Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кочубаев Тойчу Тагаевич

Кочубаев Тойчу Тагаевич (1922, Араван району, Чек-Абад кыштагы. — 1981, ошол эле жерде) — айыл чарба өндүрүш ишмери, Социялистик Эмгектин Баатыры (1966). Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмгек сиңирген устаты (1958). 1944-жылдан КПСС мүчөсү. Советтик Армияга кызмат өтөп келгенден кийин, 1946-жылдан «Кызыл-Толкун» колхозунда председателдин орун басары болуп иштеп, 1954-жылы А. А. Жданов атындагы колхоздун председателдигине шайланган. 1965-жылы колхоз боюнча 1200 га пахта аянтынын ар гектарынан 36 плен түшүм жыйнап алынган. Мамлекетке пахта сатуунун 7-беш жылдык планы 4708 гга ашык, эт сатуу 107%, сүт 106% жана жүн 100%ке аткарылган. 1947-жылдан «Жаны-Жол» колхозунун председатели, 1979-жылдан тоют топтоо боюнча колхоздор аралык бирикменин директору. 1966-74-ж. СССР Жогорку Советинин жана 1963-67-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Ленин ордени, Социялистик Эмгектин Баатыры, Октябрь Революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.

Борбугулов М."Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)