Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

койчунун ыры

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | койчунун ыры

Созу Т. Салиевдики

Обону Р. Абдыкадыровдуку

Ат баспаган асканын,

Аралап басып ак карын.

Жайыттын кунгой-тескейин,

Кой болду мении бакканым.

Тетиги сары кыр жакка,

Чойт эркечим, чойт эркечим,

баштагын!

Ат баспаган асканын

Мен бастым шагыл-таштарын.

Кой баккан сонун турбайбы,

Балалык ойду таштадым.

Кара (бир) коого, кыр жакка,

Чойт эркечим, чойт эркечим,

баштагын!

Деги эле келбейт чарчагым,

Анкыса жыты арчанын.

Кыз суйгондой болосун,

Сылап саамай чачтарын.

Кун кечтеп кетти короого,

Чойт эркечим, чойт эркечим.

баштагын!

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1866, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу