Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кой жана бийкеч

Баш барак | Гороскоп | Кой жана бийкеч

Бул түгөйлөр ийгиликтүү түгөйлөрдөн эмес. Койлор менен Бийкечтер бири-бирин бат эле зээриктирүүгө чоң мүмкүндүк бар. Башында Бийкеч өз өнөктөшүн кызыгуу менен карап, бардык жасаган иштерин тыкаттык менен анализдөөгө аракеттенет. Көп убакыт өтпөй эле Бийкеч белгисиндегилер Койлордун кылык-жоруктарын алдын ала билүүнү үйрөнүп алат. Кой белгисиндеги адамдар болсо талкулоо менен эмес, аракеттерди ишке ашыруу менен жашаганга көнгөн. Ошондуктан Бийкечтердин мындай саясаты Койлорго жагымсыз жана түшүнүксүз. Мунун баары бул түгөйлөрдүн бири-бирине кызыгуусун жоготууга алып келет. Бул түгөйлөрдүн сексуалдуу жашоосу да ушундай кырдаалга алып келет.



Бийкечтер менен Койлор ар башка орбиталарда айланат. Сүйүүдө бийкечтер муздак жана үнөмдүү, ошондуктан сексуалдык мамилелерди материалдык жыргалдыктын призмасы аркылуу караштырат. Мындай учурда Койлор Бийкечтин акча амбициясын канаатандыруучу адамга айланат. Ал эми сүйүүгө, кумарданууга жана романтикага умтулган Койлор, же тигил жакта жок, же бул жакта жок болуп калат. Жана мындай учурлар, качан Койлор өзүнүн сексуалдык жакындыкка баруу каалосун билдиргенде, кайра-кайра кайталана берет. Бийкеч болсо муздай болгон өзүн кармагандыкты жана эскичиликти гана сунуштоого жарайт. Албетте, кадимки адамдар сыяктуу эле Койлор, мындай учурга себептүү болгон, убакытты үйдө эмес, башка жерде өткөрүү каалоосуу пайда болот. Мындай мамилелер Бийкеч белгисиндегилер аял-киши болгондо көп учурайт (бул таң калаарлык иш эмес, анткени мындай өзүн алып жүрүү адаты эркектерге караганда аял-кишилерге эле таандык). Кандай гана болбосун мындай мамилелер көп убакытка созулбайт.



Ар бир адамдын сүйүүгө болгон жеке көз караштары бар экени баарыбызга эле белгилүү, бирок бул учурда мындай түгөйлөр бири-бирине таптакыр туура келбейт. Булар ар башка деңгээлдеги активдүүлүктө болушат, ошондуктан өз ара карым-катнаштары тез эле оркоюп чыга калат.



Ал эми биргелешип иш жүргүзүүсүнө көз жүгүртсөк, бул жаатта кичине үмүт бар. Койлор мүдүрдүн жана багыттандыруучунун ролун жүргүзүп, Бийкеч болсо монотондуу жумуш аткаруучунун ролунда болот. Бийкечтер өзүнүн табияты боюнча эмгекчил болушат, ошондуктан өз өнөктөшү тарабынан жумушка өзү кылган мамиледей мамилени талап кылат. Бийкечтер көп эмгектенишет, ага кошумча коллегасына да жардам берүүгө убакыт таба алат. Бирок үй-бүлөө жаатында мындай роль бөлүштүрүүлөр Бийкечтин кыжырдануусун жаратат, буга ылайык импульсивдүү койлордо зеригүү сезими пайда болот.



Бирок Бийкечтин Койлордон башкы өзгөчөлүгү болуп, анын бардык ыңгайсыздыктарга баш ийип, ушундай жагдайда бир нече убакыт жашоосун уланта берүүгө жөндөмдүүлүгү. Сезимталдуу Койлор болсо мындай курмандыкка даяр эмес. Кой жүрөгүнө буйрук берип, же аны күч менен кармап калуу мүмкүн эмес.



Ошондуктан, биргелешип үй-бүлөө куруу кадамына баруу үчүн эки тарап тең, ар кандай талаш-тартыштар, таарынуулар кез-кези менен толкун сыяктуу келип тураарын эске алуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1616, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу