Күрөө

Күрөө (моңг. «хурээ» — монастырь) — «Манас» эпосу боюнча кечилдер турган жай. Бул тибеттен таралган ламаизм дини менен байланыштуу. 16-кылымдын экинчи жарымынан тартып, Моңголиянын бардык жерлеринде ламаизмдин «сарыбөрк» тарамы кеңири жайылган. Ар кайсы жерлерге К. курулуп, эркектердин үчтөн бир бөлүгү кечил болуп, ошол К-лөрдө жашашкан. Бул диний тарам Саякбайда кытай, калмактарга гана мүнөздүү сүрөттөлбөстөн, байыркы кыргыздардын айрымдары К-лөрдө жашагандыгы эскерилет. "Манас" эпосунда кара кытайлар кыргыздарды чаап, туш-тушка сүргөнүн баяндаган окуяда жоо баатыры Молтокандын диалогунда мындайча айтылат: «Бу журтта каракчы бар, күрөө бар, Калың журт таза эмеспи, Муну кылып жүргөн бирөө бар» (Саякбай Каралаев, 1. 35). Мында ислам динин кабыл алганга чейин кыргыздар көп диндүү болуп, алардын айрым тобу кечилдик кылып К-лөрдө жашагандыгын көрсөтүп турат. Азыр да кыргыз калкы мекендеген Текес дарыясынын жээгинде К. (Калмак-Күрөө) деген жер, айыл бар, к. Кечил.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)