Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кой айымдар

Баш барак | Гороскоп | Кой айымдар

Кой белгисинде төрөлгөн аялдар өзүнө көңүл буруу үчүн дайыма жана кайсы жерде болбосун өзүлөрүн тартуулай билишет. Өз тегерегинде жылдыздуу, сулуу аялдын сөлөкөтүн жасап, убакыт жана тенденцияны ээрчүү менен, дайыма модадан бир кадам алдыда болушат.



Принципиалдуу, кээ бирде ашыкча көк бет кой белгисиндеги аялдар, башка жылдыз белгилериндеги аялдарга салыштырмалуу, турмуш куруу жана сүйүү менен гана башын оорутушпайт. Өзүнө тың жана көз карандысыз кой белгисиндеги аялдар, башка аялдарга карганда өмүрлүк жарсыз, жалгыздык же бааланбагансыздык деген сыяктуу сезимдерди сезбей жашай алат. Бирок бул аялдар жеңил романга же флиртке оңой эле аралашып кетүүгө даяр, ошого карабастан алар өзүнө таандык рационалдуулукту сактап, эч качан мындай романдарга баш-оту менен байланбайт.



Кой белгисиндеги аялдар - эркек мүнөздөгү аялдар. Алар кайсы жерде болбосун - биринчи болушу керек: күндөлүк турмушта, жумушта, ошондой эле сүйүү мамилелеринде. Лидер-аял, дайыма биринчи болуп, башкарууга даяр. Ушулардын баарына карабастан, кой белгисиндеги аялдардын ички дүйнөсүндө аял касиетине ээ болгон жана назик натура жашынып жатат.



Кой белгисиндеги аялдар өз максатына жана көңүл кош болбогон адамына жетиш үчүн бардыгына даяр жана колунан келет. Бул аялдарды сырдуулук жана табышмактуулук өзүнө тартат. Өзүнүн өзгөчө сулуулугу менен бул аялдар бардык мырзаларды аяланасына чогултат. Мырзаларды чөгөлөтүп, кээде ал азап тарттырат, бирок бул аялдардын чыныгы сезимдери жанында эмес, өзү жете албаганга таандык.



Башка аялдар сыяктуу эле, кой белгисиндеги аялдар, мырзалар тарабынан суктанып турганды жакшы көрүшөт, бирок чын мактоо менен жалганды жана чын сезим менен жалган сезимдерди ажырата билишет.



Өтө ызаланма жана аны дайыма өзүнө катып, кой белгисиндеги аялдар сыртынан карганда дайыма тың көрүнөт. Жан дүйнөсүнүн тереңи ыгы жок жашыктуу жана көңүл жаралуу кой белгисиндеги аялдар, асмандагы жылдызды алып берип, алдына койгон чыныгы ак мырзаны табаарына ишенет. Жомокко ишенич менен карап, бирок жомок - жомок экендигин түшүнүп, көпчүлүк убакта кой белгисиндеги аялдар жалгыз болушат.



Мүнөзүндөгү карама каршылыктар жан дүйнөсүндөгү идеял менен күрөшүүгө кыстайт. Башкаруусу келет, бирок тымызын башкалар анын үстүнөн башкаруусун каалайт. Өзүнөн өйдө турган өмүрлүк жарды каалайт, бирок өзү да төмөндө калуусун каалабайт.



Келесоолукка чейин кызганчаак, сүйүүдө аябай өзүмчүл. Өзү тандаган өмүрлүк жарынын кемчилигин байкабастан же ишенбестен, анын өзгөчө өзгөчөлүктөрүн гана сүйүүсү аркылуу көрүп, аны асманга чейин көтөрөт.



Кой белгисиндеги аялдар ушундай бир ишеничтүүлүгү менен өз сүйүүсүн башка бир сүйүүгө алмаштырууга жөндөмү жок. Ал эч качан макоо ойсоке кыздардай болуп, тажрыйбасыздыгын көрсөтпөйт. Кой жылдызындагы аялдардын сүйүүсү сүйлөгөн сөзүндөй, жасаган ишиндей жана жүрүш-турушундай ачык жана тунук.



Өзүнүн жумушунда чыныгы карьериска-аял болуп чыга келет. Аял жумушун гана иштей албастан, эркектердин да жумушун алып бара алат. Мырза үчүн баарын таштоого, койлорду буйруктоо, эч кимдин колунан келбейт. Өзүнө тың жана көз карандысыз, бул аялдар бир нерсени талап кылуучу жардамга такыр көнбөйт, бирок жан дүйнөсүнүн тереңинде андайды күтөт. Бакытта да, кайгыда да, жеңиште да, оорчулукта да толук түшүнүктүүлүктү күтөт.



Кой белгисиндеги аялдарга эң керектүү сүйүү бул теңдик сүйүү. Сырдуулук - мамилелер түшүнүгүн бузат, ал эми намысына тийчү болсоңор - жүрөгүндөгү сүйүүсүн өлтүргөн болосунар. Сүйүү кумардуу жана романтикалуу, жаркын жана жарык болушу керек. Андай болбосо кой белгисиндеги аялдар өзүн жини келгенге чейин бактысыз сезе баштайт.



Өчтүгү жана митаамдыгы жок, өзүн аябастан ошол эле убакта азап тартуучуну ойнобостон, кой жылдызындагы аялдар дайыма ачык карталар менен, эч нерсени катпастан жана сырдабастан ойношот. Ар кандай чыр-чатактарда оңой алоолонуу менен, ошол эле убакта бат эле сууп калат.



Ак ниеттүү жана алоолонгон, берилген жана толкундатуучу, бирок импульсивдүү жана көз карандысыз - кой белгисиндеги аялдар укмуштарды жасап, кыялдарды ишке ашыра алышат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 2175, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо