Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Күн

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Күн

Күн (астрономиялык символу — ☉) — биздин Галактикадагы (Саманчынын жолу) жылдыздардын бири жана Күн системасынын жалгыз жылдызы.

Күн
Күн
Негизги мүнөздөмөлөрү
Орточо Жерден Күнгө чейинки аралык148 660 000 км, же 1,496⋅1011 м, (8,31 жарык мүнөт), 1 астрономиялык бирдик
Орточо горизонталдык параллакс8,794"
Көрүнүктүү жылдыз чоңдук (V)−26,74m
Абсолюттук жылдыз чоңдуквеличина 4,83m
Спектралдык классG2V
Орбита көрсөткүчтөрү
Галактика борборуна чейинки аралык~2,5⋅1020 м (26 000 жарык жыл)
Галактика тегиздигине чейинки аралык~4,6⋅1017 м (48 жарык жыл)
Галактикалык айлануу мезгили2,25-2,50⋅108 жыл
Ылдамдык~2,2⋅105 м/с (Галактика борборунун айланасындагы орбитада), 19,4 км/с (кошуна жылдыздарга салыштырмалуу)
Физикалык мүнөздөмөлөр
Орточо диаметр1 392 700 км же 1,392⋅109 м (Жердин 109 диаметрине барабар)
Экватордук радиус6,9551⋅108 м
Экватор айланасынын узундугу4,37001⋅109 м
Уюлдук кысылуу9⋅10−6
Бетинин аянты6,07877⋅1018 м² (11 918 Жер аянттары)
Көлөмү1,40927⋅1027 м³ (1 301 019 Жер көлөмдөрү)
Масса1,9885⋅1030 кг (332 940 Жер массалары)
Орточо тыгыздык1,409 г/см³
Экватордогу эркин түшүүнүн ылдамдануусу274,0 м/с² (27,96 g)
Экинчи космостук ылдамдык (бетинде)617,7 км/с (55,2 Жердикинен)
Бетинин эффективдүү температурасы5780 К (5506.85 °C)
Таажы температурасы~1 500 000 К
Өзөгүнүн температурасы~15 700 000 К
Жарыктыгы3,828⋅1026 Вт (~3,75⋅1028 Люмен)
Энергиялык жарыктыгы2,009⋅107 Вт/(м²·стерадиан)
Айлануу мүнөздөмөлөрү
Огунун жантаюуусу7,25° (эклиптика тегиздигине жараша), 67,23° (Галактика тегиздигине жараша)
Түндүк уюлдун түз чыгуусу286,13°, (19 саат 4 мүн 30 сек)
Түндүк уюл эңкейиши+63,87°
Тышкы көрүнүктүү катмарлардын сидерикалык айлануу мезгили (16° кеңдикте)25,38 күн (25 күн 9 саат 7 мүн 13 сек)
Экватордо25,05 күн
Уюлдарда34,3 күн
Экватордогу тышкы көрүнүктүү катмарлардын айлануу ылдамдыгы7284 км/саат
Фотосфера курамы
Суутек73,46 %
Гелий24,85 %
Кычкылтек0,77 %
Көмүртек0,29 %
Темир0,16 %
Неон0,12 %
Азот0,09 %
Кремний0,07 %
Магний0,05 %
Күкүрт0,04 %

Бул кун жонундогу маалыматтык макалабызда, кун деген эмне, анын түзүлүшү кандай, температурасы канча, жерден канча аралыкта турат ж.б. көптөгөн маалыматтар берилмекчи.

Күндүн айланасында башка объектилер дагы айланып жүрөт: планеталар жана алардын жандоочтору, эргежел планеталар, алардын жандоочтору, астероиддер, метеориттер, кометалар жана космостук чаң.

Спектрдик классификация боюнча Күн G2V (сары эргежел) түрүнө таандык. Күндүн орточо тыгыздыгы 1,4 г/см³ (суудан 1,4 эсе чоң). Күн бетинин эффективдүү температурасы — 5780 кельвин (5506.85 °C). Ушуга байланыштуу Күн дээрлик ак түстө жарык берет, бирок, Жердин атмосферасынын кыска толкундуу спектр бөлүгүнүн таасири алдында жарыктын катуу чачырашынан жана сиңирилишинен, Күндүн түз жарыгы биздин планетанын бетинде саргыч түскө ээ болот (булутсуз ачык асман болгондо асмандын көк түсү менен кошо, күн түсү кайрадан ак жарыкты берет).

Күн нурлануусу жердеги тиричиликти кармап турат (жарыктык фотосинтездин баштапкы дэңгээлдерине жана жарык фазасына зарыл), ал климатты аныктайт. Күндүн жарык чачуусу (Күндөн секундасына бөлүнүп чыгуучу энергиянын жалпы саны) L⊙ = 3,827⋅1026 Вт.

Жалпы маалымат

Күн суутектен (суутектин массалык камтылышы X ≈ 73%), гелийден (массалык камтылышы Y ≈ 25%) жана аз концентрацияда башка элементтерден турат (астрофизикада айтылгандай эле гелийден оор келген элементтер бул контекстте металл аталат); булардын жалпы массалык камтылышы Z ≈ 2 %. Суутек менен гелийден оорураак келген көбүрөөк жайылгандары кийинкилер: кычкылтек, көмүртек, неон, азот, темир, магний, кремний, күкүрт, аргон, алюминий, никель, натрий жана кальций. 1 миллион суутек атомуна 98 миң гелий атомдору, 851 кычкылтек атому, 398 көмүртек атому, 123 неон атому, 100 азот атому, 47 темир атому, 38 магний атому, 35 кремний атому, 16 күкүрт атому, 4 аргон атому, 3 аллюминий атому жана никель, натрий, кальцийдин 2ден атомудору туура келет, ошондой эле, башка элементтердин өтө аз сандагы саны.

Күндүн массасы M⊙ = (1,98847 ± 0,00007)⋅1030 кг, ал бүткүл Күн системасынын бардык массасынын 99,866% түзөт.

Күн спектри иондошкон жана нейтралдуу металлдардын сызыкчасын камтыйт, ошондой эле, суутектин жана гелийдикин. Биздин Галактикада (Саманчынын жолу, Галактика макаласын караңыз) 200дөн 400гө чейин жылдыздар бар. Ошону менен катар, алардын 85% — Күндөн азыраак жарык болгон жылдыздар (көбүнчө кызыл эргежээлдер). Башкы ырааттуулуктагы бардык жылдыздардай эле Күн энергияны суутектен гелийди термо өзөктүк (термо ядролук) синтез жолу менен иштеп чыгат. Күн маселесинде же учурунда 99% энергия протон-протондук цикл аркылуу бөлүнөт, ал эми башкы ырааттуулуктагы башка массивдүүрөөк жылдыздарда көбүнчө гелийди синтездөө CNO-циклине таандык.

Күн — Жерге эң жакын жылдыз. Күн менен Жердин орточо аралыгы — 149,6 млн км — болжолдуу 1 астрономиялык бирдикке барабар. Ал эми Жерден же Айдан байкоодогу көрүнүүчү бурчтук диаметр — жарым градустан кичине чоңураак (31—32 мүнөт). Күн Саманчынын жолунун борборунан 26 000 жарык жыл аралыгында турат, жана анын айланасында төрт бурчтуу же ящик орбитасында айланат (орусча ящичная орбита), бир айлануусу 225—250 миллион жылды түзөт. Күндүн орбиталдык ылдамдыгы секундасына 217 км, бир жарык жылын ал болжолдуу 1400 Жер жылында өтөт, ал эми 1 астрономиялык бирдикти — 8 Жер суткасында.

Учурда Күн биздин Галактикадагы Орион жеңинин ички четинде турат, Персей жана Жаачы жеңинин ортосунда, жана Аймактык жылдыз аралык булут аркылуу жылып баратат, башкача айтканда, Аймактык көбүк же көпмөдөгү тыгыздыгы аз жеринде жайгашкан жогорку тыгыздык аймагында (жылдыз аралык чачылган газ зонасында).

Күн — негизинен эки газдан — суутек (H) менен гелийден (He) турган абдан чоң, өтө ысык шар. Күн асмандан көздү уялткан өтө жарык кичинекей тегерек нерсе сыяктуу көрүнөт, анткени күн бизден орточо 148 670 000 км (8,31 жарык мүнөт) аралыкта турат. Күндүн туурасы жердикине караганда 109 эсе чоң, ошол күндү түзүп турган заттардан 330 миң жер шарын жасоого болор эле. Күндүн үстүнкү бетиндеги температуранын ысыктыгы 5780 К (5506.85 °C), борборуна жакын кыртыштагы температура 15 млн градуска цельсийге чейин жетет. Мындай өтө жогорку ысык температурада күн затында өзгөрүштөр болбой койбойт: суутек абдан күйүп, акырындык менен гелийге айланат. Ошондой эле, күн заттары жарыкка жана жылуулукка айланып, ушунун натыйжасында жерде жашоо пайда болгон. Күн эрип жаткан сыяктуу жаркырап күйүп, массасы тынымсыз азайып турат.

Бирок, күн абдан чоң болгондуктан, анын заты менен энергиясы канчалык ысырапка учураса да, миллиарддаган жылдар бою жаркырап тийип тура берет. Күндүн бетинен дайыма кара тактар байкалат. Мында күн газдарынын температурасы аларды курчап турган күн бетине караганда бир нече жүз градуска салкын келет. Ошондуктан, ал газдар кара так сыяктанып көрүнөт. Күн бетиндеги тактардын саны белгилүү бир мезгилге байланыштуу өзгөрөт, алардын саны болжол менен ар бир 11 жылда эң чоң көбөйүү чегине жетип турат. Ушул мезгилде астрономдор айткандай, күн айрыкча активдүү болот. Күндө бардык процесстер жанданат да анын нурлануусу күчөйт. Бул абал биздин планетадагы жашоо-турмушка дароо таасир этет.

Күндүн активдүүлүгү күчөгөн жылдары уюлдук жаркыроо көбөйүп, аба ырайы көтөрүлүп турат. Окумуштуулар бизди күндүн зыяндуу таасирлеринен коргоочу каражаттарды табууга аракеттенишип, күн жана жер кубулуштарынын байланышын изилдешүүдө. Күн атмосферасы күндүн бүт айланасын куурчап жатат. Ал, күндүн өзү сыяктуу негизинен суутек менен гелийден турат. Ай, күндү толук жаап, күн толук тутулган мезгилде күндүн айланасында күн таажысынын күмүш сымал жаркырап турушу бир нече мүнөткө созулат. Бул — күн атмосферасынын эң сырткы бөлүгү.

Күн протон, электрон жана башка өтө майда көп заттарды мейкиндикке тынымсыз чачып турат. Заттардын мындай бөлүктөрү бүткүл күн системасын аралап өтүүчү күн шамалы деген нерсени пайда кылат. Кээде күн атмосферасында жарк этүүлөр (жаркыроолор) деп аталган катуу жарылуулар болот. Күндүн ошол жарылуу болгон жеринин өтө ылдам учуучу, абдан көп бөлүкчөлөр атылып чыгат. Айрым жарк этүүлөр ачык космоско же Айда экспедицияда жүргөн космонавттар үчүн коркунучтуу.

Күн — биздин планетада жашоонун булагы. Күн нурунун энергиясы болбосо жерде тиричиликтин болушу мүмкүн эмес. Күн энергиясы ар кандай түзүлүштөрдө: күн жылыткычтарда, деңиз суусун тузсуздандыргычта кеңири пайдаланылат. Күн — космос кемелеринин жана автоматтык станциялардын дээрлик бардыгына орнотулуучу күн батареясы үчүн энергиянын булагы. Окумуштуулар обсерваторияларда күн телескопторунун жардамы менен күнгө байкоо жүргүзүп турушат. Орбиталык обсерваториялар чоң мааниге ээ, анткени аларга жер атмосферасы тоскоолдук кыла албайт.

Айрым жалпы мүнөздөмөлөр

Күн жылдыздык калктын биринчи түрүнө таандык. Күндүн пайда болуусунун көп кездешкен теориясы — Күн бир же бир нече эң жаңы (орусча сверхновый) жылдыздардын жарылуусунан калыптанган делет. Бул жоромол Күн системасынын затында алтын менен урандын көп болгонунда негизделген, ал эми булар өз кезегинде, жарылуунун же нейтрондордун экинчи муундагы массивдүү жылдыз тарабынан сиңирилишинен, элементтердин ядролук айлануусунун эндотермалдык реакциялардын натыйжасы болушу мүмкүн.

Күн нуру — Жердеги энергиянын негизги булагы. Анын кубаттуулугу күндүн туруктуулугу менен мүнөздөлөт. Бул туруктуулук болжолдуу 1,37 кВт/м² барабар.

Жердин атмосферасы аркылуу өтүү менен күн нуру болжолдуу 370 Вт/м² энергиясын жоготот, жана Жер бетине 1000 Вт/м² энергия гана жетет (ачык асмандуу аба-ырайында жана Күн төбөдөн тийгенде). Бул энергия ар кандай табигый жана жасалма процесстерде пайдаланылышы мүмкүн. Мисалы, өсүмдүктөр фотосинтез аркылуу аны колдонуу менен кычкылтекти бөлүп чыгаруу менен органикалык кошулмаларды бөлүп чыгарат. Күн нурлары менен түздөн-түз жылытуу же нурларды фотоэлементтердин жардамы аркылуу энергияга өзгөртүү электр энергиясын өндүрүүдө (күн электрстанциялары менен) же башка пайдалуу жумушту аткаруу үчүн колдонулушу мүмкүн. Фотосинтездин жардамы аркылуу байыркы заманда эле нефть, көмүр жана башка казылып алынуучу отундар калыптанган.

Күндүн ультра кызгылт көк нурлануусу сууну жана башка буюмдарды дезинфекциялоого мүмкүндүк жараткан антисептикалык касиеттерге ээ. Ал теринин күнгө күйүүсүнө алып келет жана башка биологиялык эффектилерге ээ, мисалы, организмде D витамининин иштелип чыгышына түрткү берет. Күн спектринин ультра кызгылт көк бөлүгүнүн таасири озон катмары тарабынан алда-канча азайтылат, ошондуктан, Жер бетиндеги ультра кызгылт көк нурлануунун интенсивдүүлү кеңдиктерге жараша кыйла өзгөрөт. Чак түштөгү горизонт үстүндө турган Күндүн бурчу көптөгөн биологиялык адаптацияларга таасир этет, мисалы, буга жараша жер шарынын ар кайсы аймактарындагы адамдардын терисинин түсү ар кандай болот.

Жерден байкалуучу Күндүн асман сферасы аркылуу өтүүчү жолу жыл ичинде өзгөрүп турат. Жыл ичинде белгилүү бир берилген убактагы асмандагы Күн ээлген баяндалуучу чекит, түндүк-түштүк огун бойлой созулуп 8 санынын формасына ээ жана ал аналемма аталат. Күндүн асмандагы көрүнүп турган абалынын эң белгилүү вариациясы — амплитудасы 47° түзгөн түндүк-түштүк багытын бойлой термелүүсү (23,5° барабар болгон эклиптика тегиздигинин асмандык экватор тегиздигине жантаюуусу). Бул вариациянын чыгыш-батыш огун бойлой багытталган жана Жердин перигелийине жакындашында, ошондой эле кичирейишинде (афелияга жакындашында) орбиталдык кыймылынын ылдамдыгынын чоңоюуусу менен пайда болгон башка компонентасы дагы бар. Бул кыймылдардын биринчиси (түндүк-түштүк) жыл мезгилдеринин алмашуусунун себеби.

Жер афелия чекитинен июлдун башында өтүп, Күндөн 152 млн км аралыкка алыстайт, ал эми перигелий чекитинен январдын башында өтүп, Күнгө 147 млн км аралыкка жакындайт. Күндүн көрүнүүчү диаметри бул эки даталар аралыгында 3% өзгөрөт. Аралык айырмасы болжолдуу 5 млн км түзгөндүктөн, афелияда Жер болжолдуу 7% азыраак жылуулук алат. Буга байланыштуу түндүк жарым шардагы кыш, түштүккө караганда жылуураак, жайы салкыныраак.

Күн — магниттик жактан активдүү жылдыз. Ал күчтүү магниттик талаага ээ, магнит талаасынын чыңалуусу убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турат жана багытын болжолдуу ар бир 11 жылда алмаштырат (күн максимумунун мезгилинде). Күндүн магниттик талаасынын вариациялары ар кандай эффектилерди чакырат, булардын жыйындысы күн активдүүлүгү аталып, өзүнө күн тактары, күн жаркыроолору, күн шамалдарынын вариациялары ж. б. сыяктуу көрүнүштөрдү камтыйт. Жерде болсо күндүн магнит талаасы жоорку жана орто кеңдиктерде уюл жаркыроолору, геомагниттик бороондорду чакырат, булар байланыш каражаттарынын иштөөсүнө, электр энергиясын берүү каражаттарына, ошондой эле, тирүү организмдерге терс таасирин (баш оорулар, адамдардын өзүн начар сезүү) тийгизет. Күн активдүүлүгү Күн системасынын калыптануусунда жана өнүгүүсүндө чоң рол ойногон деп жоромолдонот. Ошондой эле, ал жер атмосферасынын түзүмүнө да таасир этет.

Жашоо цикли

Күн металлдардын камтылышы жогорку болгон үчүнчү муундагы (I популяциядагы) жаш жылдыз, башкача айтканда ал биринчи жана экинчи муундагы (III жана II популяциядагы) жылдыздардын калдыктарынан калыптанган.

Күндүн учурдагы жашы жылдыздык эволюциянын компьютердик моделинин жардамы менен бааланып, болжолдуу 4,5 миллиард жыл деп саналат.

4,5 миллиард жыл мурун молекулалык суутек булуту гравитация күчтөрүнүн таасири алдында тез кысылганда калыптанган.

Күн сыяктуу, массадагы жылдыздар негизги ырааттуулукта жалпы жонунан болжолдуу 10 млрд жыл жашашы керек делет. Буга байланыштуу Күн учурда өзүнүн болжолдуу орто жашоо циклинде турат. Заманбап баскычта күн өзөгүндө суутектин гелийге айлануу термоядролук реакциялары жүрүп жатат. Ар бир секундада Күндүн өзөгүндө 4 миллион тоннанын айланасындагы зат нурлуу энергияга айланат, мунун натыйжасында күн нуру жана күн нейтринолору генерацияланат.

Күн акырындан өзүнүн суутек отунун коротуусу менен ал ысый баштайт, ал эми анын жарыктыгы акырындан жана токтобостон көбөйөт. 5,6 млрд жылдык жашка келгенде, башкача айтканда азыркы мезгилден 1,1 млрд жыл өткөндөн кийин, күндүн жарыктыгы 11% көбөйөт.

Кызыл гигант дэңгээлине чейин учурдагы мезгилде, Күндүн жарыктыгынын жогорулашынан жана парник эффектисинен улам Жер бетинин температурасынын көтөрүлүүсү Жердеги тиричиликтин кардиналдуу өзгөрүүсүнө же жоголушуна алып келиши ыктымал. Мындай учурда Күн бетинин температурасы максималдуу деңгээлге (5800 К) жетет (ак карлик фазасы); кийинки баскычтарда фотосфера температурасы төмөнүрөөк болот. Мындай температураларда Жер бетиндеги жашоо токтосо да, деңиздердин жана океандардын тереңиндеги жашоо улана бериши мүмкүн.

8 миллиард жылдык жашка келгенде (учурдагы мезгилден 3,5 миллиард жыл өткөндө) Күндүн жарыктыгы 40% өсөт. Ал мезгилде Жердеги шарттар учурдагы Венера планетасынын шарттары өңдүү болот делет: суу толугу менен жок болуп, космоско бууланып кетет. Күндүн өзөгүндөгү суутек отуну күйүп жок болушу менен, анын тышкы катмары чоңоёт, ал эми өзөгү кичирейип кысылат жана ысыйт.

Качан Күн 10,9 миллиард жылдык жашка келген (учурдагы мезгилден 6,4 миллиард жылдан кийин) өзөгүндөгү суутек түгөнөт, ал эми андан пайда болгон гелий, мындай шарттарда термоядролук күйүүгө мүмкүндүгү жок болгондуктан, кысылып тыгыздана баштайт. Суутектин күйүүсү күн өзөгүнүн жука тышкы катмарында уланат. Бул баскычта Күндүн радиусу 1,59 R⊙ жетип, жарыктыгы азыркы жарыктыгынан 2,21 эсе жогору болот. Андан кийинки 0,7 миллиард жылдын өтүшүндө Күн салыштырмалуу тез кеңейе баштайт (2,3 R⊙ чейин), жана жарыктыгы дээрлик туруктуу болот, температурасы болсо 5500 Kден 4900 Kге чейин төмөндөйт. бул фазанын аягында 11,6 млрд жыл жашка жетип, Күн субгигантка айланат.

Болжолдуу 7,6—7,8 миллиард жылдан кийин, Күндүн 12,2 млрд жыл жашында өзөгү ушунчалык ысып, температура өзөктү курчаган суутектин күйүү процессине башат салат. Бул күндүн тышкы катмарларынын кеңейүүсүнө алып келип, Күн негизги ырааттуулуктан чыгып, кызыл гигантка айланат, башкача айтканда, Герцшпрунг — Рассел диаграммасынын кызыл гиганттар бутагынын чокусуна чыгат. Бул фазада күндүн радиусу азыркы абалынан 256 эсе чоңоёт. Жылдыздын кеңейүүсү анын жарыктыгынын өтө жогорулашына (2700 эсе) жана үстүңкү бетинин 2650 Кге чейин муздашына алып келет. Сыягы, Күндүн кеңейип жаткан тышкы катмарлары бул убакта заманбап Жердин орбитасына жетет. Ошону менен бирге, изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул учурга чейин эле, күн шамалынын күчөшүнөн, үстүңкү бетинин көп эсеге чоңоюшунан улам, Күн өзүнүн массасынын 28% жоготот, жана бул Жердин Күндөн алысыраак орбитага өтүүсү менен коштолот, ошентип, Жер күн плазмаларынын тышкы катмарлары тарабынан кемирилип-жутулушунан кутулат. Бирок, 2008-жылкы изилдөөлөр көрсөткөндөй, Күндүн айлануусунун басаңдашына байланыштуу, Жер, Күн тарабынан тартылып, тескерисинче Жер орбитасынан чыгып Күнгө карай жакындайт имиш. Албетте, кандай гана болбосун мындай нерседен качып кутулуу мүмкүн эмес, жана ал убак келгенче дагы миллиарддаган жылдар өтүшү керек, жана ал убакта Жердеги суунун бардыгы газ абалына өтүп, атмосфера күн шамалынан улам сүрүлүп чыгат.

Күндүн бул фазасы болжолдуу 10 миллион жылга созулат. Өзөктөгү температура 100 млн Кге жеткенде гелийдик жаркыроо болуп, гелийден көмүртек жана кычкылтекти термо өзөктүк синтез реакциясы башталат. Энергиянын жаңы булагына ээ болгон күндүн өлчөмү 9,5 R⊙ чейин кийирейет. 100—110 млн жылдан кийин гелийдин кору түгөнгөндө жылдыздын тышкы катмарларынын катуу кеңейүү процесси кайталанат, жана ал кайрадан кызыл гигантка айланат. Күндүн бул жашоо мезгилинде кубаттуу жаркыроолор менен коштолуп, жарыктыгы мезгил-мезгили менен заманбап деңгээлинен 5200 эсе чоң болот. Мунун себеби, мурда иштетилбей калган гелийдин калдыктары термоядролук реакцияга кириптер болуусу менен түшүндүрүлөт. Мындай абалда Күн болжолдуу 20 млн жыл жашайт.

Күн эволюциясы эң жаңынын (орусча сверхновый) жарылуусу менен аяктоого анын (күндүн) массасы жетишсиз. Күн кызыл гигант фазасына өткөндөн кийин термалдык кагуулар анын тышкы катмарынын сыйрылышына алып келип, андан планеталык тумандуулук калыптанат. Бул тумандуулуктун борборунда Күндүн өзөгүнөн калыптанган ак карлик калат, өтө ысык жана тыгыз, өлчөмү боюнча болжолдуу Жер планетасынын өлчөмүндөй. Башында бул ак карликтин бетинин температурасы 120 000 К жана жарыктуулугу 3500 күндүн жарыгын түзөт, бирок, көптөтөгөн миллион жана миллиард жылдардын өтүшүндө ал акырындан муздап, жарыктыгы төмөндөйт. Берилген жашоо цикли кичи жана орто массадагы жылдыздар үчүн кадыресе көрүнүш деп саналат.

Түзүмү

Күн түзүмү

Күндүн ички түзүмү

Күн өзөгү

Күн өзөгү (ядросу) же күндүн борбордук бөлүгүнүн радиусу болжолдуу 150—175 миң км (башкача айтканда Күн радиусунун 20—25% түзөт), мында термоядролук реакциялар жүрөт. Өзөктөгү заттын тыгыздыгы болжолдуу 150 000 кг/м³ (суунун тыгыздыгынан 150 эсе жогору, Жердеги эң тыгыз металл — осмийден болжолдуу 6,6 эсе жогору), ал эми өзөктүн борборунун температурасы — 14 млн Кден ашык. SOHO миссиясы тарабынан өткөрүлгөн маалымат анализи өзөктөгү күндүн өзүнүн огундагы айлануу ылдамдыгы, тышкы катмарына караганда жогорураак экени байкалган. Өзөктө протон-протондук термо өзөктүк реакция ишке ашырылат, натыйжада төрт протондон — гелий-4 калыптанат. Ошону менен бирге, ар бир секунда сайын 4,26 млн тонна зат жарыкка айланат, бирок, бул чоңдук Күндүн массасы менен салыштырмалуу өтө эле кичинекей. Өзөктүн ар кайсы аймактарынынан бөлүнүүчү кубаттуулук Күндүн борборуна чейинки аралыктан көз каранды. Борборунда бөлүнүүчү кубаттуулук теориялык баалоолорго ылайык 276,5 Вт/м³ чейин жетет. Буга ылайык, бир адам көлөмүнө (0,05 м³) 285 Ккал/күн (1192 кДж/күн) жылуулук бөлүнүүсү туура келет, а бул адамдын жылуулук бөлүп чыгаруусунан бир нече ирет төмөн. Бүткүл күндүн салыштырмалуу жылуулук бөлүп чыгаруусу эки иретке төмөн. Ушундай отун корунун (суутектин) энергиясынын салыштырмалуу токтоо бөлүнүп чыгуусу термоядролук реакцияны өчүрбөй туруу үчүн бир нече миллиард жыл өтөт.

Күндөгү энергия жана жылуулук, термоядролук реакция аркылуу алынуучу жалгыз аймак — бул анын өзөгү (ядросу), жылдыздын башка бөлүктөрү бул энергия менен жылытылган (ысытылган) болот. Өзөктүн бүткүл энергиясы ырааты менен катмарлардан өтүп, фотосферага чейин жетет, андан ары ал жарык жана кинетикалык энергия түрүндө чыгат.

Нурлуу өткөрүү аймагы

Өзөк үстүндө (сыртында) болжолдуу Күн радиусунун борборунан 0,2—0,25тен 0,7 чейин өлчөмүндө нурлуу өткөрүү аймагы жайгашкан. Бул аймакта энергия негизинен нурлануу жана фотондордун сиңирүү жолу менен кийинки катмарга өтөт же өткөрүлөт. Ошону менен бирге, плазманын катмары тарабынан нурланган ар бир конкреттүү фотондун багыты, плазма тарабынан кайсы фотондор сиңирилгенинен көз каранды эмес, ошондуктан, ал нурлуу өткөрүү аймагынын кийинки катмарына да, артка дагы, тагыраак айтканда төмөнкү катмарларга да өтө алат. Мунун айынан көп жолу кайрадан нурланган фотондун (алгач өзөктөн жаралуу менен) конвекциялык аймакка жетүүчү убакыт аралыгы Күндүн заманбап моделдерине ылайык 10 миңден 170 миң жылга чейин болушу мүмкүн (кээде кездешүүчү миллион жыл дегени өтө эле жогорулатылган деп саналат).

Аймактагы температуранын көрсөткүчү бетинде 2 млн Кден, тереңинде 7 млн Кге чейин. Ошону менен бирге бул аймакта макроскопиялык конвекциялык кыймылдар жок, а бул нурлук теңсалмактуулук градиентине караганда температуранын адиабаттык градиенти чоң экенин айгинелейт. Салыштыруу үчүн, кызыл карликтерде басым заттын орун которуусуна (жылышына) тоскоолдук жарата албайт, жана конвекция аймагы дароо өзөктөн башталат. Бул аймактагы заттын тыгыздыгы 0,2ден (бетинде) 20 чейин (тереңинде) г/см³.

Күндүн конвекциялык аймагы

Күн бетине жакын аймакта заттын температурасы жана тыгыздыгы кайра нурлануу жолу менен энергияны толук өткөрүү үчүн жетишсиз. Плазманын куюндук аралашуусу пайда болуп, энергиянын Күн бетине (фотосферага) өтүүсү көбүнчө заттын өзүнүн кыймылдары аркылуу ишке ашырылат. Бир жагынан, фотосферанын заты, Күн бетинде муздап, конвекциялык аймактын тереңине кирет (чөгөт). Экинчи жагынан, төмөнкү бөлүктөгү зат нурланууну Нурлуу өткөрүү аймагынан алып, өйдө карай көтөрүлөт, жана бул эки процесс кыйла ылдамдыкта жүрөт. Энергияны берүүнүн мындай ыкмасы конвекция аталат, ал эми калыңдыгы болжолдуу 200 000 км болгон Күн бетинин астындагы катмар — конвекциялык аймак аталат, аты айтып тургандай эле бул аймакта конвекция процесси жүрөт. Конвекциялык аймактан Күн бетине жакындаган сайын температура орточо 5800 Кге, ал эми газдын тыгыздыгы Жердин абасынын тыгыздыгынан 1/1000 чейин төмөндөйт.

Заманбап маалыматтар боюнча күн процесстеринин физикасындагы конвекциялык аймактын ролу өтө чоң, анткени, дал ошол аймакта күн затынын ар кандай кыймыл аракеттери жаралат. Конвекциялык аймактагы термиктер (жылуулук агымдары) конвекциялык аймакта кесектенүүнү (орусча грануляция, булар маңызы жагынан термиктердин чокусу) жана супер кесектенүүнү чакырат. Агымдардын ылдамдыгы орточо секундасына 1—2 метрди түзөт, ал эми анын максималдуу көрсөткүчү 6 км/с чейин жетет. Кесектин жашоо мөөнөтү 10—15 мүнөт, а бул газдын кесекти бир жолу айланып чыгуу мезгил убактысы менен теңдеш. Буга ылайык, конвекциялык аймактагы термиктер Бенар уячаларынын пайда болуусуна өбөлгө түзгөн шарттардан чукул айырмаланган шарттарда турат. Ошондой эле, бул аймактагы кыймылдар магниттик динамо эффектисин чакырат, жана натыйжада, татаал түзүмгө ээ болгон магниттик талааны жаратышат.

Күн атмосферасы

Фотосфера

Фотосфера (жарык чачуучу же чыгаруучу катмар) Күндүн көрүнүүчү бетин калыптандырат. Анын калыңдыгы оптикалык калыңдыктын болжолдуу 2/3 бирдигине туура келет. Абсолюттук чоңдуктарда фотосферанын калыңдыгы ар кандай баалоолор боюнча 100дөн 400 км жетет. Фотосферадан Күндүн оптикалык нурлануусунун негизги бөлүгү чыгып, тереңирээк катмарлардан чыккан нурлануу бизге (Жерге) жетпейт. Фотосферанын тышкы катмарынын температурасы ички катмарларына караганда төмөнүрөөк (6600 Кден 4400 Кге чейин төмөндөйт). Фотосферанын эффективдүү температурасы жалпысынан 5772 Кди түзөт. Ал Стефан — Больцман мыйзамы боюнча эсептелинет, ага ылайык абсолюттук кара телонун нурлануу кубаттуулугу телонун төртүнчү даражадагы температурасына пропорциялуу. Мындай шарттарда суутек дээрлик толугу менен нейтралдуу абалда сакталат. Фотосфера күндүн өлчөмдөрү, күндөн болгон аралыгы аныкталуучу көрүнүктүү бетин калыптандырат. Фотосферадагы газ салыштырмалуу суюк болгондуктан, анын айлануу ылдамдыгы катуу заттардын айлануу ылдамдыгынан кыйла аз. Ошону менен бирге, экватордук жана уюлдук аймактарында бир тектүү эмес кыймылда — экватордо ал 24 күндө бир айланат, уюлдарда — 30 күндө.

Хромосфера

Хромосфера (байыркы грекче χρῶμα — түс, жарык, σφαῖρα — шар, сфера) — фотосфераны курчаган, калыңдыгы болжолдуу 2000 кмдей болгон Күндүн эң маанилүү тышкы катмары. Күн атмосферасынын бул бөлүгүнүн аталышынын келип чыгышы анын кызыл түспөл өңү менен байланыштуу, хромосферанын көрүнүктүү спектринде Бальмер сериясындагы суутектин кызыл H-альфа нурлануу сызыгы доминанттык кылат. Хромосферанын жогорку чегинде так жылмакай бети жок, мында дайыма спикул аталган ысык ыргытуулар (бүркүүлөр) жүрүп турат. Бир убакта байкалуучу спикулдардын саны орточо 60—70 миңди түзөт. Мунун айынан XIX кылымдын аягында италиялык астроном Секки Күн хромосферасын телескоп менен карап отуруп, буларды күйүп жаткан канаттар менен салыштырган. Хромосферанын температурасы бийиктикке жараша жогорулайт: 4000ден 20 000 Кге чейин (10 000 Кден ашкан температуралар аймагы салыштырмалуу көп эмес).

Хромосферанын тыгыздыгы анча чоң эмес, ошондуктан, жөнөкөй шарттарда байкоого жарыктыгы жетишсиз. Бирок, толук күн тутулууда, Ай, жарык фотосфераны жапканда, анын үстүндө жайгашкан хромосфера көзгө көрүнүп, кызыл түстө жаркырайт. Хромосфераны атайын оптикалык чыпкалардын жардамы менен каалаган убакта көрүүгө болот. Толкун узундугу 656,3 нм болгон H-альфа сызыгынан тышкары, чыпкалар Ca II K (393,4 нм) жана Ca II H (396,8 нм) сызыктарына тууралана алат.

Бул сызыктарда көрүнүүчү негизги хромосфералык түзүмдөр:

  • Күн бетинин бүтүн каптаган хромосфералык торчо;
  • флоккулдар — агыш түстөгү булут сымал калыптануулар, көбүнчө күчтүү магнит талаа аймактарына байланган, көп учурда күн тактарынын айланасында болот;
  • булалар жана фибриллдер (булачалар) — ар кандай жазылыктагы жана узундуктагы кара сызыктар, флоккулдар сыяктуу эле, активдүү аймактарда көп кездешет.

Күн таажысы

Таажы — Күндүн акыркы тышкы катмары. Таажы негизинен протубенцтардан жана бир нече жүз миң деген, кээде миллиондон ашык километр мейкиндикке атылып чыгуучу энергиялык бүркүүлөрдөн (атылып чыгуулардан) турат, мунун эсебинен күн шамалдары калыптанат. Орточо таажылык температура 1 миллиодон 2 млн Кге чейин, максималдуу температура өзүнчө аймактарда — 8 миллиондон 20 миллион Кге чейин. Мындай жогорку температураларга карабастан аны толук күн тутулуу учурунда жөнөкөй көз менен байкоого болот, анткени, таажыдагы заттын тыгыздыгы аз, ошондуктан, анын жарыктыгы да чоң эмес. Бул катмардын интенсивдүү ысышы сыягы магниттик кайра кошулуу эффексинен жана сокку берүүчү толкундардын таасиринен болушу мүмкүн, ошондой болсо да бүгүнкү күнгө чейин (2024) бул катмар толук изилденип бүтө элек. Таажынын формасы күндүн активдүүлүк циклинин фазасына жараша өзгөрүп турат: максималдуу активдүүлүк мезгилинде ал тогологураак формага ээ, минимумда — күн экваторун бойлой чоюлат. Таажыдагы температуранын жогору болуусунан ал ультра кызгылт көк жана рентген диапазондорунда (караңыз: Рентген нуру) интенсивдүү нурланып турат. Бул нурлануулар жердин атмосферасынан өтпөйт, ошондуктан буларды акыркы учурда космос аппараттардын жардамы менен изилдөөдө. Таажыдагы нурлануу ар кайсы аймактарында бирдей эмес. Ысык активдүү жана тынч аймактары бар, мындан тышкары салыштырмалуу анча чоң эмес температурадагы (600 000 К) таажылык тешиктер да аз эмес, булардан мейкиндикке магниттик кубаттуу сызыктар чыгып турат. Мындай ачык магниттик конфигурация бөлүкчөлөрдүн тоскоолдуксуз Күндөн чыгуусуна мүмкүндүк берет, буга байланыштуу күн шамалдары негизинен таажылык тешиктерден чыгат.

Күн таажысынын көрүнүктүү спектри L, K, F (L таажы, K таажы, F таажы) компоненттер аталган үч ар кандай түзүүчүлөрдөн турат; башка аталышы L компоненттер — E таажы. K-компонент — таажынын үзгүлтүксүз спектри. Анын фонунда күндүн көрүнүктүү четинин 9—10′ бийиктигине чейин эмиссиондук L-компонент көрүнөт. Болжолдуу 3′ бийиктигинен баштап (Күндүн бурчтук диаметри — болжолдуу 30′) жана андан жогору фотосфера спекриндей эле болгон фраунгоферов спектри көрүнөт. Ал күн таажысынын F-компонентин түзөт. 20′ бийиктигинде F-компонент таажы спекринде басымдуулук кылат. 9-10′ бийиктиги ички таажы менен тышкысын бөлүп турган чек ара катары кабыл алынат. Толкун узундугу 20 нм төмөн болгон Күн нурлануулары толугу менен таажыдан чыгат. Бул, мисалы, толкун узундугу 17,1 нм (171 Å), 19,3 нм (193 Å), 19,5 нм (195 Å) болгон Күн сүрөттөрүндө күн таажысы жана анын элементтери гана көрүнөт дегенди түшүндүрөт, ал эми хромосфера жана фотосфера көрүнбөйт. Күндүн түндүк жана түштүк уюлдарындагы эки таажылык тешиктер, жана убактылуу пайда болгон башкалары дээрлик рентген нурланууларын чыгарбайт.

Күн шамалы

Күн таажысынын тышкы бөлүгүнөн күн шамалы чыгып турат — иондолгон бөлүчөлөрдүн (негизинен протондор, электрондор жана α бөлүкчөлөр) агымы, шамалдын тыгыздыгы күндөн гелиосфера чек арасына чейин алыстаган сайын азаят. Күн шамалы эки компонентке бөлүнөт — жай жана тез күн шамалдары. Жай күн шамалынын ылдамдыгы секундасына 400 км айланасында, температурасы болсо 1,4—1,6⋅106 К, курамы боюнча күн таажысына жакын. Тез күн шамалынын ылдамдыгы секундасына 750 км айланасында, температурасы 8⋅105 К, курамы боюнча фотосфера затына окшош. Жай күн шамалы эки эсе тыгыз жана тезине караганда туруксузураак. Жай күн шамалы татаалыраак түзүмгө ээ болуп, турбуленттүүлүк аймактары бар.

Күн орточо шамалдары менен секундасына 1,3⋅1036 айланасындагы бөлүкчөлөрдү нурлантып чачат. Буга ылайык, берилген нурлануунун түрүнө карата Күн массасынын жылына жоготуулары 2—3⋅10−14 күн массаларын түзөт. 150 миллион жылда жердин массасына барабар массаны жоготот. Жердеги көптөгөн көрүнүштөр күн шамалындагы козголуулар менен байланыштуу, анын ичинде геомагниттик бороондор жана уюл жаркыроолору.

1990-жылдардын аягында Ультра кызгылт көк таажылык спектрометрдин (англисче Ultraviolet Coronal Spectrometer [UVCS]) жардамы менен SOHO жасалма жандоочтун бортунда күн уюлдарындагы тез күн шамалдарынын пайда болуу аймактарына байкоо жүргүзүлгөн.

Күндүн магниттик талаалары

Келип чыгышы жана түрлөрү

Күн плазмасы жетишээрлик жогорку электр өткөрүмдүүлүккө ээ болгондуктан, анда электр тогу пайда болушу мүмкүн, жана натыйжа катары, магниттик талаа да жаралат. Күн фотосферасында түздөн-түз байкалуучу магниттик талааларды масштабына жараша эки түргө бөлүү кабыл алынган.

Күн өлчөмдөрүнө теңелме жана өлчөмдөрүнө жараша мүнөздүү болгон ири масштабдуу (жалпы же глобалдык) магниттик талаа, фотосфера деңгээлинде бир нече гаусс иретинде орто чыңалууга ээ. Күн активдүүлүгүнүн циклиндеги минимумда ал болжолдуу диполдук түзүмгө ээ, ошону менен бирге Күндүн уюлдарындагы талаанын чыңалуусу максималдуу. Күн активдүүлүгүнүн циклиндеги максимумга жакындаган сайын уюлдардагы талаанын чыңалуусу акырындык менен төмөндөп, максимум циклинен кийинки бир-эки жылда нөлгө барабар болуп калат (айтылуу «күндүн магнит талаасынын кайра уюлдашуусу»). Бул фазада Күндүн магниттик талаасы толугу менен жоголбойт, бирок, анын түзүмү диполдук эмес, квадруполдук мүнөзгө ээ. Андан кийин күн диполунун чыңалуусу кайрадан өсөт, бирок ошону менен бирге, анын уюлдуулугу (полярдуулугу) башка болот. Ошентип, Күндүн жалпы магнит талаасынын өзгөрүүсүнүн толук цикли 11-жылдык күн активдүүлүгүнүн эки эселенген көрсөткүчүнө барабар — болжолдуу 22 жыл («Хейл мыйзамы»).

Күндүн орто- жана майда масштабдуу (локалдык) талаалары, талааларынын кыйла чоң чыңалуулары жана азыраак болгон туруктуулугу менен айырмаланат. Эң кубаттуу магнит талаалары (бир нече миң гаусска чейин) күн циклинин максимумунда күн тактарынын топторунда байкалат. Ошону менен бирге, бул топтордун батыш бөлүгүндөгү магниттик талаасы («башкы»), анын ичинде эң ири тактын (айтылуу топтун лидери) магнит талаасы, Күндүн уюлундагы (p-уюлдуулук) жалпы магнит талаасынын уюлдуулугуна туура келүүсү кадыресе көрүнүш, ал эми чыгыш бөлүгүндөгүсү («куйругундагысы») ага (жалпы магнит талаасына) карама-каршы келет (f-уюлдуулук). Ушуга байланыштуу, тактардын магнит талаалары эреже катары биполярдык же мультиполярдык түзүмгө ээ. Фотосферада магнит талаасынын униполярдык аймактары байкалат, алар, күн тактарынын тобунан айырмаланып уюлдарга жакын жайгашат жана магнит талаасынын чыңалуусу кыйла аз (бир нече гаусс), бирок, аянты жана жашоо узактыгы чоң (күндүн бир нече айлануусу).

Көпчүлүк заманбап изилдөөчүлөрдүн ою боюнча Күндүн магнит талаасы конвекциялык аймактын төмөнкү бөлүгүндө гидромагниттик конвекциялык динамо механизминин жардамы менен генерацияланат дагы, магниттик калкымалуулуктун таасири алдында фотосферага көтөрүлөт. Ушул эле механизм менен күндүн магнит талаасынын 22 жылдык цикли түшүндүрүлөт.

Күн активдүүлүгү жана цикли

Күндөгү күчтүү магнит талааларынын генерацияланышынан пайда болгон көрүнүштөрдүн комплексин күн активдүүлүгү дейбиз. Бул талаалар фотосферада күн тактары катары чыгып, күн жаркыроолору, тездетилген бөлүкчөлөрдүн агымынын генерацияланышы, ар кандай диапазондордогу Күндүн электромагниттик нурлануусунун деңгээлдериндеги өзгөрүүлөр, таажылык массанын ыртылуулары, күн шамалынын козголушу, космос нурларынын галактикалык агымдарынын вариациялары (Форбуш-эффект) ж. б. сыяктуу көрүнүштөрдү чакырат.

Күн жана геомагниттик активдүүлүк вариациялары (анын ичинде магниттик бороондор) дагы байланыштуу, булар Жерге жеткен түрдүү көрүнүштөрдүн найтыжасы болот.

Кеңири жайылган күн активдүүлүгүнүн деңгээлин көрсөтүүчүсү болуп Вольф саны саналат, ал күндүн көрүнүп турган жарым сферасындагы тактардын саны менен байланыштуу. Күн активдүүлүгүнүн жалпы деңгээли болжолдуу 11 жылга барабар мезгилде өзгөрүп турат (айтылуу «күн активдүүлүгүнүн цикли» же «он бир жылдык цикл»). Бул мезгил так кармалбайт, жана XX кылымда 10 жылга жакын болчу, ал эми акыркы 300 жылда 7 жылдан 17 жылга чейин вариацияланган. Күн активдүүлүгүнүн циклдарына иреттүү сандарды берүү кабыл алынган, жана анын шарттуу максимуму болгон башаты 1761-жыл деп саналат. 2000-жылы 23-күн активдүүлүк циклинин максимуму байкалган.

Узагыраак мөөнөттөгү күн активдүүлүгүнүн вариациялары дагы бар. Мисалы, XVII кылымдын экинчи жарымында күн активдүүлүгү жана негизинен, анын он бир жылдык цикли өтө алсыз болгон (Маундер минимуму). Ушул эле доордо Европада орточо жылдык температуранын төмөндөшү байкалган (айтылуу «Муз доору»), балким, бул, күндүн активдүүлүгүнүн Жерге таасир этүүсүнөн болгондур деп жоромолдонот. Глобалдык жылуулануу кайсы бир деңгээлде күн активдүүлүгүнүн XX кылымда глобалдуу жогорулашынан пайда болгон деген көз караштар дагы бар. Ошого карабастан, мындай таасирлердин механизмдери дагы деле жетишээрлик түшүнүксүз.

Байкоолордун тарыхындагы эң көп күн тактарынын тобу Күндүн түштүк жарым шарында 1947-жылдын апрелинде пайда болгон. Анын максималдуу узундугу 300 000 км түзгөн, максималдуу жазылыгы — 145 000 км, максималдуу аянты Күндүн жарым сферасынын 6000 миллиондук бөлүгүнөн ашкан, болжолдуу Жер бетинин аянтынан 36 эсе көп. Бул тактардын тобу күн батаар маалда оңой көрүнчү.

Күн өзгөрмө жылдыз катары

Күндүн магниттик активдүүлүгү мезгилдик өзгөрүүлөргө дуушар болуп тургандыктан, аны менен күндүн жарыктыгы да өзгөрүп (Күн циклдүүлүгү), аны өзгөрмө жылдыз катары кароого болот. Активдүүлүктүн минимумуна караганда максимум жылдарында Күн жарыгыраак. Күндүк туруктуулуктун амплитудасы 0,1% жетет, абсолюттук маанилерде бул 1 Вт/м², ошол эле убакта күндүн туруктуулук маанисинин орточосу — 1361,5 Вт/м².

Кээ бир изилдөөчүлөр Күндү төмөнкү активдүүлүктөгү өзгөрмө жылдыздардын классына кошушат. Мындай жылдыздардын бетинин жалпы аянтынан 30% чейини тактар менен капталган, жана жылдыздардын айлануусунан алардын жылтылдоосунун өзгөрүүсү байкалат. Күндүн мындай өзгөрмөлүүлүгү өтө төмөн.

Планеталык система

Күндүн айланасында кичирээк өлчөмдөгү көптөгөн асман телолору айланып жүрөт, алар:

Булардын эң алыскылары күндөн 100 астрономиялык бирдик иретиндеги аралыкта жайгашкан. Күн системасынын курамына гипотезалык Оорта булутун да кошушат, ал андан 1000 эсе дагы алыс жайгашат делет. Күн системасынын бардык объектилери Күн калыптанган мезгилде жана ошол эле газ-чаң булутунан калыптанган.

Күн жана Жер

Күндүн электромагниттик нурлануусунун спектрдик диапазону абдан кеңири — радио толкундардан тарта рентген нурланына чейин — бирок анын интенсивдүүлүгүнүн максимуму көрүнүүчү жарыкка туура келет (спектрдин сары-жашыл бөлүгү).

Адамдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн күн жарыгы абдан маанилүү. Көпчүлүгүндө жарык циркаддык ритмдин өзгөрүүсүн чакырат. Мисалы, адамга кээ бир изилдөөлөр боюнча интенсивдүүлүгү 1000 люкстан ашык жарыктык таасир этет, ошону менен бирге жарыктын түсү мааниге ээ. Орточо жылына аз күн жарыгын алган Жердин аймактарында, мисалы, тундрада, төмөнкү температура орнойт (кышында −35 °C чейин), өсүмдүктөрдүн өсүү мезгили кыска, био ар түрдүүлүк төмөн, өсүмдүктөрдүн бою жапыз болот.

Өсүмдүктөрдүн жашыл жалбырактарында хлорофилл пигменти камтылган. Бул пигмент фотосинтез процессинде жарык энергиясын сиңирүүчү катары кызмат кылат. Фотосинтездин өндүрүмдөрүнүн бири — кычкылтек. Ошентип, фотосинтез Жердеги жашоого болгон мүмкүндүктү камсыздайт. Жаныбарлар Күн энергиясын химиялык кошулмалар түрүндө топтогон өсүмдүк менен азыктанат, кычкылтек менен дем алат.

Жер бети жана абанын төмөнкү катмары — тропосферада булуттар калыптанып, башка метеорологиялык көрүнүштөр жаралат, жана мунун баары түздөн-түз Күн энергиясын алат. Атмосфера—Жер системасына келген энергиянын негизги агымы Күндүн 0,1ден 4 мкм спекрдик диапазонунда камсыздалат. Ошону менен бирге, 0,3төн 1,5—2 мкм диапазонунда Жердин атмосферасы күн нурлары үчүн дээрлик толугу менен тунук. Спектрдин ультра кызгылт көк аймагында (0,3 мкм кыска толкундар үчүн) нурлануу негизинен 20—60 км бийиктиктерде жайгашкан озон катмары менен сиңирилет. Рентгендик жана гамма-нурлануу Жер бетине дээрлик жетпейт. 1 астрономиялык бирдик аралыгындагы Жердин атмосферасынан тышкаркы Күн нурлануу кубатынын тыгыздыгы 1367 Вт/м² айланасындагы көрсөткүчкө барабар (күндүк туруктуулук). 2000—2004-жылдардын маалымат боюнча убакыт жана Жер бети боюнча орточолонгон бул агым 341 Вт/м² түзөт же Жердин толук бетине эсептегенде 1,74⋅1017 Вт (Күндүн толук жарыктуулугу болжолдуу 2,21⋅109 эсе чоң).

Мындан тышкары, Күндүн таажысынын айланасындагы космостук мейкиндикке 300—1200 км/с ылдамдыкта чыккан иондоштурулган бөлүкчөлөр агымы (күн шамалы) Жердин атмосферасына кирип кетет (негизинен гелий-суутектик плазма). Планетанын уюлдарынын жанына жакын жайгашкан көптөгөн аймактарда бул уюл жаркыроосуна («түндүк жаркыроосуна») алып келет. Ошондой эле, күн шамалы менен көптөгөн башка табигый көрүнүштөр байланыштуу, негизинен, магниттик бороондор. Магниттик бороон, өз кезегинде, жердеги организмдерге таасир этет. Мындай таасирлерди изилдеген биофизиканын бөлүмү — гелиобиология аталат.

Тирүү организмдер үчүн маанилүү деп саналган Күндүн ультра кызгылт көк диапазонундагы нурлануусу да саналат. Ультра кызгылт көк нурлануунун таасири алдында, жашоого маанилүү D витамини калыптанат. Мунун жетишсиздигинде олуттуу делген рахит оорусу пайда болот. Ультра кызгылт көк нурлардын жетишсиздигинде организмге кальцийдин нормалдуу келиши бузулушу мүмкүн, натыйжада майда кан-тамырлардын морттугу күчөйт, ткандардын өткөрүмдүүлүгү көбөйөт. Бирок, бул нурдун узак мөөнөттүү таасири меланоманын, тери рагынын ар кандай түрлөрүнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, картаюуу жана бырыштардын пайда болуусун тездетет. Ашыкча нурлануудан Жерди озон катмары коргоп турат, бул катмарсыз Жердеги жашоо океандан чыкмак эмес деп саналат.

Күндүн тутулуусу

Күн тутулуу

Күн тутулуулар антика булактарында эле эскерилип келген. Бирок, көбүрөөк даталанган баяндамалар батыш-европалык орто кылымдык хроника жана анналаларда камтылган. Мисалы, күндүн тутулушун Максимин Трирский эскерип, кийинкидей жазган: «538-жылдын 16-февралында саат бирден үчкө чейин күн тутулуу болду».

Мындай көрүнүш Жердеги байкоочу жактан караганда Ай Күндүн бетин толук же жарым-жартылай жабып (тосуп) калуусунан пайда болот. Күндүн тутулушу Айдын Жерге караган бети жарыктанбай, Ай көрүнбөгөн жана жаңырган учурунда гана болушу мүмкүн. Эгер Ай жаңыруу Ай түйүндөрүнүн (Ай жана Күндүн көрүнүктүү кесилиш чекиттери) бирининин жанында болгондо гана тутулуу мүмкүн болот, тагыраак айтканда түйүндөрдүн биринен болжолдуу 12 градус алыс эмес болгондо. Астрономиялык классификация боюнча Күн тутулуу Жер бетинин кайсы бир аймагында толук болсо анда ал толук күн тутулуу деп аталат. Эгер тутулуу жеке учур катары байкалса (Айдын көлөкөсүнүн конусу жер бетине жакын өтүп, бирок ага тийбегенде), анда ал жеке болуп классификацияланат. Байкоочу Айдын көлөкөсүндө турганда, ал толук күн тутулууну көрөт. Эгер байкоочу жарым көлөкөсүнүн аймагында турса, ал жеке күн тутулууну байкайт. Толук жана жеке тутутуудан тышкары шакек сымал тутулуулар болот. Визуалдуу түрдө шакек сымал тутулууда Ай Күн диски аркылуу өтүп, бирок диаметри боюнча Күндөн кичирээк болуп, аны толук жаба албайт. Мындай көрүнүш Айдын асмандагы элипстик орбитасынын бурчтук өлчөмдөрүнүн өзгөрүүсүнөн болот.

Жерде жылына 2ден 5ке чейин күн тутулуулар болуп турат, алардын экиден ашпаганы — толук же шакек сымал. Орточо жүз жылда 237 күн тутулуу болот, алардын 160 — жеке, 63 — толук, 14 — шакек сымал. Жер бетинин белгилүү бир аймагында чоң фазадагы тутулуулар жетишээрлик сейрек, андан дагы сейрек толук күн тутулуулар.

Толук тутулуулар кадимки шарттарда байкоого дээрлик мүмкүн эмес болгон күндүн таажысын жана анын айланасын байкоого мүмкүндүк берет. Ал эми атайын каражаттардын жардамы менен күн жылдызын байкоого албетте мүмкүндүк бар, өзгөчө дайыма байкоого 1996-жылы SOHO жандоочунун жардамы аркылуу жакшы мүмкүндүк жаралган. Индиядагы 1868-жылдын 18-августунда күн тутулууда франциялык окумуштуу Пьер Жансен Күндүн хромосферасын биринчилерден болуп изилдеп, жаңы химиялык элементтин спектрин алган. Бул элементти Күндүн урматына гелий деп аташкан. 1882-жылдын 17-майында Күн тутулуу учурунда Епигеттик байкоочулар күндүн жанынан комета учуп өткөнүн байкашкан.

Күн жана башка жылдыздар

Күнгө жакынкы жылдыздар

Күнгө жакынкы үч жылдыз болжолдуу 4,3 жарык жыл аралыгында жайгашкан (270 астрономиялык бирдик айланасында). Алар Альфа Центавра жылдыз системасын түзүп, бири-биринин айланасында татаал траектория боюнча жүрүшөт. Учурдагы эң жакыны Проксима Центавра.

Күндүн түгөйлөштөрү

Учурда Күндүн бир нече түгөйлөштөрү белгилүү, алар биздин жылдыздын массасы, жарыктыгы, температурасы (±50 К), металлдуулугу (±12 %), жашы (±1 млрд жыл) ж. б. боюнча дээрлик толук аналогу болуп саналат, алардын ичинде:

  • Куума иттер Бетасы (орусча Бета Гончих Псов);
  • 18 Чаян;
  • 37 Эгиз;
  • HD 44594;
  • HIP 56948.

Күн кыймылы

Күн, Күн системасы менен кошо Ааламдын башка телолоруна салыштырмалуу татаал кыймылды ишке ашырат.

Жакынкы жылдыздарга салыштырмалуу ал 20 км/секунда айланасындагы ылдамдыкта, α = 270°, δ = 30° (Геркулес топ жылдызы) экватордук координаталарына ээ болгон чекитти карай жылат.

Бирок, бул ылдамдык, Күндүн Галактиканын борборуна карата жылган ылдамдыгынан азыраак. Галактиканын синхрондуу айлануу аймагы (коротация) менен кошо, Күн анын орбитасында эллипстик орбитада айланат, жана бир айлануусу 225—250 миллион жылды түзөт. Ошону менен бирге, сызыктуу ылдамдыгы секундасына 220—240 км. Багыты салыштырмалуу жай, бирок өзгөрүүдө, карама-каршы багытка ал жарым мезгилде өзгөрөт — 125 миллион жылдын айланасында. Учурда бул багыт Аккуу топ жылдызы жакты карайт. Галактиканын борборунун айланасында айлануудан тышкары, галактика тегиздигине жараша термелүүлөрдү ишке ашырып, ар бир 30—35 миллион жылда аны кесип өтөт (башка эсептер боюнча — ар бир 20—25 миллион жылда) жана бирде түндүк, бирде түштүк галактикалык жарым шарда болот. Коротация аймагында болуусу Күндүн спиралдык жеңдерди өтүү интервалын максималдаштырат.

Андан тышкары, Күн бүткүл галактика менен кошо Аймактык галактикалар тобуна салыштырмалуу кыймыл жасайт.

1969-жылы алгачкы жолу реликттик нурлануудан диполдук компонента бөлүнгөн: мунун температурасы бүткүл асманда бирдей эмес болуп чыккан. Арстан топ жылдызынын багытында орточодон 0,1% жогору болгон, жана карама-каршы багытта 0,1% төмөн. Бул Күндүн реликт фонуна салыштырмалуу Арстан топ жылдызы жакка секундасына 370 км ылдымдыктагы кыймылынын натыйжасында пайда болгон Доплер эффектисинин натыйжасы. Бул кыймыл Күндүн Галактика борборуна, Галактиканын Аймактык топтун борборуна салыштырмалуу, жана Аймактык топтун кыймылынан калыптанат. Акыркысынын кыймылы заманбап маалыматтар боюнча (2024) 627±22 км/с түзүп, l = 276 ± 3 ∘, b = 30 ± 3 ∘ галактикалык координаталар чекитине багытталган (бул чекит Гидра топ жылдызында жайгашкан).

Галактика борборунун айланасындагы жолдо учурда Күн Аймактык көбүк аталган жайылып кеткен ысык газ жана андагы Чаян-Центавра Ассоциациясы аталган жылдыз калыптануу аймагынан учурулуп жок болуп жаткан Аймактык жылдыз аралык булут аркылуу жылып баратат. Аймактык көбүк аймагы аркылуу Күн акыркы 5 ал гана эмес 10 млн жылдан бери жылып баратат, ал эми Аймактык жылдыз аралык булутка 44 жана 150 миң жыл мурун аралыгында кирген, жана мунун аймагында дагы 10—12 миң жыл калат деп божомолдонот.

Күн изилдөөлөрү

Күндүн алгачкы байкоолору

Эрте мезгилдерден тарта эле адамзаты Күндүн маанилүү ролун белгилеп келген — жарык жана жылуулук алып келүүчү асмандагы жарык диск деп.

Көптөгөн тарыхка чейинки жана антикалык маданияттарда Күн кудай сыяктуу кабыл алынчу. Күн маданияты Египет, инк, ацтектердин диндеринде маанилүү орунду ээлеген. Көптөгөн байыркы эстеликтер Күн менен байланыштуу: мисалы, мегалиттер Күндүн жайкы туруу абалын так белгилешет (мындай түрдөгү ири мегалиттердин бири Египеттеги Набт-Плайяда жана Улуу Британиядагы Стоунхенджде), Мексикадагы Чичен-Ице пирамидалары жазгы жана күзгү күн-түндүн теңелүүсүндө Жердеги көлөкө пирамида бетине жылмышып тийгендей кылып курулган. Байыркы грециялык астрономдор Күндүн эклиптиканы бойлой жылдык көрүнүктүү кыймылын байкап, Күндү жети планетанын бири деп эсептешкен (байыркы грекче ἀστὴρ πλανήτης — адашкан жылдыз). Кээ бир тилдерде Күнгө планеталар менен теңдеш аптанын бир күнү арналган.

Заманбап илимий түшүнүктүн өнүгүшү

Илимий көз карашта Күнгө көз салууга аракет жасаган грециялык философ Анаксагор болгон. Ал Күндү грек мифологиясы окуткандай Гелиостун дөңгөлөгү эмес, өлчөмдөрү боюнча Пелопоннестен чоң болгон гигант ысык шар деген. Анын мындай еретикалык окуусу үчүн ал түрмөгө камалып, өлүм жазасына тартылмак, бирок, Периклдын кийлигишүүсү менен бошотулган.

Күндүн айланасында планеталар айланып жүрөрү жөнүндөгү идеяны Аристарх Саомсский жана байыркы индиялык окумуштуулар айтышкан. Бул теория XVI кылымда Коперник тарабынан кайра жаралган.

Жерден Күнгө чейинки аралыкты биринчилерден болуп Аристарх Самосский эсептөөгө аракет кылган, биринчи жана акыркы чейректеги Күн менен Айдын бурчун өлчөп, ага ылайык тик бурчтуу үч бурчтуктун катыштыгы менен Жерден Айга чейинки аралыгын жана Жерден Күнгө чейинки аралыкты аныктаган. Аристарх боюнча Күнгө чейинки аралык Айга чейинки аралыктан 18 эсе чоң болгон. Чындыгында Күнгө чейинки аралык Айга чейинки аралыктан 394 эсе чоң. Ал эми Айга чейинки аралык антика мезгилинде Гиппарх тарабынан дээрлик так аныкталган, жана ал Аристарх Самосский сунуштаган башка ыкманы колдонгон.

Кытай астрономдору Хань династиясынын мезгилинен тарта жүздөгөн жылдардын өтүшүндө күн тактарын байкашкан. Биринчи жолу тактар Иоанн Вустерскийдин хроникасында 1128-жылы белгиленген. 1610-жылдан тарта Күндү аспаптык изилдөө доору башталат. Телескоптун жана анын атайын Күндү байкоого арналган түрүнүн (гелиоскоптун) ойлонуп табылышы, Галилейге, Томас Хэрриотго, Кристоф Шейнерге жана башка окумуштууларга күн тактарын көрүүгө мүмкүндүк берген. Галилей, балким изилдөөчүлөрдүн арасынан күн тактарын күндүн түзүмү катары тааныгандардын бири, Шейнер болсо, аны Күндүн алдынан өтүп бараткан планеталар деп эсептеген. Галилейдин мындай жоромолу, Күндүн айлануусун жана анын мезгилин эсептеп табууга мүмкүндүк берген. Тактардын ачылышынын артыкчылыгы жана алардын табиятына Галилей менен Шейнердин ортосундагы полемикага он жылдан ашык убакыт кеткен, жана биринчи байкоо, биринчи жарыялоо бирине дагы таандык эмес делет.

Жерден Күнгө чейинки аралыктын параллакс ыкмасы менен жүргүзүлгөн биринчи жакшыраак баалоосун Джованни Доменико Кассини жана Жан Рише алган. 1672-жылы Марс Жер менен улуу каршылашта турганда, алар Марстын абалын бир убакта Парижде жана Кайенде (Француз Гвианасынын административдик борбору) өлчөшкөн. Байкалуучу параллакс 24" түзгөн. Бул байкоолордун натыйжасында Жерден Марска чейинки аралык табылган, андан соң ал көрсөткүчтөр Жерден Күнгө чейинки аралыкты эсептөөдө колдонулуп, 140 млн км деген тыянакка келишкен.

XIX кылымдын башында Ватикандын башкы астроному Пьетро Анджело Секки (итальянча Pietro Angelo Secchi), күндүн жарыгын түзүүчү түстөргө бөлүп, астрономиялык илимде спектроскопия аттуу жаңы изилдөө багытына башат салган. Мындай ыкма менен жылдыздарды изилдөө түшүнүгү жаралып, Фраунгофер Күндүн спектринде сиңирилүү сызыктарын тапкан. Спектроскопиянын жардамы менен Күндүн курамындагы жаңы элемент табылган, аны Күн кудайы Гелиостун наамынан гелий деп аташкан.

Көп убакыт бою күн энергиясынын булактары түшүнүксүз болгон. 1848-жылы Роберт Майер метеориттик теорияны айтып, буга ылайык Күн метеориттердин бомбалоосунан ысыган имиш. Бирок, мындай сандагы метеориттер бомбалоодо Жер дагы катуу ысып кетмек; андан тышкары, жердеги геологиялык катмардануулар метеориттерден турмак; жана акыркысы Күндүн массасы өсүп бул нерсе планеталардын кыймылына таасир этмек. Ошондуктан, XIX кылымдын экинчи жарымында көптөгөн изилдөөчүлөр тарабынан, Гельмгольц жана лорд Кельвин тарабынан өнүктүрүлгөн теория, башкача айтканда, Күн, жай гравитациялык кысылуунун эсебинен ысыйт делген теория («Кельвин — Гельмгольц механизми») чындыкка жакын деп эсептелген. Бул механизмде негизделген эсептөөлөр Күндүн максималдуу жашын 20 млн жыл деп баалачу, ал эми Күн өчө турган мезгилди 15 млн жылдан кийин деп. Бирок, бул гипотеза тоо тектеринин жашы боюнча геологиялык маалыматтарга каршы келген, ал эми андай маалыматтар алда канча чоң сандарды көрсөтчү. Мисалы, Чарльз Дарвин венддик катмарлардын эрозиясы жок дегенде эле 300 млн жыл уланган деп белгилеген. Ошого карабастан, Брокгауз жана Ефрондун энциклопедиясы гравитациялык моделди мүмкүн болуучулардын жалгызы деп эсептечү.

XX кылымда гана бул маселенин туура чечилиши табылган. Алгач, Резерфорд Күндүн ички энергиясынын булагы андагы радиоактивдүү бөлүнүүлөр эсептелинет деген гипотезаны чыгарган. 1920-жылы Артур Эддингтон Күндүн тереңиндеги басым жана температура ушунчалык чоң болуп, андан суутектин төрт өзөгү (протондор) гелий 4 өзөгүнө кошулуу менен термо өзөктүк реакция жүрүшү мүмкүн деп жоромолдойт. Эркин төрт протондордун массасына караганда, акыркысынын массасы азыраак болгондуктан, алардын бөлүгү бул реакциядагы масса дефектисинен улам фотондор энергиясы өтөт. Күндүн курамында суутек көптүк кылганын 1925-жылы Сесилия Пейн тастыктаган. Термо өзөктүк синтез теориясы 1930-жылдары астрофизиктер Субраманьян Чандрасекар жана Ханс Бете тарабынан өнүктүрүлгөн. Бете Күндүн энергиясынын булагы болгон эки башкы термо өзөктүк реакцияны тыкат эсептеп чыккан. 1957-жылы Маргарет Бербидждин «Жылдыздардагы элементтердин синтези» аталган эмгеги жарык көрүп, анда Ааламдагы көпчүлүк элементтер жылдыздарда жүрүүчү нуклеосинтездин натыйжасында пайда болгону көрсөтүлгөн.

1905-жылы Джордж Эллери Хейл (англисче George Ellery Hale) Маунт-Вилсон обсерваториясында биринчи күн телескобун орнотуп, Галилей тарабынан ачылган Күндөгү тактардын келип чыгышын изилдей баштайт. Джордж Хейл Күндөгү тактар магниттик талаадан улам пайда болгонуна ачылыш жасайт, анткени, алар, күндүн бетинин температурасын төмөдөтөт.

2020-жылдын январь айында АКШнын Улуттук илимий фондунун телескобу Күндүн тарыхтагы эң так сүрөттөрүн тарткан. Мында, плазма жүрүүчү «чөйчөкчөлөр» жакшы көрүнөт.

Күндүн космостук изилдөөлөрү

Жердин атмосферасы космостогу электромагниттик нурлануулардын көптөгөн түрлөрүнүн өтүүсүнө тоскоолдук жаратат. Андан тышкары, атмосфера жетишээрлик тунук болгон спектрдын көрүнүктүү бөлүгүндө анын термелүүлөрүнөн улам космостук объектилердин сүрөттөрү бурмаланып калат, ошондуктан байкоолорду чоң бийиктиктерде (аспаптары атмосферанын жогорку катмарларына көтөрүлгөн бийик тоолуу обсерваторияларда) же космостон жүргүзүү алда канча жакшыраак. Күндүн так сүрөтүн алуу, анын ультра кызгылт көк жана рентген нурлануусун изилдөө, күн туруктуулугун так өлчөө үчүн аэростаттарды, ракеталарды, жасалма жандоочторду жана космостук станцияларды пайдаланышат.

Фактылык жактан Күндүн биринчи атмосферадан тышкаркы байкоолору Жердин экинчи жасалма жандоочуму «Спутник-2» тарабынан 1957-жылы өткөрүлгөн. Байкоолор 1ден 120 Å чейинки бир нече спектр диапазондорунда органикалык жана металл чыпкалардын жардамы менен жүргүзүлгөн. Күн шамалы 1959-жылы «Луна-1» жана «Луна-2» космос аппараттары менен табылган.

Күн шамалын изилдеген башка космостук аппараттар NASAнын «Пионер» сериясындагы номер 5—9 жандочтору болгон, булар 1960 жана 1968-жылдар аралыгында учурулган. Бул жандоочтор Жердин орбитасынын жанында Күндү айланып күн шамалынын көрсөткүчтөрүн дыкат өлчөгөн.

1970-жылдары АКШ жана Германиянын биргелешкен проектисинин алкагында «Гелиос-I» жана «Гелиос-II» (англисче Helios) жандоочтору учурулган. Булар перигелийи Меркурий орбитасынын ичинде, Күндөн болжолдуу 40 млн км аралыкта жайгашкан гелиоборбордук орбитада болгон. Бул аппараттар күн шамалы жөнүндө жаңы маалыматтарды алууга жардам берген.

1973-жылы Скайлэб америкалык космос станциясында Apollo Telescope Mount аталган космостук күн обсерваториясы ишке киришкен. Бул обсерваториянын жардамы менен күн өтмө аймагынын жана күн таажысынын ультра кызгылт көк нурлануусунун динамикалык режимдеги биринчи байкоолору жүргүзүлгөн. Анын жардамы менен массанын таажылык ыргытылышы жана таажылык тешиктер ачылган, булар азыр күн шамалы менен тыгыз байланышта экени аныкталган.

1980-жылы НАСА жердин айланасындагы орбитага Solar Maximum Mission (SolarMax) зондун чыгарып, ал күндүн жогорку активдүүлүк учурундагы күн жаркыроолорундагы ультра кызгылт көк, рентген жана гамма-нурланууларын байкоого арналган. Бирок, бир нече айдан кийин электрондук жабдуусу бузулуп, ал пассивдүү режимге өткөн.

1984-жылы «Челленджер» шаттлындагы STS-41C космостук экспедиция SolarMax зондун жасап, аны кайрадан орбитага чыгарышкан. Мындан улам 1989-жылдын июнь айына чейин аппарат күн таажысынын миңдеген сүрөттөрүн алган. Аппараттын өлчөөлөрү боюнча Күндүн 1,5 жылдык байкоолорунда анын кубаттуулугу 0,01% өзгөргөнү аныкталган.

1991-жылы учурулган Япониялык Ёко (англисче «Yohkoh») жандоочусу Күндүн рентген диапазонундагы нурлануусуна байкоо жүргүзгөн. Алынган маалыматтар окумуштууларга күн жаркыроолорунун бир нече түрлөрүн идентификациялоого жардам берип, таажысы максималдуу активдүүлүк аймагынан алыстыкта көбүрөөк динамикалуу экенин көрсөтүшкөн. Ёко толук күн циклинин өтүшүндө иштеп, 2001-жылкы күндүн тутулуусунда өзүнүн ориентациясын жоготуп пассивдүү режимге өткөн.

Күндү изилдөөдө Европалык космос агенттиги жана НАСА менен биргеликте түзүлгөн SOHO (Solar and Heliospheric Observatory) программасы дагы маанилүү ролду ойнойт. 1995-жылдын 2-декабрында учурулган SOHO космос аппараты пландаштырылган эки жылдын ордуна он жылдан ашык иштеп келет (2009). Бул проект ушунчалык пайдалуу болгондуктан 2010-жылдын 11-февралында кийинки аналогиялуу SDO (Solar Dynamics Observatory) аппараты да космоско чыгарылган. SOHO Күн менен Жердин ортосундагы Лаграндж чекитинде жайгашып, учурулгандан тарта Жерге Күндүн ар кандай толкун узундуктарынын диапазонундогу сүрөттөрүн жөнөтүп турууда. Өзүнүн негизги тапшырмасы — Күндү изилдөөдөн тышкары — SOHO көп сандаган кометаларды дагы изилдеген, негизинен абдан кичинекей жана Күнгө жакындаганда бууланып кетүүчүлөрүн.

Бул жандоочтордун бардыгы Күндү эклиптика тегиздигинен байкаган, ошондуктан Күндүн уюлдарынан алыс аймактарын гана тыкат изилдешкен. 1990-жылы Күндүн уюлдук аймактарын изилдөө үчүн «Улисс» космос зонду учурулган. Алгач ал эклиптика тегиздигине чыгуу максатында Юпитердин жанында гравитациялык ыкым кыймыл (орусча манёвр) жасаган. Бактыга жараша, аппарат, Шумейкеров — Леви 9 кометасынын Юпитер менен болгон кагылышуусун 1994-жылы байкаган. Пландаштырылган орбитага чыккандан кийин ал күн шамалын жана жогорку гелио кеңдиктердеги магниттик талаанын чыңалуусун байкай баштайт. Бул кеңдиктердеги күн шамалынын ылдамдыгы болжолдуу секундасына 750 км экени аныкталган, а бул күтүлгөндөн аз экени, жана буларда галактикалык космос нурларын чачкан чоң магнит талаалары бар экени белгилүү болгон.

Күндүн фотосферасынын курамы спектроскопиялык ыкмалар менен жакшы изилденген, бирок, Күндүн терең катмарларындагы элементтердин катыштыгы жөнүндөгү маалыматтар азыраак эле. Буга ылайык Күндүн курамы жөнүндөгү түз маалыматтарды алуу үчүн Genesis космос зонду космоско чыккан. Аппарат Жерге 2004-жылы кайтып келип, кайсы бир сенсорунун бузулганынан жана анын натыйжасында ачылбай калган парашюттан улам аппарат жерге түшүүдө зыянга учураган. Ошого карабастан кайтып келген модул, изилдөөгө мүмкүн болгон күн шамалынын бир нече үлгүлөрүн алып келген.

2006-жылдын 22-сентябрында Жердин орбитасына Хайнод (Hinode, Solar-B) обсерваториясы ишке киргизилген. Обсерватория япониялык Ёко (Yohkoh, Solar-A) иштелип чыккан ISAS институтунда жасалып, үч аспап менен жабдылган: SOT — оптикалык күн телескоп, XRT — рентген телескобу жана EIS — ультра кызгылт көк диапазонунун спектрометрин сүрөттөөчү. Күн таажысындагы активдүү процесстерди изилдөө, жана алардын Күндүн түзүмү, магнит талаасынын динамикасы менен болгон байланышын аныктоо Хайноддун негизги тапшырмасы эле.

2006-жылдын октябрында STEREO күн обсерваториясы ишкер киргизилген. Ал эки окшош космос аппаратынан туруп, бирөө Жерден дайыма артта калып, экинчиси алдыда жүрөт. Мындай нерсе Күндүн жана андагы таажылык масса бүркүү сыяктуу көрүнүштөрүнүн стерео сүрөттөрүн алууга мүмкүндүк берет.

2009-жылдын январь айында Россиялык «Тесис» космостук телескоптор комплексин камтыган «Коронас-Фотон» жандоочу учурулган.

2010-жылдын 11-февралында АКШ геостационардык орбитага SDO (Solar Dynamic Observatory) аттуу жаңы күн обсерваториясын чыгарган.

Күндү байкоо жана көзгө болгон коркунучу

Күндү эффективдүү байкоо үчүн атайын күн телескоптор бар, алар дүйнөнүн көптөгөн обсерваторияларында орнотулган. Күндүн жарыктыгы өтө жогору болгондуктан күн телескопторунун жарык кубаты төмөн. Күн көрүнүшүнүн чоң масштабдагы сүрөтүн алуу маанилүү болгондуктан, күн телескопторунун фокустук аралыгы да өтө чоң болот (ондогон мертге чейин). Асмандагы күндүн абалы салыштырмалуу кууш алкак менен чектелгендиктен, анын максималдуу жазылышы — 46 градус. Ошондуктан, күн жарыгы күзгүлөрдүн жардамы менен туруктуу орнотулган телескопко багытталат, андан соң гана экранга проекцияланат же караңгылатылган чыпкалар менен карашат.

Күн — жылдыздардын арасынын эң кубаттуусу эмес, бирок ал салыштырмалуу Жерге жакын турат, ошого байланыштуу биз үчүн ал өтө жарык жаркырайт — толгон Айдан 400 000 эсе жарык. Мунун айынан күндүзгү Күндү түздөн-түз көз менен кароо өтө кооптуу, ал эми атайын чыпкасыз дүрбү же телескоп менен кароого тыюуу салынат — күн нурлары көздү оё күйгүзүп салат (көз торчосунун жана тунук челдин күйүп калуусу, азиз болуп калууга алып келет). Көзгө зыян келтирбестен Күндү көз менен байкоо күн чыгып же батып жатканда мүмкүн (мында күндүн жылтылдоосу бир нече миң эсе азаят), же күндүз атайын чыпкалоочу (караңыгатуучу) каражаттардын жардамы менен. Дүрбү же телескоп менен күндү байкоодо караңгылатуучу жарык чыпкасын объективдин күндү караган бетине орнотот. Бирок, башка ыкмасын колдонуу жакшыраак — күндүн көрүнүшүн телескоп аркылуу ак экранга проекциялоо. Мындай учурда кичинекей телескоп менен күн тактарын изилдөөгө болот, ал эми аба ырайы жакшы убакта Күн бетиндеги бүдүрлөнүүлөрдү (грануляцияларды) жана от жалындарын көрүүгө мүмкүн болот. Бул ыкмада телескоптун өзү зыянга учурап бузулуп калуу коркунучу бар, ошондуктан бул ыкманы колдонуудан мурда телескоптун нускамасы менен таанышуу ашык болбойт. Негизинен, бузулуп калуу коркунучуна телескоп-рефлекторлор жана катадиоптрикалык телескоптор дуушар болушу ыктымал. Андан тышкары, башында айткандай эле, каалаган атайын чыпкасы жок телескоп менен Күндү түздөн-түз кароого, ал эми экранга проекциялоодо тыныгуусуз көпкө чейин кармоого болбойт.

Теориялык көйгөйлөр

Күн нейтриндеринин көйгөйү

Күндүн өзөгүндөгү өзөктүк реакциялар көп сандагы электрондук нейтриндердин калыптануусуна алып келет. Ошону менен бирге, 1960-жылдары башталган Жердеги нейтриндердин агымын өлчөөлөр, катталуучу күн электрондук нейтриндеринин саны Күндөгү процесстерди баяндоочу стандарттык моделден болжолдуу эки-үч эсе аз экенин көрсөткөн. Бул эксперимент менен теория ортосундагы келишпестик «күн нейтриндеринин көйгөйү» аталышка ээ болуп, 30 жылдан ашуун күн физикасынын табышмагы болгон. Бул абал нейтриндердин заттар менен начар аракеттенүүсү менен татаалданат, жана нейтриндердин агымын так өлчөй алган детекторду жасоо техникалык жактан татаал жана кымбат тапшырма.

Күн нейтриндеринин маселесин чечүүнүн эки жолу сунушталган. Биринчиден, божомолдонуучу Күндүн өзөгүндөгү термо өзөктүк активдүүлүктү (буга ылайык температураны дагы) жана мунун натыйжасында Күн тарабынан нурлануучу нейтриндердин активдүүлүгүн азайтуу (теориялык) менен Күн моделин жаңылоо.

Экинчиден, Күндүн өзөгү тарабынан нурлануучу электрондук нейтриндердин бөлүгү Жерди карай жылууда жөнөкөй детекторлор менен катталбаган башка муундагы нейтриндерге айланат деп жоромолдоо. Бүгүнкү күндө, сыягы, туура жолу экинчиси болушу мүмкүн.

Нейтриндердин бир сортунан экинчисине өтүү үчүн — башкача айтканда айтылуу нейтриндик осцилляция жүрүү үчүн — нейтрино нөлдөн айырмаланган массага ээ болушу керек. Учурда чындыгында ушундай экени аныкталган. 2001-жылы Садберидеги нейтриндик обсерваторияда бардык сорттогу күн нейтринолору катталып, алардын толук агымы стандарттык күн модели менен макулдаштыкта экени көрсөтүлгөн. Ошону менен бирге, Жерге жеткен нейтринолордун үчтөн биринин айланасындагылары электрондук болуп чыккан. Бул көрсөткүч электрондук нейтринолордун вакуумда («нейтринолук осцилляциялар») жана күн затында (Вольфенштейн, Михеев, Смирнов эффектиси) башка муундагы нейтриного өтүп кетүү теориясы менен макулдашылат. Ошентип, бүгүнкү күндө күн нейтринолорунун көйгөйү сыягы чечилгендей.

Таажынын ысуу көйгөйү

Температурасы болжолдуу 6000 К болгон Күндүн көрүнүктүү бетинин (фотосферанын) үстүндө, температурасы 1 000 000 К ашык болгон күн таажысы орун алган. Таажынын мындай жогорку температурага келиши фотосферанын жылуулугу жетишсиздей. Таажынын мындай ысышы фотосфера алдындагы конвекциялык аймактан келген турбуленттик кыймылдардан келет деп божомолдонот. Ошону менен бирге, энергиянын таажыга өтүүсү боюнча эки механизм сунушталган. Биринчиден, бул толкундук ысуу — турбуленттик конвекциялык аймактагы генерациялануучу үн жана магниттик гидродинамикалык толкундар таажыга жайылып, ал жактан чачырайт, энергия болсо таажылык плазманын жылуулук энергиясына өтөт. Альтернативдүү механизми — магниттик ысуу, мында, фотосфералык кыймылдар тарабынан үзгүлтүксүз генерациялануучу магниттик энергия, чоң күн жаркыроосу же көп сандаган майда жаркыроолор формасындагы магниттик талаанын кайра кошулуу жолу менен чыгат.

Учурда таажынын ысышына кайсы түрдөгү толкундар (механизм) эффективдүү таасир эткени белгисиз (2024). Магниттик гидродинамикалык альвендик толкундардан башкасы таажыга жеткенге чейин чачырап же чагылып кетээрин көрсөтүүгө болот, альвендик толкундардын диссипациясы болсо таажыда татаалдашкан. Ошондуктан, заманбап изилдөөчүлөр күн жаркыроолору аркылуу ысуу механизмине көңүлүн бурушкан. Таажынын ысуу булактарынын кандидатынын бири — үзгүлтүксүз жүрүп туруучу майда масштабдуу жаркыроолор, бирок, бул суроодого акыркы жооп дагы беде белгисиз.

Дүйнөлүк маданияттагы күндүн ролу

Кыргыздарда

Кыргыз элинин тарыхында дагы Күн маанилүү ролду ойногон, кыргыздар «Эмне улук?» деген сөзгө кийинкидей жооп берген:

«Теңир улук, Күн улук,
Төбөсү ачык Көк улук,
Жан-жаныбар бүт улук.

Жарык улук, от улук.
Ордо күткөн журт улук,
Төшү түктүү жер улук,
Адам улук, жан улук.

Кыргыздардын жакшы алым-сабак макалы бар: тирүү жандын атасы — Күн, энеси — Жер, каны — суу, жаны — аба.

Бул сөздөргө байкоо жүргүзсөк, биздин ата-бабаларыбыз эзелки заманда эле Күндүн баркын билип, ага сыйынышкан. Хандын ак ала ордосунун эшиги күн чыгышты карап тигилген. Күн чыкканда ага жүгүнүшкөн, муну кыргыздар гана эмес көптөгөн башка элдер дагы жасашчу. Күнгө акарат кылышкан эмес. Сак доорунда Күн баштуу адамдарды аска бетине тартышкан. Адамдын башы Күн болгону — анын Күндөй улуулугун билдирген.

Динде жана мифологияда

Башка табигый көрүнүштөр сыяктуу эле, адам цивилизациясынын бүткүл тарыхындагы көптөгөн маданияттарда Күн табынуу, сыйынуу объектиси болгон. Күнгө сыйынуу маданияты Байыркы Египетте Ра кудайы менен белгиленген. Гректерде Күн кудайы — Гелиос, уламышка ылайык ал күн сайын өзүнүн эки дөңгөлөктүү арабасында асман аркылуу өтүп турган.

Көпчүлүк элдерде күн кудайлары эркек жыныста болуп (мисалы, англис тилинде Күнгө карата «he» — «ал» деген жеке ат атооч колдонулат), скандинавиялык мифологиялык ал (Суль) аял жыныста.

Чыгыш Азияда, негизинен, Вьетнамда Күн 日 (Кыйтайдын пиньинь белгиси) белгиси менен белгиленет, башка символу дагы бар, ал — 太阳 (тай ян). Бул түпкүлүктүү вьетнам сөздөрүндө nhật жана thái dương сөздөрү Чыгыш Азияда Ай жана Күн инь жана ян эки карама-каршылык катары эсептелинген. Вьетнамдар дагы, Кытайлар дагы байыркы заманда буларды биринчи табигый күчтөр катары санашкан, Ай инь менен, Күн ян менен байланышкан.

Оккультизмде

Каббалада Күн Тиферет сфироту менен мамилелеш. Астрологияда рух, аң-сезим, ошондой эле, организмдин тиричилик күчтөрү менен тектеш. Белгилүү болгондой эле, астрологияда ар бир адамга туулган күнүндөгү Күндүн абалы боюнча белгилүү бир зодиак белгиси таандык болот.

Дүйнө тилдеринде

Орус жазма булактарында «солнце» сөзү «слнцу» формасында Остромирой Евангелиясында кездешет (1057-жыл).

Көптөгөн индоевропалык тилдерде Күн «sol» уңгусуна ээ болгон сөз менен белгиленет. Мисалы, латын тилинде, заманбап португалия, испания, исландия, дания, норвегия, швеция, каталания жана гал тилдеринде sol Күн дегенди билдирет. Англис тилинде дагы, Sol сөзү кээде (көбүнчө илимий контекстте) Күндү белгилөө үчүн колдонулат, бирок, бул сөздүн негизги мааниси римдик кыдайды белгилөө. Перс тилинде sol «күн жылы» дегенди билдирет.

Күндүн урматына Перу мамлекетинин валютасы (жаңы сол) аталган, кечуа тилинен которгондо Күн дегенди билдирет, мурда инти аталчу (бул аталыш инктердин астрономиясында жана мифологиясында негизги орунду ээлеген кудайынын аты).

Күн жөнүндөгү шаардык легендалар

2002-жылы жана андан кийинки жылдары ЖМКларда Күн 6 жылдан кийин жарылат (башкача айтканда эң жаңы жылдызга айлануу) деген маалымат чыккан. Маалыматтын булагы катары голландиялык астрофизик, Европалык космос агенттигинин эксперти, доктор Пирс ван дер Меер (Piers van der Meer) аталган. Чындыгында болсо, Европалык космос агенттигинде мындай кызматкер болгон эмес. Андан тышкары, мындай ысымдагы астрофизик дагы болгон эмес. Күндөгү суутек отуну бир нече миллиард жылдарга жетет. Мынча убакыт өткөндөн кийин Күн жогорку температураларга чейин ысыйт (ысуу процесси болсо ондогон же жүздөгөн миллион жылдарга созулат), бирок, эң жаңы жылдызга айланбайт. Күн негизинен эле, эң жаңы жылдызга айлана албайт, анткени, массасы жетишсиз.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 28511, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-12, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу