Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Күндүн убакты-саатка бөлүнүшү

Күндүн убакты-саатка бөлүнүшү

Сопу садык-түн жарымынан ооп, жылдыз суюла баштаган кез.

Таң атаар маал - жарыктын белгиси келе баштаган кез.

Акшам (саар)- жарык түшүп, бирок күн шооласы көрүнө элек кез

Шашке - күн аркан бою көтөрүлгөн кез же 10-30.

Улуу шашке - саат 11-30га туура келет.

Жалган түш - саат 12, 12-30га туура келет.

Чак түш - күн так төбөгө келген кез же саат 13-00, 13-30.

Түш ооган маал - күн оң капталга оогон кез же саат 14-00, 14-30.

Бешим - күн батарга аркан бою калган кез же саат 16-30, 15-00.

Дигер - күн тегиз баткан кез.

Куптан - көз байланган чак.

Түн - жандуунун баары уйкуга кирген кез.

Кыргыз тили Азия Акматова

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)