Коен

Жараткан бардык жан-жаныбарлардын мүчөлөрүн жасап, өз ылайыгы боюнча кураштырып берип жаткан кезде, "коен" коркуп, айбыгып, жаратканга мурда баралбай, аркада калыптыр. Калган жандуулар мүчөлөрүн толук кураштырып алып кайтып болуп калганда, жараткан ээн

турганда, анан "коен" барып: “Менин мүчөлөрүмдү берсеңиз”,- деген экен, анда жараткан кейип: “Сен мурдараак келсең болбойбу, мен мүчөлөрдү такыр бөлүштүрүп берип болбодумбу, эми сага эч нерсе калган жок”,- деген экен. Анда "коен": “Антпей, мага да ылайыгында мүчө бербесеңиз болбойт”,- деп ыйлап туруп алыптыр.

Аргасыздан жараткан эшектен кичине кулак сурап, төөдөн эрин сурап, иттен бут сурап, эчкиден чычаң сурап, жээренден бел сурап алып аларды чогултуп “ме, мына буларды мүчө кылып ал”,- деп берген экен. Ошого коёндун кулагы эшектикине, ээрди төөнүкүнө, буту иттикине, чычаңы эч-киникине, бели жээрендикине окшоп жаралып калган имиш. “Коёндун жаралышы жөнүндөгү” жогорку мифте жан-жаныбардын тукум уругунун жаралуу тегин мифтик наристе элестетүү менен түшүндүрүүгө умтулган. Биз мындан жаныбарларды таанууда анын кебете түспөлүнө баам салган ата-бабанын наристе баамын байкай алабыз. Жараткандын кыргыз рухундагы образын көрө алабыз.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)