Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Күндүзгү жырткыч куштар

Күндүзгү жырткыч куштар (Accipitres, же Falconiformes) - түркүмүнө 270 жакын түр кирет. Кыргызстанда 35 түрү кездешет. Бул куштардын эң ири жана орточо көлөмдүүлөрү бар. Эң ири түрлөрүнүн бири болгон – америкалык кондордун канатынан уз. 115 смге жакын, канаттарын жайганда 275 смге чейин жетет. Жырткыч канаттууларга мүнөздүү учу ийилген курч-күчтүү тумшугу бар. Алардын орточо узундуктагы буттары адатта (дайыма) ийилген (ийрейген) курч тырмактуу (бүркүт турнаныкы саны бутунан узун). Тырмагы жана кармаган жемин өлтүрүү үчүн, ал эми тумшугу болсо олжосун бөлүштүрүп, майдалоо үчүн кызмат кылат. Бармактары бир кыйла узун, таман жак бетинде майда бодурлары бар, алар олжосун кармап туруу үчүн кызмат аткарат. Өңү-түсү адатта (дайыма) ачык эмес, көбүнчө бозомтук, күрөң, саргыч, же кара түстө, ак жүндөр аралашып кетет. Тарп менен азыктанган кээ бир түрлөрүнүн моюнунун теңи (бир бөлүгү) жылаңач. Куйругу көбүнчөсүн кыска (бүркүт турнадан башкасыныкы), тоголоктолгон (жумуру), учу оюк (эки ача), куйрук жүнү 12, кээ бир чоң түрлөрүнүкү – 14 жүндөн турат.

Көпчүлүк түрлөрүнүн эркек-ургаачысы окшош түстө болот, бирок жаш тарп биринчи жылда, кээде кийинчерээк да өңү-түсү боюнча чоңдорунан айырмаланат. Эркеги ургаачысынан кичирээк келет, бирок америкалык кондорлордун эркеги ургаачысынан чоңураак.

К. ж. к. жашоо тиричилик күндүз, кээ бирлери гана күүгүмдө өткөрүшөт. К. ж. к. бүт дүйнөгө таралган. Алар Антарктида жана океандык кээ бир аралдарда гана кездешпейт.

К. ж. к. бир топ жыл жашайт. Москва зоопаркында кондордун 69 жыл, каракур – 25 жыл, бүркүт – 46 жыл жашаганы белгилүү.

К. ж. к. – моногамдар. Бир жылда бир гана жолу, сейрегирээк эки жолу көбөйөт. Уясын жөнөкөй, адатта дарактарга, кээде дарак көңдөйүнө, аскага, жердин үстүнө салышат. Башка канаттуулардын салган даяр уясын ээлеп алган учурлар да бар. Жыл сайын бир эле жуп түзүлөт ошол эле уясына уялайт. Жумурткасынын саны ар башка – 1–2 (түрлөрдүн чоңдору), майдаларында 6–7, чанда 9 га чейин жетет.

Биринчи жумурткасын туугандан кийин эле баса баштайт, ошондуктан уядагы балапандар курагы боюнча ар башка болот. Жумурткасын көбүнчө ургаачысы басат, эркеги кыска убакытка гана алмаштырат. Ири түрлөрү (мисалы, көк жору) дээрлик 2 ай бою басат. Орточо түрлөр болжол менен бир ай бою басат. Жумурткадан жүн менен жакшы капталып жана көзү жакшы көрүп чыгат, бирок уяда кезинде азыктанууга жана жылытууга, ошондой эле душмандардан коргоого муктаж болот.

К. ж. к-дын беш тукуму бар. Америка жорусу тукумуна (cathartidae) Түндүк жана Түштүк Америкада таралган 6 түр, бүркүт труна тукумуна (sagittariidae) Африканын саваннасында жашаган – 1 түр, бакачылар тукумуна (pandionidae) Ыраакы түндүктөн жана түштүктөн башка, бүт космополиттик тараган – 1 түр, карчыгалар тукумуна (accipitrdae) Антарктикадан жана кээ бир океандык аралдарынан башка бардык дүйнө боюнча таралган 205 түр, шумкар сымалдар тукумуна (falocomidae) – 58 түр кирет. Алар да Антарктикадан жана кээ бир океандык аралдардан башка бүт бардык жерлерде таралышкан.

К. ж. к. негизинен түрлүү жаныбарлар менен азыктанат, биринчи иретте сүт эмүүчүлөр, куштар жана курт-кумурскалар, ошондой эле тарп менен да азыктанышат.

Кишинин чарба иш-аракеттеринде К. ж. к-дын практикалык мааниси чоң. Дыйканчылык үчүн зыяндуу кемирүүчү чычкандарды жана курт-кумурскаларды жоготуу менен алардын көпчүлүгү түздөн-түз пайдалуу. Башкалары, биринчи иретте оорулуу жана начарланган жаныбарларды жоготуу менен тандоонун эң маанилүү фактору болуп эсептелет. Бир четинен пайдалуу жаныбарлар менен азыктанган К. ж. к. деле олуттуу зыян келтирбейт, себеби алардын жалпы саны аз, демейде алардын саны эл аз жашаган жерде көп болот. Ошондуктан азыркы мезгилде абдан көп өлкөдө К. ж. к. коргоого алынган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)