Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Күмүшалиева Сабира

Баш барак | Биографиялар | Күмүшалиева Сабира

Күмүшалиөва СабираЭгер борборубуздагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына келсеңер, анын дубалдарына кыр ката тизилген портреттерди көрөсүңөр. Алар театр иштеп баштаган күндөн тартып, анын сахнасында жүздөгөн ролдорду аткарган артисттердин портреттери болуп саналат.

Алардын ичинен силер атактуу Сабира Күмүшалиеванын да портретин да көрөсүңөр. Өмүрү театр менен тыгыз байланышкан бул актрисанын аты республиканын учу-кыйырына эчактан белгилүү. Ч. Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган Ак кеме көркөм фильмин албетте көргөнсүңөр.

Бакыраң көз Нургазы деген бала менен да таанышсыңар. Мектепке барууну самаган балага чоң атасы сатып берген портфелин колунан жулуп алып ыйлаткан каардуу чоң эненин жоругу силерди да капа кылган чыгар. Бул ролду дал турмуштагыдай ойноо үчүн кандай таланттын ээси болуу керек экендиги айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Ал таланттуу актриса - Сабира Күмүшалиева.

Жаштайынан театрда иштөөнү алдына максат кылгандыктан, ал мугалимдик кесипке окугандыгына карабастан, Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрына келип кирет. Ошол күндөн тартып ал ар кыл ролдордун үстүндө талбай эмгектенип, унутулгус образдарды жаратты.

Аны менен катар эле кинодо да ондогон ролдорду аткарды. Сабира Күмүшалиеванын театрдагы эмгеги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам ыйгарылган жана Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 575, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-12-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо