Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Күмүш галогениддери

Күмүш галогениддери — күмүш менен галогендер бирикмелери: АgF жана АgС1 — түссүз, AgBr, AgI — сары кристаллдар. АgF башкасы сууда эрибейт. Суу эритмесинен кристаллогидрат АgF×Н2О жана AgF×2Н2О түрүндө бөлүнөт. К. г. газ абалындагы аммиак менен кошулуп аммиакаттар жана NН3 суудагы эритмесинде, галогендүү суутек к-талары же алардын туздары (НСI, NаС1 жана башка) эритмесинде эрип, комплекстүү бирикмелерди берет. Конц. ысык НNО3 жакшы эрийт. Жарыкка өтө сезгич. АgF күмүш оксиди же карбонатына плавик к-та-сын жана фтор менен күмүштү ысытуудан, АgСI — жогорку темп-рада күмүшкө хлорду таасир этүүдөн алынат. Негизинен жарык сезгич материалдар — сүрөт кагаздарын, киио жана сүрөт пластинкаларын чыгарууда, аналитикалык химияда, АgF орг. заттарды фторлоодо, АgСI айнек чаптоодо колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)