Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Күн тартиби

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Күн тартиби

Күн тартиби ден - соолуктун эң негизги шарты. Ишти жана эс алууну туура уюштуруу балдардын жүрүш-турушуна, адаттардын калыптанышына жана аң сезиминин өрчүшүнө чоң таасир этет. Күн тартиби өзүнө эртең менен ойгонуп, туруунун мезгилин, мектептеги, үйдөгү иш аракетинин жана эс алуунун так убактысын камтыйт. Эгерде күн тартиби баланын жашына жана психикасына шайкеш болуп түзүлсө, бала өз убагында пландаштырган иш чараларын аткарганга үлгүрөт. Эгерде андай болбосо бала тынчсызданат, чарчайт, кызыкчылыгын жоготот. Ал эмес ооруга чалдыгат. Кенже класстагы балдар өз алдынча күн тартибин түзө албайт.

Аларга чоң кишилер жардам берет. Ошол үчүн ата-эне күн тартибин түзүүдө баланын ден соолугун, психикалык өзгөчөлүгүн эске алуусу зарыл. Андан тышкары баланын өзү менен маектешип, кайсы мезгилде ал эмне кылгысы келээрин билип, күн тартибин баланын каалоосуна ыңгайлаштырат. Ошону менен бирге үйдөгү шарттарга, ата-эненин убактысына жараша күн тартип ыңгайланыштырылат. Күн тартиби ийкемдүү болгондо гана, күнүгө күн тартибин өзгөртүүлөргө мажбур болбойбуз. Ошол себептен баланын күн тартибин түзөөрдөн мурун ата-эне терең ойлонушу зарыл.

Биринчи күндөрү көнбөгөн бала күн тартипти сактай албай калышы ыктымал. Ошондуктан ата-эне баланын жүрүш - турушун көзөмөлдөп, акырындан күн тартибине көндүрүшү керек.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 608, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу