Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Койлорду борго байлап семиртүү

Койлорду борго байлап семиртүү деген - койлорду колго багууга өткөрүп, кыска мезгилдин аралыгында алардын салмагын максималдуу көлөмгө жеткирүү менен этин көбөйтүү.

Борго байлап семиртүүгө тубар койлордун арасынан этке байлоо үчүн бракка чыгарылгандарды, сорттолгондорду, кой-өндүрүүчүлөрдү, жазгы козуларды коюшат. Козулардын салмагы энелеринен бөлгөндөн кийин адатта салмагынын жарымын түзөт, аларды борго байлап семиртүүгө койгондо, салмагын 40 килограммга, андан да көпкө чейин жеткирүүгө болот.

Энесинен бөлүнгөн козуларды көп жылдык чөптүн жашыл массасы - беде жана эспарцет менен тоюттандырууга болот. Алардын рационунда жашыл массанын көбүрөөк болушу дан тоюттарынын санын 30%ке чейин төмөндөтөт жана алардын азыктуулугун 20-25% чейин жакшыртат. Эгерде козулардын салмагы бордоп семиртүүгө чейин 26-28 кг болсо, анда алардын салмагын 40 килограммга чейин жеткирүү үчүн болжол менен 80-90 күн тоюттандыруу керек. Тездетилген шартта тоюттандырганда, күнүнө 200-250 гр кошуу үчүн анын рационундагы дан тоюттарын 35-40%ке жеткирүү жана тоюттандыруу процессин 60-70 күнгө чейин созуу керек.

Этке алынган 5-6 айлык козулардын салмагын 40-45 кг жеткирүү үчүн алларды ылдамдатылган темпте тоюттандыруу зарыл. Мындай козуларды алуу үчүн тубар койлорду күчөтүлгөн түрдө тоюттандыруу керек, ал эми энелерин эмген козуларга кошумча тоюттарды берүүнү күчөтүү талап кылынат.

Борго байлап семиртүүгө кочкорлорду, энесинен бөлүнгөндөрдү, бракталган койлорду коюшат. Эгерде козулардын салмагы борго байлап семиртүүгө жаңы коюлганда 30 кг болсо, демек кошумча кошулуучу салмагы 1 кг болушу үчүн 8,5 к тоют бирдиги зарыл. Борго байлап семиртүүгө коюлган мал дагы көбүрөөк салмак кошуусу үчүн убактысын узартуу талап кылынат. Рациондогу концентрацияланган тоюттун салмагын тездетилген тоюттандыруу үчүн көбөйтүү керек.

Койлордун эт массасын көбөйтүүдө эң эле үнөмдүү жолу - бул аларды жаратылыш жайыттарында борго байлап семиртүү.

Койлорду жайыт чарбасында борго байлап семиртүүнүн техникасы жана аны уюштуруу малдын башка түрлөрүндөй эле. Суткасында ар бир баш кой салмак кошуусун тездетүүсү үчүн 0,2-0,4 кг дандык тоюттар бөлүнүшү керек. Ар түрдүү топтордогу койлорду борго байлап семиртүүдө жайыттардагы чөптөрдүн абалы да маанилүү роль ойнойт. Тубар койлор жана кочкор (бараны-производители) койлор жайында 4,5-5,2 килограммга чейин чөп жешсе, ал эми күзүндө 3,2-3,8 килограммга чейин жешет.

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 2709, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо