүмкүн. Балдарда көбүнчө туберкулёз К-и кездешет. Мында инфекция көбүнчө өпкөдөн кан аркылуу келип, муунду жабыркатат. К-тин бул түрү менен демейде 5—10 жаштагы балдар ооруйт. Оору акырындап башталат. Алгач бала шалдырап, чырланат, тамакка табити жоголот, арыктайт.

Эти ысыйт, аксап, тизесинин ооруганын айтат. Түн ичинде чочуп ойгонот. Бала соо капталына жатат. Оору жана аксоо бара-бара күчөйт. Муундун өсүү зонасы жабыркагандыктан ошол бут кыскарат. Жамбаш жабыркаган жагына көтөрүлүп, алдын карай ийилгенсип калат.

Омуртка тутумунун кыйшайышы байкалат. Айрым учурда муун баштыгына ириң толот. Кашка жиликтин башы кемирилип желип, сынып же чыгып кетиши мүмкүн. Жиликтин эти качып ичкерет. Дарылоодо жалпы организмди чыңдоочу жана туберкулёзго каршы чаралар көрүлөт. Ал бут гипстеп таңылат. Ал эми ириңдеп, сынып же чыгып кеткен учурда хирургиялык жол талап кылынат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)