Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Күнөөсүздүк презумпциясы

Күнөөсүздүк презумпциясы (лат. praesumptio – божомол, жоромол) – сот тарабынан атайын айып тагылмайын, айыпкерди күнөөлүү деп кароого (табууга) жол бербей турган укук. Күнөөсүздүк презумпциясы жеке адамдын укугун сактоо үчүн атайын Декларациянын негизинде 1789-ж. Парижде кабыл алынган. Ал коюлган күнөөдөн айыпкердин болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп коргонуусу, бардык укуктардан пайдаланууга шарт түзүп берүү максатын караган. Бул статья боюнча айыпкер өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөөгө укуктуу, бирок милдеттүү эмес болуп саналат, башкача айтканда анын күнөөлүү экенин ошо күнөөнү койгон киши (тергөөчү, прокурор) далилдеши керек. Тергөөчү айыпкерди күнөөлүү деп тапкандан кийин ал прокурор тарабынан текшерилип, сотко ашырылат. Сот өкүмү ошол мамлекеттин атынан чыгат, ошондуктан айыпкерди күнөөлүү дешке сотко гана укук берилген. Мындан тышкары соттолгондон кийин да күнөөлүү адамдын жогорку инстанцияга арыздануусуна укук берилет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)