Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кой жана суу пери

Баш барак | Гороскоп | Кой жана суу пери

Койлор менен суу перилер бири-бирине аябай окшош, ошондуктан бул экөөнүн ортосундагы мамлелерге оң таасирин тийгизет. Экөө тең активдүү жана энергиясы көп, ишмердүү жана ар кайсыларга кызыгат. Алар жарым сөздөн бири-бирин түшүнүшөт, анткени алардын жашоого болгон көз караштары жакын. Суу пери менен койлор жаркын, көңүлдө калган жана активдүү окуяларсыз жашай албайт. Баарлашууну жакшы көрүшүп, активдүү иштерге көп катышып, өз тегерегинде көп достору бар. Эсперименттерди жана жаңы башталууларды аздектешет.



Койлор менен Суу перилеринин мамлелери тез эле оттой жанат, көпчүлүк учурда бул экөөнүн ортосунда бир караштан сүйүп калуу сезидери учурайт. Бирок бул жанылык эмес, анткени ички дүйнөсү жакын адамдар кыйынчылыксыз эле сөз табышып кетишет.



Мындай союзда жылуу достук мамилелери да бар. Бирок, эки тараптын тең жаңы сезимдери жана кызыгууларды издеген, баш ийдирбеген умтулуусу, үй-бүлөө мамилелерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ар бири эркиндиктин абасы менен терең дем алгысы келет, ошого байланыштуу бири-бири менен сүйлөшүп алуу керек. Үй-бүлөө жаатында кайрылышуу ыгы буларга абдан керек болот.



Баарына белгилүү болгондой, бир максатка умтулуу, адамдарды биргелешип эмгектенүүгө алып келет. Кой менен Суу перилердин үй-бүлөөлүк биримдигин так ушундай мүнөздөөгө болот. Өз ара тартылууну сезип, алар бири-бирине муктаж.



Бирок экөө тең импульсивдүү экенин унутпоо абзель. Ошондуктан, бул түгөйлөрдүн үй-бүлөөсүндө көпчүлүк учурда чыккан чыр-тактар дүркүрөп, эмоциалдуулукта чечилет. Күнүмдүк турмуш монотондуу күн өткөрүүгө алмашылып, романтикалык мамилелерди бузуп салышы мүмкүн. Ал эми бактылуу учур болуп, эки жаат, бир келишимге келүүгө жетишип, өзүлөрү менен өзү болушса, мамилелер ийгиликтүү өнүгүп, көп жылдарга созулушу мүмкүн.



Суу пери менен койлордун нике биримдиги өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат, текши болбой, сезимдердин сууп кайра жалындашы менен алмашылып турат. Суу перилер сырткы чөйрөнүн өзгөрүүлөрүнө бат адаптациялашууга жөндөмдүү. Көбүнчө үй-бүлөөлүк карым-катнаштарда башкы ролду суу перилер ойнойт, мамилелерди жаны деңгээлге чыгарып, пайда болгон карама-каршылыктарды жөнгө салат. Үй-бүлөөлүк бюджеттеги материалдык каражаттардын жетиштүү болушу менен пайда болгон маселелер оңой чечилет.



Жашоодо бир арабада жол жүргөнү менен, Кой менен Суу перилер, профессионалдык майданда дайыма эле тил табыша албайт. Буга, ийгиликке азыраак жетишкен шериктештигинин көрө албастыгы себеп болот. Мындай учурда бири-бирин сүйгөн эрди-катын конкурент болуп калышына коркунуч туулат. Ушунун баарына карабастан, мындай учурда да компромис табууга болот, эгер өз убагында, бир максатты көздөй баратканын бул түгөй эсине алышса. Күнүмдүк турмуш кандай гана мамиле болбосун, өзүнө тартып чөктүрөт, ал эми сүйүү бул эки шериктештерге акыл-ойлорунун өсүшүнө алып келет. Эркинсиздик жана кыстоо сезимдери Суупери жана Койлордун үй-бүлөөлүк жашоосунда чон чекит коет, ошондуктан мындай түгөйлөргө узак мамилелерди сактап калыш үчүн кичине күч кубатын жумшап, аракеттенуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 886, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо