Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Күлчор

Күлчор, Бага - Тархан Күрсүл – 8-кылымдын баш чениндеги түргөштөрдүн аскер башчысы. 720-жылы согдулуктардын арабдарга каршы согушуна жардамга келген түргөштөрдүн аскерлерин жетектеген. Самарканды курчоого алып, согдулуктар менен бирге, Согд мамлекетинен арабдарды кууп чыккан. 738-жылы түргөш каганы Сулукту өлтүргөн. 739–744-жылдары каган катары такка олтурган. Күлчор арабдарга каршы ошол эле арабдардын ичинен чыккан козголоңчу аскер башчысы Харис ибн Сурейж менен бирге күрөшкөн. 744-жылы Сырдарыяга жасалган жортуулда Күлчор туткунга түшүп, өлтүрүлгөн.

"Кыргыз тарыхы" Бишкек 2003. "Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору" "И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети" Башкы редактор: ү. А. Асанов, жооптуу редактор: А. А. Асанканов. Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н. Өмүрбеков.




Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)