Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кокон хандыгы

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кокон хандыгы

Кокон хандыгы (өзбекче Qo'qon xonligi; персче خانات خوقند Khānāt-i Khuqand) — 1709—1876-жылдары заманбап Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Түштүк Казакстан жана СыньцзяньУйгур автономдук районунун (Чыгыш Түркстан) аймагында өкүм сүргөн Борбору Кокон шаары болгон өзбек мамлекети.

Мазмуну
Кокон хандыгы
خانات خوقند
Qo'qon Xonligi
Кокон хандыгынын желеги
Кокон хандыгынын желеги
Кокон хандыгынын болжолдуу картасы
Кокон хандыгынын болжолдуу картасы
БорборуКокон шаары
Тилдерперс, чагатай (түрк)
Официалдуу тилдерчагатай жана перс
ДинИслам (суннизм)
Аянты220 миң км²
Калк2 млн адам
Улуттарөзбектер, тажиктер, казактар, кыргыздар
Сулале (династия)миң (минг)
Өкмөтмонархия
Түптөлүшү1709-жыл
Кулашы1876-жыл
Негиздөөчү, биринчи башкаруучуШахрух-бий

Кокон хандыгы Бухара (Бухар эмирлиги) жана Хивин хандыгы менен бир катар Орто Азиянын үч өзбек хандыгынын бири болгон.

Башкаруучу династия

Изилдөөчү Ч. Валиханов 96 өзбек уруулары тууралуу аңгемелерди белгилеп, ага кийинки уруулар кирген: миңдер (мингтер), жүздөр (юздар) жана кырктар. Анын ою боюнча алар байыркы түрктөдүн тукумдарынан. Темирлан доорунда өзүнчө өзбек-минг (мындан ары миң) топтору Мавераннахрада жашаган. XVI кылымдын башында кээ бир миң топтору Дашти-Кыпчактан Мавераннахрга жортуул жасоодо Шейбан-хан аскерлеринин курамына кирген. Көптөгөн жазма булактар өзбек-миңдердин XVI кылымда Фергана жана Зеравшан өрөөндөрүндө, Жизакта, Ура-Төбөдө көп санда болгонун айтышат. Ура-төбө жана Ургуттун бектери миң тукумунан болушкан. Зеравшан бассейнинде да өзбек-миңдер көп санда эле.

XVIII кылымда өзбектердин миң уруусу Кокон хандыгында башкаруучу династия болгон.

Бул мезгилде Фергананы Ахсы шаарынын бийи, Бабур Тимурдун баласы Алтын-Бешик, анын баласы, Тангри-Яр Кудаяр II Илик-Султан башкарган деген кептер бар. Жергиликтүүлөрдүн айтуусу боюнча Темирландын чөбүрөсү султан Бабур Самарканддан Индияга баратканда, аялдарынын бири Хожент менен Канибадамдын ортосунда жолдо төрөп калат, Алтын-бешик аталган баланы (1545-жылы өлгөн), ошол жакта көчмөндүк кылып жүргөн Миң уруусу бала кылып алат имиш (династиянын аталышы ушул жерден). Алтын-бешикке анын теги белгилүү болгондо, бий көтөрүлүп Ахсыда отурукташып калат. Бий наамы анын тукумдарына мурас болот.

Кокон хандыгынын пайда болушу

1709-жылы Фергана өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө (Маргалаң чөлкөмүндө) көчмөн феодалдардын жардамы менен Шахрух бий башкаруучу болуп жарыяланган. Анын бийликке келишине Акбото бий чоң көмөк көрсөткөн. Санжыра боюнча Шахрух Бабурдун урпактарынан болгон. 1709-1876-жылдары өкүм сүргөн Кокон мамлекетинин өнүгүүсүн үч доорго бөлүп кароо ылайыктуу:

  1. 1709—1800-жылдары Кокон мамлекетинин түптөлүшү. Бул мезгилде Кокон эмирлиги өз алдынча мамлекет катары саясий-административдик жактан калыптанып, социалдык-экономикалык жактан чыңалган. Фергана чөлкөмү Кокон мамлекетине биротоло бириккен.
  2. 1800—1840-жылдары Кокон хандыгынын өнүгүшү жана гүлдөө мезгили. Кокон мамлекети саясий-административдик жактан күчтүү өнүгүп, ички-тышкы саясаты чыңалган. Фергана өрөөнүнүн экономикалык абалы бекемделген. Кокон хандыгы Фергана өрөөнүнөн сырткары жактарды караткан.
  3. 1842—1876-жылдары Кокон мамлекетиндеги социалдык-саясий кризистердин күчөшү жана хандыктын кулашы. Бул мезгилде ички карама-каршылыктардын өсүшү, мамлекеттик түзүлүштүн бошоңдошу, бийликтин эзүүсүнүн күчөшү саясий кризиске, элдик көтөрүлүштөргө алып келген. 1873—1876-жылдары элдик кыймыл Кокон мамлекетин биротоло кулаткан. Натыйжада Фергана өрөөнүн орус колонизаторлорунун каратып алышына ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Фергана аймагынын Бухара хандыгынын карамагынан биротоло бөлүнүп чыгышы Ирдана бийдин (1751—1770-ж.) ишмердиги менен байланыштуу.

1754-жылы Бухара эмири Мухаммед рахим, Кокон эгеси Ирдана бий жана кыргыздын кушчу-мундуз урууларынын улугу Кубат бий Оротобого жортуул уюштурушкан. Кубат бийдин кушчуларды бийлеп тургандыгы тууралуу акыркы маалыматтар 1785-жылга таандык. Кубат бий 18-кылымдын экинчи жарымында Фергана өрөөнүндөгү жалпы кыргыз уруу башчыларынын эң атактуусу, тааанымал, кадырман адам болгон. Кубат бий Кокон, Бухара, Кашкар акимдерине баш ийбестен, алар менен тең ата өз элин башкарып, коңшу өлкөлөр менен шартка ылайыктуу учурда каалагандай достошуп, каалаганда мамилени бузчу. Анын эр жүрөктүүлүгүн, тайманбастыгын, курчтугун баалаган өкүмдарлар аны «Бахадур-бий» («Баатыр бий») деп да аташкан. 18-кылымдын экинчи жарымында кокондуктарга каршы көз каранды эместик үчүн күрөштө эл башында турган кыргыз мыкты кулундарынын бири Ажы бий (Ажыбек) болгон. Кытайлык географтын (18-к.) жазган маалыматтарына караганда кыргыздардын Адыгине уруусунун чыгааны Ажы бийге Бухарадан күн чыгышты көздөй кеңири аймакты жердеген 200 миң кыргыз баш ийчү. Кайсы бир жылы ал эли менен бирге кытай букаралыгына өтмөк болот. Бирок кийин ал мындай ойдон баш тартып, Алай жана Ош аймактарындагы бардык кыргыз урууларын ынтымакта бийлеп турган.

Кыргыз элинин кокон эзүүсүнө каршы күрөшү

18-кылымдын 60-жылдары Ирдана бийдин Ферганадагы ийгиликтуу согуштук аракетинин жана басып алуучулук тышкы саясатынын натыйжасында, кокондуктардын ээлиги кеңейип, күч-кубаты артат. Ушундай кырдаалда Кокон улугу кыргыз уруулары менен ынтымагын бузуп, аларды багындырууга жана кыргыз жеринин эсебинен өз ээлигин кеңейтүүгө күч үрөп киришкен. Ирдана бий 1762-жылы кыргыздарга тиешелүү Өзгөн жана Ош шаарларына жортуул уюштурат. Жортуул учурунда Кокон аскерлерине ичкилик Адыгине, Моңолдор урууларынын улугу Ажы бийдин колу катуу каршылык көрсөткөн. Бир нече жолку салтылашуудан кийин көп жоготууларга дуушар болгон кыргыз жоокерлери тоо тарапка чегинет. Кокондук төрөлөр кээде кыргыздарды тынчтык жолу менен өз тарабына тартуу үчүн аларга ар кандай иш берип, наам-даражаларды ыйгарчу, алык-салыктарды жеңилдетчү, жакшы жайыттарды убада кылчу. Натыйжада, айрым кыргыз уруулары өз ыктыяры менен хандыктын карамагына өткөн. Арийне, Түштүк Кыргызстандын көпчүлүк чөлкөмдөрү күч менен баш ийдирилгени талашсыз.

Ал эми хан бийлигин каалабаган жана ага каршылык көрсөтүүгө дарманы жетпеген кыргыз уруулары Кыргызстандын түндүгүнө журт которуп кетет. Кокон хандарынын Кыргызстанды басып алуусун кыргыз феодалдарынын өз ара кагылышуулары, биримдиктин жоктугу кыйла оңойлоткон. Түштүк Кыргызстанды кокондуктардын багындыруусу негизинен 19-кылымдын биринчи чейрегинде аяктайт. Түндүк Кыргызстанды багындырууну Кокон хандыгы Чүй өрөөнүндөгү кыргыз айылдарына кол салуу менен баштаган. 1825-жылы Чүйгө Лашкер Кушбеги (кошуун беги же аскер башчы) башчылык кылган аскер жөнөтүлүп, ички биримдиги жок чүйлүк кыргыздарды басып алган.

Душман менен бир нече жолку кагылышта жеңилүүгө дуушар болуп, айбат кылуудан эч майнап чыкпасына көзү жеткен Сарыбагыш, Солто урууларынын бир бөлүгү хандын бийлигин таанууга аргасыз болот. Ал эми Сарыбагыштын экинчи бир бөлүгү баскынчыларга багынып берүүнү каалабай, Атаке бийдин балдарынын жолбашчылыгы астында Ысык-Көл аймагына журт которуп кетет. Чүй өрөөнүнүн түшүмдүү жерлерине кызыккан кокондуктар ошол эле жылы Аламүдүн суусунун жээгине Бишкек (Пишпек) коргонун куруп, ал жерге аскер бөлүктөрүн калтырат. Көп өтпөй алар көлдүк кыргыздарга элчи жиберип, багынып берүүнү талап кылат, бирок «ме жамбашым» деп тескери жооп алгандан кийин, Кокон хандыгы 1831-жылы Ысык-Көлгө, Нарынга эки тараптан жортуул уюштурат. Кокон кошуунунун акими Лашкер Кушбеги баш болгон бир бөлүгү Ташкен, Чымкен, Олуяата, Чүй өрөөнү аркылуу Ысык-Көлгө келген, ал эми хандын аскерлеринин экинчи бир бөлүгүн Хаккула башкарып, алар Ферганадан чыгып Көгарттын белин ашып, Акталаа, Атбашы, Нарын, Жумгал, Кочкорго чейин келип бүлүк салышкан. Ошентип, кокондуктардын оңой женишке жетишүүсүнө кыргыздардын бытырандылыгы, уруулар ортосундагы талаш-тартыштар, алардын ынтымагынын жоктугу себеп болгон. Айрым түшүнүгү тайкы, өзүмчүл кыргыз төбөлдөрү өзүнө жакпаган урууну Коконго басып берүүнү көздөгөн.

Ал кезде Сарыбагыштар менен Саяктардын, Саяктар менен Бугулардын тирешүүсү аябай курчуп турган эле. Алардын чатагын душмандар эптүүлүк менен пайдаланып, аларды бири-бирине тукуруп, жалгыздатып баш ийдирген. Жаңы аймактарды бекемдөө үчүн кокондуктар (Бишкек, Токмок, Аксуу, Чалдыбар, Карабалта, Мерке, Атбашы, Куртка, Тогузторо, Кочкор, Жумгал, Суусамыр, Тоң, Жаргылчак, Тамга, Барскоон, Каракол) чеп коргондорун курган. Кокон хандыгынын үстөмдүгүнө каршы кыргыз элинин боштондук күрөшү 19-кылымдын 30-40-жылдары күч алып, Нарындын торун жердеген Саяк уруусу катуу каршылык көрсөткөн. Анткени, Саяктар буга чейин Чыгыш Түркстандагы цин-манжур бийлигине каршы кыймылга, Жаангер Кожонун Кашкарга жасаган жортуулуна катышып, аскердик уюмдашуу жана курал-жарак топтоо жагынан кыйла такшалып калышкан. Ушундай салгылаштарда такшалган Тайлак агасы Атантай менен Кокон хандыгынын баскынчылык саясатына каршы элдик көтөрүлүштү жетектейт. Көтөрүлүшкө Акталаа, Тогузторо, Нарын, Атбашыдагы кыргыздар жигердүү катышкан.

Элдик кыймылдын башталышына кокондуктардын 1831-жылы жортуул учурундагы аёсуз талап-тоноолору, адам чыдагыс зөөкүрчүлүктөрү, көрсөткөн кордуктары себеп болгон. 1831-жылы Хаккула баштаган 7 миң кокондук жоокерлер Акталаадагы саяк уруусун кыйратып, Атантай менен Тайлакты туткунга алган. Туткундан бошогондон кийин алар тез арада кол топтоп, Куртка сепилине кол салган. Салгылашта кыргыздар жеңип чыгып, чептеги зындандагы туткундарды бошотушкан. Эл малына кайра ээ болуп, салык төлөөдөн бошотулат. Көтөрүлүштү басуу үчүн Акталаага Арап баатыр баштаган 500 жоокерди жөнөтүшкөн.

Тогузтородогу Бычан деген жайыкта Тайлактын жигиттери Араптын колунун жолун тороп, эки тарап беттешкен. Ошол салгылашта душман оор жоготууга учурап, 400 аскеринен айрылган. Бул кармашта Арап баатыр Тайлактын колунан курман болгон. 19-кылымдын 40-жылдары кыргыздардын көз каранды эместик үчүн кыймылы күч алып, кеңири аймакты кучагына алган. 1843-жылы Ысык-Көл өрөөнүндөгү кыргыздар көтөрүлүш баштап, Каракол, Барскоон, Коңурөлөң чептеринен кокондук сарбаздарды кууп чыгышкан.

Нарын аймагында Табылды баатыр жетектеген элдик кыймыл эки жылга созулуп, кокондук төрөлөрдү көптөгөн жоготууларга дуушар кылган. Черик уруусунан чыккан Турдуке баш болгон Атбашылык кыргыздар Кокон бегине салык төлөөдөн баш тарткан. 19-кылымдын биринчи жарымында кыргыз элинин Кокон хандыгына каршы күрөшүнүн тарыхый мааниси чоң. Элдик кыймылдын күч алышынын натыйжасында, баскынчылар жергиликтүү элдин катуу каршылык көрсөтүүсүнө кабылышып, көп аскеринен айрылып, чыгашасы арбып, бийлиги бошондогон.

Хандыктын тарыхы

Миң (Минг) өзбек династиясынын биринчи башкаруучусу Шахрух-бий. Алгач ал Абулфейз-хан тарабынан калтырылган аталык титулуна ээлик кылган. Миңдердин сандык жактан көптүгү, алардын аймактагы башкы бийликке болгон күрөштө жеңип чыгууга шарт түзгөн. Шахрух-бий жөн жерден эле лидер болгон эмес. Анын аскер таланты болуп, физикалык жактан күчтүү келген. Жаңы мамлекеттин убактылуу борбору катары Тепакурган тандалган. Бул жерде чеп, базар жана жаңы кварталдар курулган.

Абдурахим-бий Шахрух-бийдин улуу баласы болуп, Шахрух өлгөндөн кийин такка келген. Башкаруу доорунда Кокон хандыгынын курамына Хожент менен Андижан кирген. Абдурахим-бий Амир Тимурду туурап, сахибкиран тарыхчысымын деп өзүн атаган, биринчи өзбектердин миң уруусунун башчысы. Абдурахим-бий Самаркандды баш ийдирүүгө аракет кылып, өзбектердин кенагас уруусунун Шахрисабза башкаруучулары менен альянс келишимине кол койгон. 1732-жылы Адбурахим-бий Самарканды басып алган. Мамлекеттин борбору бироло Кокон болуп калат. Ал жакта жаңы чеп курулуп, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

Абдурахим-бий 1734-жылы каза тапкандан кийин Кокон хандыгындагы бийлик анын кичүү иниси Абдукарим-бийге өтөт. 1740-жылы ал Кокондун айланасын жаңы дубал менен курчап тосууга буйрук берип, кийин жунгарлардын кол салуусунда дубалдын жардамы тиет. 1740-жылы Абдукарим тууган-туушкандары менен жунгарлардан качып казак бийи Төлө бийден баш калкалоо табат. Жунгарлардын башчысы Галдан-Цэрен казактардан аны берүүнү талап кылган, бирок Абдукарим жунгар элчилерин кубалап жиберген.

1745—1747-жылдары Кокон хандыгы жунгарлардын агрессиясына кабылып, алар Ош, Андижан, Марлаганды басып алышып, Кокон шаарын курчоого алган. Критикалык кырдаалда Абдукарим аскер уюштуруучулук талантын көрсөтүп, душмандар борбор шаардан куулуп чыгарылат. Жунгар агрессиясы өлкөнүн экономикасына олуттуу зыян келтирип, мамлекеттик саясый борборлоштуруусун кечеңдеткен.

1750-жылы Абдукарим-бий өлгөндө, Кокон хандыгындагы бийлик анын баласы Абдурахман-бийге өтүп, 10 айдан кийин такка анын жээни — Абдурахим-бий баласы (ибн) Ирдана-бий (Эрдене бий деп дагы аташат) келет. Анын башкаруусунун башында, миң өкүлдөрүнүн бийликке болгон күрөштүн курчушу менен мүнөздөлөт. 1752-жылы өлкөдөгү бийликти убактылуу анын биртуганы Бобобек басып алып, ал дагы он ай гана башкарат. 1753-жылы Ирдана-бий кайрадан кокон тагына отурат. Ал Кокон хандыгын кеңейтүү боюнча активдүү саясат жүргүзгөн. Бухара хандыгынын башчысы Мухаммад Рахим-хан менен биримдикте (1756—1758) ал өзбектин юз (жүз) уруусуна жортуул жасайт. Мухаммад Рахим-хан анын өгөй атасы аталган. 1758-жылы Ирдана бий мамлекетке Ура-Төбөнү кошкон.

Нарбут-бийдин убагында (1764—1798) өлкөдө салыштырмалуу саясый туруктуулук келип, экономикалык өнүгүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн. Нарбут, пул аталган жез тыйындарды чыгарган.

Кокон тарыхчысы, молдо, Олим Махдум Хожи Нарбут бийдин коконду башкаруусун кийинкидей баяндайт: «Анын башкаруу мезгилинде эч кандай түйшүктөр жана тынчсыздануулар, ачкачылык жана кымбатчылык болгон эмес. Ал хандын убагында акча системасы айланып чыгып, кампалардан эч ким буудай сатып алган эмес, анткени, буудай жөн эле берилчү. Коңшу аймактардын көптөгөн элдери арзан жана бейпил жашоону угуп, Коконго көчүп келе башташкан, а бул Фергананын өсүп өнүгүүсүнүн жана абаттануусунун себеби болгон».

Экспансия

Нарбут бийдин баласы Алим хан тоолук тажиктерди колдонуп Фергана өрөөнүнүн батыш жарымын алат, анын ичинде Хожент жана Шаш (Ташкент). Өзүнүн мамлекетин бекемдөө үчүн Алим хан каршылаштарын жок кылып, ырайымсыздык менен өзүнүн бийлигин күчөтүүгө умтулган, ушуга байланыштуу ал «залим» (тиран) жана «шир-гаран» (заардуу жолборс) атка конгон. Хандыгынын бардык мезгилин маанилүү шаарлардын бектери менен согушуп жүрүп өткөрүп, Чымкент, Сайрам, Карабулак, Кураму, ал гана эмес Ташкентти жеңип, Ирдана бийдин убагында кокондуктар менен бухаралыктардын талашы болгон Ура-Төбөгө 15 жолу жортуул жасаган. Бирок, Алимди дал ушул согуш түбүнө жеткен. Эл, бийликти жакшы көргөн хандын согушчул мүнөзүнө чыдабай, 1809-жылы өзүнүн биртуганы Умар хандын тарапташтары жактан өлтүрүлгөн.

1815-жылы Умар хан бухар эмири Хайдардан Түркстан шаарын жеңип алган. Ал Ходжа Ахмед Ясавинин күмбөзүнө барып, 70 кой союп, ошол ыйык жердин бардык шейхтерин сыйлаган. Бул жерде ал хан гана болбостон амир ал-муслимин (дин жолдоочу) титулун алаарын жарыялайт. Титулу жума намазда салтанаттуу жарыяланган. Ошол эле жерде мамлекеттик кызматка дайындалышы айтылып, түрдүү наамдар берилген. Жан-дүйнөсүндө акын, акындардын жана окумуштуулардын жактоочусу Умар хан аскерге караганда тынчтык жашоого ийимдүү болгон өңдөнөт; кандай болсо да, Бухара менен талашып-тартышууну каалаган эмес. Эл тарабынан жактырылып, өзүнүн бийлигинин тышкы көркөмдүүлүгүнө көп кам көргөн. Бирок, Умар хандын дагы башкаруусу Кокон хандыгынын ээликтеринин кеңейүүсү менен белгиленген. Маданий курулушта Умар хан Тимурду туураганга аракет кылып, Кокондо илимдин жана адабияттын гүлдөшүнө шарт түзгөн. Умар хандын башкаруу мезгилинде кийинки шаарларда мечиттер жана медреселер курулган: Кокон, Ташкент, Түркстан, Чымкент, Сайрам, Аулие-Ата. Жаңы Шахрихан шаары негизделген.

1822-жылы Умар хан каза болуп, такка анын 12 жаштагы баласы Мадалы-хан (Мухаммед Алихан) келет. Мадалынын башкаруусунда Кокон хандыгы эң чоң аянтты ээлеген. Хандык заманбап Түндүк Кыргызстандын жана Түштүк Казакстандын аймагындагы урууларды каратып алган. Бул жерлерди көзөмөлдөө максатында 1825-жылы Пишпек жана Токмок чептери негизделген. 1834-жылы Кокон аскерлери Каратегин, Куляб, Дарваз бекчиликтерин алышкан. 1826—1829-жылдары Кашкарга бир нече жортуулдар уюштурулган. 1826-жылы Мадалы хан (Мухаммад Алихан) кытайлыктарга газават (газават — дини бузуктарга [дини башкаларга] болгон куралдуу күрөш.) жарыялап, Цин империясына болгон Жангирдин күрөшүнө жардам көрсөтүү үчүн өзүнүн аскерлерин Кашкарга жөнөтөт. 1829-жылы Мадалы хандын аскерлери кайрадан Ура-Төбөнү жеңип алышат. Мадалы Россия, Бухара эмирлиги, Хивин хандыгы жана Турция менен дипломаттык байланышты сактап турган. Мамлекеттик иштерди иреттөө, өлкөнүн экономикасындагы, кол өнөрчүлүк, өндүрүш жана соода тармагындагы белгилүү бир өсүүлөр Кокон хандыгынын жашоосунда жагымдуу жагдайды жараткан.

Дүрбөлөң

Мадалы хандын башкаруусундагы кетирген катачылыктарды нааразы партия колдонуп, бухар эмирлигиндеги Насруллага (Сеид Наср Улла Бахадур Хан) өлкөнү кылмыштуу хандан бошотууну өтүнүшөт. Жанкожо баатырдын кол башчылыгында, арал алдындагы казактардын көтөрүлүшү дагы терс таасирин тийгизет. Насрулла Коконго келип, Мадалы өлтүрүлөт, Кокон хандыгы, Бухарага каратылат (1842). Бухар эмирлигинин кийлигишүүсүнө нараазы болгон кыргыз бийлери Мадалынын ата-энелеш биртуганы Шералыны хан көтөрүп, Умар ханды кулатат. Бул күрөш мезгилинде фергана кыпчактарынан чыккан Мусулманкул миңбашы убактылуу бийликчи болот. Шералы хан боорукер жана момун башкаруучу болуп, бирок, анын бийлигинде мурда эле кагылышууларга алып келип турган көчмөн уруулар менен хандыктын туруктуу жашоочулары ортосунда касчылык күчөйт. Хандыктын кийинки тарыхы негизинен түрдүү топтор менен кандуу күрөшүү менен өтүп, ар бир жеңиш утулган тараптын ырайымсыз сабалышы менен коштолгон. Мусулманкул көрүнүктүү кызматтарды кыпчактарга таратып, алар өлкөдө кожоюндук кылып, туруктуу жашоочуларды сабап, кысым көрсөткөн. Кокон тарыхчысы Хаким-хан кыпчактарды өзбек урууларынын «эң бузулганы» деп атачу.

Мусулманкулдун Оштун четине келишин кокон ак сөөктөрү колдонуп, Алим хандын баласы Мурат бекти Коконго (хандыкка) чакырып, Шералыны өлтүрүшкөн (1845). Мусулманкул Коконго шашылыш түрдө жөнөп, 11 күн хандык кылган Мурат ханды өлтүрүп, Шералынын 5 баласынын кичүүсү, 16 жаштагы Кудаярды такка отургузуп, өзү регент (регент — монахртын ордуна мамлекеттин убактылуу башкаруучусу) болуп калат. Кудаяр Мусулманкулдун камкордугунан басмырланып, чыдабай кыпчактарга кашры партиянын жөлөк-таягы болуп, Мусулманкулду кулатып, 1852-жылы аны өлтүрөт. Бул окуя фергана кыпчактарынын жапырт жок кылынышы менен аяктайт.

Кудаяр хан бийлик үчүн өзүнүн биртуганы Мала бек менен бирге күрөш жүргүзөт. Кудаяр Вали-хан тура Маргинанинин жактоочусу болуп, ал бир күнү аңчылыкка Мала бекти кошо алууну сунуштайт. Хан атактуу өзбек макалы менен жооп берет: «икки кучкорни боши бир козонда кайнамайди», которулушу кийинкидей түшүндүрүлөт: эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт.

1858-жылы Мала бек Кудаяр ханды тактан кулатып, Кокон тагына Мала хан ысымы менен отурат (1858—1862). 1862-жылдын 24-февралында маргалаңдык бек Алымкул Кыргыз Мала ханды кулатуу жана аны өлтүрүүдө маанилүү ролду ойнойт.

Кийинчерээк, кыргыз-кыпчак уруусунун башчысы Асан бийдин баласы Алымкул Мала хандын жашы жете элек баласы Султан Сейитти хан жарыялап, Кокондогу бийлик 1863—1865-жылдары Алымкул-аталыкка өтөт. Ошол эле жылы ал «Лашкер башы» же «Амир лашкери» наамына ээ болот. Кудаяр хан бухар эмири Музаффардын жардамы менен бул башаламандыкты колдонуп, Коконго кирип келет, бирок көп өтпөй эле Алымкул тарабынан куулуп, кайрадан Бухарага качат. 1865-жылы Ташкенттен анча алыс эмес жерде орустар менен болгон кармашта Алымкул каза таап, бухар эмири кайрадан Коконго аскерлери менен келип, Кудаярды такка отургузат, эмир артка кайтып келе жатканда Иржаромдон анча алыс эмес жерде талкаланып, андан кийинки Ура-Төбө жана Жизакты орустар тараптан алынышы Кокон хандыгын Бухарадан айрылышына алып келген. Башаламандыктар Кокон хандыгынын курамына кирген Түркстан аймактарында орус бийлигининин бекемделишин жеңилдеткен.

Россия менен конфликттер

Россия империясы менен Кокон хандыгынын эки тараптуу байланыштары жетишээрлик түрдөө татаал болуп, негизинен конфронтациялык мүнөздө жүргөн. Советтик жана россиялык тарыхчылардын ою боюнча чукул татаалдашуунун инициативасы ортоазиялык өлкөдө болгон. Хандыктагы курч ички саясый күрөштүн натыйжасында, такта дайыма Россияга каршы топтор болгон дешет. Ошондуктан россиялык көпөстөр (соодагерлер) кокон хандыгынын башкармалыгы тарабынан куугунтукталып турган, мунун айынан алар чыгымдарды тарткан дешет Россиялык тарыхчылар.

Андан тышкары, 1740-жылдары Россия мамлекетине берилгендигине ант берген казак айылдарындагы Орто Жүздүктөргө кокондуктар башчылык кылууга талаптана башташат. Мисалы, 1831—1834-жылдары муруңку орус букарасы, казак султаны Саржан Касымов кокон ханынан аскерлерди бердирүүгө көндүрүп, Орто Жүз казактарынын туруктарына кол салып турган. Касымов Сары-Суу дарыясында эки сепил-коргон куруп, бирок падышалык аскерлерден утулуп Кокондо башкалкалоого аргасыз болгон. 1834-жылдын май айында кокон башчысынын буйругу менен ташкенттик беклербек (бейлербей — жогорку даражадагы чиновник) Касымов менен алты миңдик аскердин коштоосунда Орто Жүз казак айылдарына жөнөп, Ишим дарыясына жетет. Ошону менен бирге талааларга антироссиялык үгүттөрдү уюштуруу үчүн 100 чакты үгүттөөчүлөр жөнөтүлгөн.

Бирок, кокон кол башчысынын алдында элди көтөрүлүшкө чакыруу болбой калган. Алар Улутау чебинде бекемделишип, бирок, Акмолодон россиялык аскер отряддары чыкканын билип, горнизонду шаарда калтырып, өзүлөрү Ташкентке качышкан. 1850-жылы казактардын Орто Жүзүнө дагы бир аскер жортуулун ташкенттик беклербек Мирзаахмед жасап, ал дагы ийгиликке жетпей калган. Ошондой болсо да, кокондук жана хивиндик бийликтин (Хива дагы аймактагы гегемонияга умтулган) агрессивдүү акциялары Россияга кымбатка турду. Ортоазиялык башчылардын көкүтүүлөрү менен көчмөн уруулар Россия империясынын чек аралык айылдарына кол салышып, малдарын айдап качышып, адамдарын да уурдап кулчулукка сатышчу. Кокон хандары андан тышкары, өзүлөрүнүн аскерлерин үйрөтүү, машыктыруу максатында Россия аскерлерин колго түшүрүүгө аракет кылышкан. Ошондуктан 20-30-жылдардагы россия бийлигинин Екатерина II падышачылыгына мүнөздүү муруңку саясаты казак урууларына караганда башка көчмөн элдерге экономикалык жеңилдиктер, мечит, мектеп, кербен-сарайларды куруу, мусулман китептерин басып чыгаруу арткы планга өткөн. Пайда болгон кырдаалдардын натыйжасында бул мезгилде административдик-аскер иш-чараларына көбүрөөк көңүл бурулган. Бул үчүн падышалык башкармалык тарабынан көчмөн башчыларынын бийлиги чектелип, чек аралык чептердин гарнизондору күчөтүлгөн.

Ошентип, акырындык менен Оренбург жана Батыш-Сибирь, андан кийин Сыр-Дарыя чек ара сызыктары калыптанган. 1860-жылдардын башталышында бул чек ара сызыктарынын четтери (Сыр дарыянын жээгиндеги Яны-Курган айылы жана Семиречьедеги Пишпек чеби) Россия мамлекетинин курамында болгон. Россия ээликтерине кирип кетип турган калган «ачык жерди» Петербург шаарында жок кылууну чечишет. Россия империясынын аскер-саясый башчылыгы тарабынан чек ара сызыктарын бириктирүү чечими кабыл алынат.

1855-жылдары хандыкка баш ийген кыргыз жана казак уруулары кокон башчыларынын зомбулугуна жана мыйзамсыздыгына чыдабай, россия букаралыгына өтө баштайт. Бул россия аскерлери менен хандыктын куралдуу конфликттерине алып келген, 1850-жылы Или дарыясынын ары жагында жайгашкан, кокон күчтөрүнүн таяныч пункту болгон Таучубек сепилине экспедиция кабыл алынып, максаты сепилди жок кылуу болчу, бирок сепил 1851-жылы гана алынган, 1854-жылы Алма-Ата дарыясында Верный чеби курулуп, бүткүл Заилий аймагы Россиянын курамына өтөт. Казактарды, россиялык букараларды коргоо үчүн оренбургдук аскер губернатор Обручев 1847-жылы Сыр дарыянын оозуна жакын жерде Раим сепилин (кийинчерээк Арал) куруп, Акмечитти алууну жоромолдойт.

1852-жылы Оренбург губернатору Перовскийдин демилгеси менен полковник Бларамберг 500 адамы менен Кумыш-Курган жана Чым-курган сепилин кыйратып, Акмечитти штурм кылып, бирок кол салуу ишке ашпай калат.

1853-жылы Перовский 2767 адам жана 12 замбиректен турган отряды менен Акмечитке жөнөйт, ал жакта 300 кокондук аскерлер жана 3 замбиреги болгон, 27 июлда штурм жасалып Акмечит алынат, кийинчерээк анын аты Форт-Перовский болуп өзгөртүлөт. Ошол эле 1853-жылы кокондуктар эки жолу Акмечитти алууга аракет кылышкан, бирок, 24 августта Кум-саутта старшина Бородиндин 275 адам жана 3 замбиректен турган отряды 7000 кокондуктарды чачыраткан, ал эми 14-декабрда Сырдын (Сыр дарыя) сол жээгинде майор Шкуп 550 адам жана 4 замбиректен турган отряды менен 17 жез замбриреги бар 13 000 кокондуктарды талкалаган. Ошондон кийин ылдыйкы Сырды бойлой бир катар сепилдер курулган (Казалинск, Карамакчы, 1861-жылдан тарта Жулек).

1860-жылы батыш сибирь башчылыгы Циммермандын башкаруусунда анча чоң эмес отрядды куралдар менен камсыздап, алар Пишпек жана Токмок чептерин талкалашат. Кокондуктар газават ыйык согушун жарыялап, 1860-жылдын октябрь айында 20 000 адамдан турган аскерлер менен Узун-Агач сепилине чогулушат (Верныйдан 60 км), ал жактан алар полковник Колпаковский тарабынан талкаланат (3 рота, 400 адам жана 4 замбирек). Оренбург жактан Сыр дарыяны бойлой сепилдер чынжырын түзүү менен орус чек арасы батыш Сибирден Ала-Тоону бойлой акырындык менен жабыла баштаган, бирок ал убакта болжолдуу 700 км аймак ачык болуп, кокондуктардын казак талааларынан кирип кетүү үчүн дарбаза болуп берген.

Ташкентти алдыруу

1864-жылы эки отряд, бири Оренбургдан, экинчиси Батыш Сибирден бири-бирин карай жүрүп отуруп кезигүү чечими кабыл алынат. Оренбург отряды — Сыр дарыя менен өйдө карай Түркстанга, ал эми батыш Сибирь отряды — кыргыз кыркаларын бойлой. Полковник Черняевдин башчылыгында 2500 адамдан турган Батыш Сибирдик отряды Верныйдан чыгып, 1864-жылдын 5-июнунда Аулие-Ата чебин штурм менен алат, ал эми полковник Верёвкиндин башчылыгында 1200 адамдан турган Оренбург отряды Форт-Перовскийден 12-июнда траншеялык иштердин жардамы менен алынган Түркстан шаарын көздөй чыгат. Аулие-Атада гарнизон калтырып, Черняев 1298 адамы менен Чымкентке жөнөйт, анда оренбург отряды кошулуп Чымкент алынат. Андан соң Ташкентти (Чымкенттен 120 км) штурм менен алуу аракети болот, бирок ал ишке ашпай калат.

1865-жылы кайрадан алынган аймакка Сыр дарыянын муруңку сызыгынын аймагын кошуу менен Түркстан облусу түзүлүп, Черняев анын аскер губернатору болуп дайындалат. Бухара эмири Ташкентти алууну көздөп жаткандыгы жөнүндөгү сөздөр Черняевди 29-апрелде, Ташкенттин сууларын башкарган анча чоң эмес Ниязбек кокон сепилин алууга түртүп, ал 1951 адам жана 12 замбиреги менен Ташкенттен 8 чакырым аралыктагы лагерде жайгашат, ал жакта Алымкул башчылык кылган 30 000 кокондуктар жана 50 замбирек болгон. 9-майда Алымкул жортуулга чыгып катуу жарадар болот. Алымкулдун өлүмү Ташкентти коргоодо пайдасыз жакка бурулат: шаардагы партиялардын күрөшү күчөп, чептик дубалдарды коргоо күчтөрү алсыз болот. Черняев абалды колдонуп, Ташкентти үч күндүк штурм жасоо менен алат (15—17-май), жоготуулары 25 адам өлүп, 117 адам жарадар болот; кокондуктардын жоготууларды кыйла көп. 1866-жылы Хожент дагы алынат. Ошол эле убакта, Ташкенттин мурдагы башчысы Якуб бек Кашгарга качып, Кытайдан убактылуу көз карандысыз болуп, ал жактан Йеттишар мамлекетин негиздейт.

Россиядан көз карандылыкка кабылуу

Бухарадан кол үзгөн Кудаяр хан 1868-жылы генерал-адъютант фон Кауфман тарабынан сунушталган соода келишимин кабыл алып, анда орустар Кокон хандагында жана кокондуктар орус ээликтеринде эркин келүү жана өтүү, кербен сарайларды уюштуруу, соода агенттиктерди кармоо (кербен башы) укугуна ээ болгон, алымдар (пошлина) болсо товардын 2½% баасынан ашпаган баада алынган. 1868-жылдагы коммерциялык келишим факт жагынан Коконду Россиядан көз каранды кылган.

Антироссиялык көтөрүлүш

Кокон хандыгынын башкаруучусу Кудаяр хан бир нече жыл бою түркстан бийлигинин эркин аткарып турган. Кауфмандын талабы менен Каратегиндеги талаштуу аймактардан чыккан Бухарага болгон аскер иш-аракеттерин токтот, генерал Абрамовдун отряды менен күрөшүүдө жеңилип, Коконго качкан шахрисабз бектерин Ташкентке жөнөтүп, Шахрисабз оазисин башкарууну бухаралык жогорку даражалуу төрөлөргө өткөрүп берет (1870-жылдын август айы).

1871-жылы Кауфман Петербургга Кудаяр хандын «орустар менен касташуу ойлорунан же каршлык көрсөтүүдөн баш тартты» деп ишенимдүү билдирүү жөнөтөт. Ханга I даражадагы ыйык Станислав орденинин бриллиант белгилерин жана «жарыктык» титулун беришкен. Орус дипломаты Струве 1870-жылдын май айында Кудаяр хан «хан сарайларды, базарларды, кербен сарайларды салып, бакчаларды көбөйтүп, элге чоң сый-тамактарды уюштурууда» деп жазган. Бул идиллиялык сүрөттөлүш чындык менен келишкен эмес. Россия бийлигинин Сыр дарыянын жээктеринде, анын ортоңку жана төмөнкү агымында, ошондой эле Ташкентте, Аулие-Атада, Пишпекте жана башка шаарларда бекемделиши хан казынасына салык кирешелерин чукул кыскарткан. Албетте, башкаруучу, жана анын жан-жөөкөрлөрү кыскарууларды калган букарлардын эсебинен калыбына келтирүүнү аракет кылып, алымдар менен аларды жакырлантат.

Дыйкандарды күчкө салып ишке тартуу кеңири жайылган, ыкмалар өтө катуу болгон. Мисалы, бир жолу эгин оруп-жыюу убагында хандардын арыктарын казууга келбегендерди тирүүлөй жерге көөмп салышкан делет. Хандыкта ойго келбеген салыктар киргизилген: камышка, талаа тикенектерине, көлмөлөрдөн кармап алынган сүлүктөргө... Анын үстүнө акча албаган сарбаз-аскерлер көңүлү жаккандын баарын алып, калкты жөн гана талап-тоноп кетишчү. 1870-жылдын башындагы Географиялык коомдун отурумунда чыгыш изилдөөчү А. Кун Кокондо «хан жана анын жанындагыларга болгон нааразычылык терең тамыр алды» деп өтө белгилеп айткан. Кауфан Кудаяр ханга анын тандаган жолу бүлгүнгө алып баруучу жол деп бир нече жолу эскерткен.

1873—1874-жылдары жазында Кокон хандыгында бир нече жолу козголоңдор чыгып, бирок, хан аны басаңдатууга жетет. Көтөрүлүшчүлөр орус бийлигине жардам сурап кайрылгандары да сейрек эмес болгон, бирок, орустар дайыма баш тартуу менен жооп кайтарышкан. 1875-жылы Кудаяр ханга кокон ак сөөктөрү да каршы чыгат. Кутумдун башында кийинкилер болгон: кайсы бир убакта колунан баары келген регент Мусулманкулдун баласы Абдурахман Автобачи, Иса-Аулие молдо жана хандын биртуганы, Маргалаңдын башкаруучусу Султан Муратбек. Ошондой эле, алар өзү жагына тактын мураскери Насриддин ханды да тартууга жетишкен.

1875-жылдын 15-июлунда орус элчиси Вейнберг М. Д. Скобелевдин жана 22 орус казагынан турган конвойдун коштоосунда Коконго келет. Эки күндөн кийин 4 миңдик аскерлердин башчылыгында көтөрүлүшкө чыккан кыргыздарга каршы жөнөтүлгөн Иса-Аулие молдо жана Абдурахман Автобачи козголоңчулар менен бириккендиги жөнүндө жаңылык келет. Кыргыздардын кол башчысы Исхак молдо өзүн хандын тууганы Пулат бекмин деп жарыялайт. Кутумчулар жакка Андижанда 5 миңдик аскери менен турган хандын баласы Насриддин дагы өтөт. Ош жана Наманган шаарлары аларга жол ачат. 20-июлда козголоңчулар кармашсыз Маргалаңга кирип келгени белгилүү болот (Кокондон 77 км), ал эми Иса-Аулие молдо элди орустарга жана алардын жардамчыларына каршы газаватка чакырат. Вейнбер дароо генерал Головачевке кат жөнөтүп, катта абалды баяндап, Хоженттен ханды коргоого отряд жөнөтүүнү сурайт.

22-июлдун түнүндө козголоңчулар Коконго жакындап келет. Хандын аскерлеринин жарымы, Кудаярдын экинчи баласы Мухаммед — Алим бек менен кошо, дароо эле козголоңчулар тарапка өтөт. Эртең менен жарандар арасында толкундоолор башталат. Кудаяр хан россия бийлигинин коргоосунда баш калкалоону чечет. 8 миңдик аскерлердин, 66 замбиректин башчылыгында жана казнадан асыл буюмдар жүктөлгөн кербен менен ал Хожентке жөнөйт. Хан менен бирге орус элчилиги да жөнөйт: Вейнберг, Скобелев, 22 орус казактары, 9 көпөс жана 6 кербенчи орус казактар. Кокондон алты километр жерде хан козголоңчуларга кармаш көрсөтүү үчүн токтойт, бирок, алардын бардык аскерлери башкалардын мисалында козголоңчулар тарапка өтүп кетет. Кудаяр хан менен болжолдуу 500дөй болгон анын жан-жөөкөрлөрү жана орус элчилиги гана калат. Козголоңчулардын тез-тез кол салууларына кабылып отуруп, 23-июлдун кечинде кичинекей отряд орус аскерлери көзөмөлдөгөн аймакка жетишет, эртеси Хожентке келет.

Кудаяр хандын качуусунан көтөрүлүш бүтүн хандыкты каптайт. Насриддинди башчы көтөрүшөт. Албетте, эч кандай салыктарды төмөндөтүү жөнүндө ал ойлогон дагы эмес, бардык окуяларда орустарды күнөөлөп, дароо Акмечиттен Пишпекке чейинки эски чек арадагы хандыкты тургузуу зарылдыгы жөнүндө жарыялайт. Орус бийлиги бул кырдаалда карап туруу «өлүмгө тете» экенин жакшы түшүнүп турган. 23-июлда хоженттик уезддик начальник Нольде 7-Түркстан линиялык батальондон 50 жоокерди элден алган жылкыларга отургузуп, бул импровизацияланган кавалерияны Махрам чек ара сепилине жөнөтөт. Ал отряддын артынан полковник Савримович жетекчилик кылган 2-артиллериялык батареянын бардык батальону жана дивизиону жөнөтүлөт. Дал ушул күчтөрдүн чек арага жакындап келе жатканы козголоңчуларды хандын жана орус элчилигинин изине түшүүдөн баш тарттырган.

Албетте, Хоженттеги орус администрациясы Кудаярдын келүүсүнө ыраазы болгон эмес. Анын жан-жөөкөрлөрү шаарда курал-жарагы менен жүрүп, коноктордун курсагын тойгузуу да оңой болгон эмес. 1875-жылдын 27-июлунда Верный фортундагы Кауфман Кудаярды Ташкентке жөнөтүүнү телеграф аркылуу буйрук кылат. Жөнөтүү 5-августка дайындалган. Кокондун жаңы башкаруучуларына бул маалымат тез эле жеткен. Кулатылган башкаруучуну тирүү калтыруу чыгыш дипломатиянын эрежелери боюнча божомолдонгон эмес, ошондуктан, 5 жана 6-августта 10 миң адамдан турган кокон аскерлери тоодон түшүп Ангрене дарыясындагы бир нече айылдарды басып алышат. Кокондуктардын бир отряды ташкент-хожент даңгыр жолуна чыгып, почта станцияларын өрттөп, өтүп бараткан арабачыларды туткунга ала баштайт. Ура-Төбөдөн Хожентке бараткан 2-линиялык батальондун дарыгери Петров жана прапорщик Васильев бычакталып өлтүрүлүп, дарыгердин 6 жашар кызы Коконго алынып кетилген. Ташкенттен Хожентке бараткан 2-линиялык батальондун юнкерлери Клусовский жана Эйхгольм туткунга түшкөн. Бул талоондордо хан Пскент станциясында болуп, өзүнүн жан-жөөкөрлөрү тарабынан күтүлүүчү өлүмдөн араң кутулган.

Ошондой болсо да, кол салуучулар кээде катаал каршылык көрсөтүүгө кабылып турган. Ташкенттен Самаркандды карай кеткен жолдогу Мурза-рабат почта станциясында 3-аткычтар батальонунун отставкадагы жоокери, Псков губерниясынын крестьянини Степан Яковлев арабакечтердин старостасы болгон. Ал, кокондуктардын келе жатканын билип, стациянын короосуна кирүүчү дарбазаны отундар жана эмеректер менен үйүп-жаап, өзү болсо дарбазанын маңдайындагы секиге (вышкага) чыгып алат. Кокондуктар станцияга келгенде мылтыгы менен аткылап, ок чыгарат. Бир адам дээрлик эки сутка бүтүн отрядды кармап турат. Акыр-аягы кокондуктар көптүк кылып, станцияны өрттөп жиберет. Ошондо Яковлев топ адамдарга чуркап чыгып, мылтыктын кундагы менен уруп-согуп отуруп көпчүлүк менен өлтүрүлөт. Анын башын кесип Коконго алып кетишет. 1877-жылы Яковлев өлгөн жерге плита коюлуп, 1895-жылы мрамордук крести бар гранит обелиски орнотулат.

1875-жылдын 8-августунда кокондуктардын чоң армиясы Хоженттин алдында пайда болот. Иса-Аулие молдо жергиликтүү жашоочуларга прокламацияларды (прокламация — саясый мүнөздөгү үгүттөөчү баракчалар) таратат, бирок, кокон аскерлери мурда Ташкентке жортуул жасаганда кандай кыйратууларды жасаганын эл жакшы билип, газаватка кошулууга шашылган эмес. Хожентте ал убакта орустардын батальону жана жөө жүргөн эки ротасы, жүз казактары жана бир замбиректер батареясы болгон. 9-августта бул күчтөр полковник Савримовичтин башчылыгында каршылаштарынын 15 миңдик аскеринин изин кайтарууга жетишет. 10-августта Ура-Төбөдөн майор Скарятиндин башчылыгында кошумча колдоо келип, алар душмандарды шаар дарбазасынан сүрүп чыгарышат.

12-августта полковник Савримович башчылык кылган 4 рота, жүз орус казактары жана артиллерия дивизиону менен Коста-Кола айылында турган Абдурахман Автобачи башчылык кылган 16 миңдик кокон аскерлерине чабуул жасоону баштайт. Таамай артиллериялык атуу менен кокондуктар артка чегинип, андан кийин жөө аскерлери аларды качууга аргасыз кылат. Ошол эле күнү Ташкенттен Хожентке подполковник Гарновский башчылык кылган 1-аткычтар батальону, ат сүйрөөчү куралдар дивизиясы менен келип, Хоженттин коргоочуларын эң татаал коргонуу аймактарында алмаштырат. Курчоонун пайдасы жок экенин билген кокондуктар Хоженттен чегинишет.

6-августтан 7-августка караган түнү кокон аскерлеринин басып кирген маалыматты алган генерал-губернатор Кауфман, дароо согуш аймактарына аскерлерди тарта баштайт. Теляуга (Теляу — Өзбекстандагы шаар) генерал-майор Головачевдун отряды жөнөйт. Ташкенттен подполковник Аминовдун колоннасы чыгат. 18-августта орус аскерлери Хожентте чогулуп, Кауфман дагы келет. Абдурахман Автобачи 50 миңдик ири армиясы менен Хоженттен анча алыс эмес жердеги Махрам чебинде жайгашат. 20-августта Кауфман каршылашына жол тартат. 1875-жылдын 22-августундагы кармашта кокондуктар жана алардын өнөктөштөрү — көчмөн кыргыздар талкаланат. Кармашта Абдурахмандын 1200 ашык жоокери каза табат. Орустардын жоготууларынан 6 гана адам өлөт. Автобачи Маргалаңга качат.

26-августта Кауфмандын отряды Коконго жол тартат. Анын алдынан тынчтык өтүнүчү менен Насриддин хан чыгат. 30-августта Маргалаңдын башкаруучусу Мурат бектен да тобо кылуу каты келет. Абдурахман Автобачи өнөктөштөрүнөн биринин артынан биринен кол жууп, чегине берет. Анын артынан кууп, 6 жүз орус казактар, артиллерия жана эки рота жоокерлерден турган Скобелевдин отряды жөнөп, тезирээк жетүү үчүн алар арбаларга (арба — эки дөңгөлөктүү араба) отургузулган. Болгону 10 сааттын ичинде гана (8-сентябрьдын кечки саат 9дан баштап, 9-сентябрдын таңкы саат 7 чейин) отряд 72 км өтүп, Абдурахмандын аскерлеринин арьергарддарын (арьергард — негизги күчтөрдүн артындагы аскерлердин бөлүгү) талкалаган. 10-сентябрда жоокерлер жана орус казактар Ош шаарына кирет. Бардык жеңилүүлөрдөн кийин Абдурахмандын жактоочулары чачырай баштайт. Миңдеген аскерлерден тез эле 400дөй жоокер гана калып, алар менен Адбурахман Андижан менен Өзгөндүн ортосунда ары-бери жылып отурат.

23-сентябрда Кауфман Насриддин менен Бухара жана Хивадагыдай сыяктуу тынчтык келишимин түзөт. Ал, хандын түздөн-түз Россиядан башка каалаган державалардан дипломатиялык макулдашуулардан баш тартууну көздөгөн. Сыр дарыянын оң жээгиндеги бир катар жерлер (айтылуу «Наманган бекчилиги») Наманган бөлүмү аталган Түркстан генерал-губернаторлугунун курамына киргизилген. Бул бөлүмдүн начальниги М. Д. Скобелев дайындалат. Кудаяр ханды тагына кайрадан отургузуу маселеси көтөрүлгөн дагы эмес.

25-сентябрда орус аскерлери Сыр дарыядан өтүп Наманганды алган. Ал жактан Кауфман, хандыктын чыгыш бөлүгүндө козголоңчулар кайрадан баш көтөргөндүгү жөнүндө билдирүү алат. Автобачинин сунушу боюнча кыргыз Пулат бек, хан көтөрүлгөн. Анын аскерлеринин топтолгон жери Андижан болот. Бирок, орус аскерлерине анын каршылык көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүгү жок болчу. Октябрдын башында генерал-майор В. Н. Троцкийдин отряды кыргыздардын атчандар тобун талкалап, бирок, Андижанды штурм менен ала албай калган.

Анын ортосунда, Кокондо жаңы козголоң башаталат. Абдурахман Автобачи жактан көкүтүлгөн жашоочулар хандын ордосуна кол салышат. Насриддин, атасы Кудаяр сыяктуу орустардын коргоосуна качат. 1875-жылдын 10-октябрында ал Хожентке келет. Кокондуктар Наманганды басып алып, орус гарнизону шаар ичиндеги чепте баш калкалоо таап, араңдан зорго штурмдун изин кайтарат. Жооп катары Намангандын аймагына жаңы орус аскерлери келет. Скобелев тарабынан башчылык кылган Наманган отряды хандыктын түрдүү аймактарына чечкиндүү рейддерди жүргүзүүгө аракет кылып турган.

Кокон хандыгынын көз карандысыздыгынын аякташы

1876-жылдын январь айында Кауфман Санк-Петербургга келип, тышкы иштер министрлигинин император Александр II болгон Кокон хандыгынын көз карандысыздыгын толук жок кылуу санкциясынан айланып айла табууга жетишет (Кокон хандыгынын көз карандысыздыгын жок кылууга мүмкүндүк алат). Ийгилиги жөнүндө дароо Ташкентке телеграф жөнөтүп, Скобелевге күтпөстөн Коконду алууга даярданууну баштоого буйрук берет. 24-январда жеңилүүлөр менен басмырланган Абдурахман багынып берет. Эми хандыктын борбор шаары менен иштөөгө мүмкүндүк жаралат. Кауфман Кокон шаарына чабуул жасоону баштоо тууралуу буйругу менен генерал Г. А. Колпаковскийге жаңы телеграмма жөнөтөт. Ушундай эле телеграмманы Наманганда турган Скобелев генерал Троцкийден алат. Троцкийдин телеграммасында «Миша (Скобелев), оозунду ачпа!» деген кошумча жазуусу болгон дешет. Кандай гана болбосун, бир күндө 80 км аралыктан өтүп, Кокон шаарына дал ушул Скобелев келет.

Кокондун борбору дээрлик кармашсыз багынып берет. Мунусунда Кокон хандыгынын өз алдынчалыгы толугу менен жок кылынган. Анын аймагы Түркстан генерал-губернаторлугунун курамына Фергана облусу катары киргизилген. Аймактын аскер губернатору М. Д. Скобелев болуп калат. Абдурахман Автобачи Россияга айдалып, көптөгөн мыкаачылыктарга аралашканы бар деп шектелген Пулат бек орус туткунчуларын өлтүрүп турган жерде — Маргалаңда өлтүрүлөт.

1876-жылдын 26-ноябрында Кокон хандыгынын аскер операцияларында катышкан катышуучуларына император Александр II «Кокон хандыгын жеңгени үчүн» аттуу медалды мамлекеттик сыйлык катары түптөйт.

Жок кылынган Кокон хандыгынын ордуна Россия империясынын курамындагы Фергана облусу түзүлгөн.

Мамлекеттик түзүм

Мамлекеттин башында хан болгон. Айланасында ири феодалдык ак сөөктөр жана чиновниктер турган. Хан жакынкы адам — миң башы. Жогорку кызмат катары казыначылар, аскер министри, полиция мүдүрү ж. б. саналган. Хандын убагында ага жакын сановниктерден (сановник — жогорку даражадагы, таасирдүү чиновник) турган кеңеш болгон, мында алар хандыктын жашоосун жана ишмердүүлүк маселелерин талкуулашкан. Хандыктын коомдук жана саясый жашоосуна мусулман дин кызматчылары чоң таасирин тийгизген. Дин кызматчыларынын башчысы хандын кеңешиндеги маселелерди талкулоого катышып, анын ой-пикири бардык маселелерде өтө авторитеттүү деп эсептелген.

Аймактардагы башкаруучулар бектер жана хакимдер (аким) аталган. Ташкенттин башкаруучусу өзгөчө абалда болгон. Ал хан тарабынан дайындалып, беклар-беги (бектердин беги) титулун алып жүргөн. Кыштактардагы административдик бийлик ак сакалдарга (старосталарга) берилген. Жашоочулардын өзүн алып жүрүүсү жана шариаттын нормаларын сактоо боюнча көзөмөлдү мух-тасибдер аткарган. Полициялар (кур башы) бектерге жана хакимдерген баш ийген. Армия жөө жана атчан жоокерлерден турган. Зарыл болгондо кошуундар түзүлгөн.

Сот бийлиги, башкы сот — казы-калон башчылык кылган казылардын колунда болгон. Бул кызматтарга, шартка ылайык шарияттын билермандары — дин кызматкерлердин өкүлдөрүн дайындашкан. Сот иштери шарияттын негизинде чечилген же бардыгы соттон, анын шарияттын нормаларын билүүсү же түшүнүүсүнөн көз каранды болуп, сот адилетсиздигине ири мүмкүндүктөрдү жараткан. Өлүм жазасы жана денеге залал келтирүү жазалары кеңири колдонулган.

Кокон хандыгынын башкаруучулары

  1. Алтын-Бешик Миң Кутлуг-хан Тангри-Яр Кудаяр I Султан (1512—1545), Бабур Тимурид баласы жана Сейдафак ысымындагы аялдар, Кутлы-хан Миңге үйлөнгөн, Ахсы шаарынын бийи (1528—1545)
  2. Тангри-Яр Кудаяр II Илик-Султан (1537—1610), Алтын-Бешик Миңдин баласы, Ахсы шаарынын бийи (1545—1597), Фергана шаарынын бийи (1597—1610)
  3. Яр-Мухаммед, Тангри-Яр Кудаяр II баласы, Фергана шаарынын бийи (1610—1615)
  4. Абу аль-Касым (Султан-Кучак-бий) (1606—1625), Бухарага айдалган Мухаммед-Аминдин баласы жана Тангри-Яр Кудаяр II небереси, Фергана шаарынын бийи (1615—1625)
  5. Убайдулла (Султан-Асыл-бий) (1622—1662), Абу аль-Касым баласы, Фергана шаарынын бийи (1625—1662)
  6. Жамаш бий (Шах-Маст-бий), Убайдулланын баласы, Фергана шаарынын бийи (1662—1677)
  7. Шахрух бий I (1638—1694), Жамаш-бий баласы, Фергана шаарынын бийи (1677—1694)
  8. Рустем Хаджи-Султан, Шахрух I баласы, Фергана шаарынын бийи (1694—1701)
  9. Пазыл-Аталык, Рустем Хаджи-Султан баласы, Риштан шаарынын бийи (1701—1704), өлкөнү биртуганы Ашур-Кул менен бөлүшүп алган. Өлтүрүлгөн.
  10. Ашур-Кул, Рустем Хаджи-Султандын баласы, Ахсы шаарында бий (1701—1704), өлкөнү биртуганы Пазыл-Аталык менен бөлүшүп алган. Өлтүрүлгөн.

Миңдер династиясы

1876-жылы Кокон хандыгы жок болгон.

Жайгаштыруу: 2021-05-14, Көрүүлөр: 20249, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-05-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу