Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Күкүк менен зейнеп

Баш барак | Жомок уламыштар | Күкүк менен зейнеп

Илгери-илгери бир куш жыгачтын башына уя салып, эки балапан чыгарат. Балапандардын биринин аты - күкүк, экинчисиники - зейнеп экен. Балапандар чоноюп, уядан учууга жакындап калат. Учарга жакын күкүк менен зейнеп алмак-салмак канаттарын күүлөп, машыга баштайт. Бир күнү күкүк уянын кырына чыгып алып талпынат. Талпынып жатып, уядан кулап түшүп, жердеги жаракага кирип кетет. Уяда калган зейнеп бир тууганына кантип жардам берерин билбей чыркырап кала бериптир.

Күкүк ошол бойдон дайынсыз жоголот. Бир оокумда зейнеп менен күкүктүн ата-энеси келип, күкүктүн жер алдына кирип кеткенин угушуп, артынан издеп жөнөшөт. Жаракага түшүп, алар да жок болот. Уяда бир нече күн күкүк деп сайрап отуруп, зейнеп да учуп кетет. Ошол күндөн бери зейнеп бир тууганын чакырып, күкүк деген боюнча жүрөт. Ал эми күкүк жер алдында жашап, зейнеп деп чакыра берет экен. Ошентип, алар ушул күнгө чейин бирин-бири издеп, үн алышып, сайрап жүрүшүптүр.

Жайгаштыруу: 2016-12-23, Көрүүлөр: 3451, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо