Кочкората

Кочкората шаары: Шаар (2003-жылдан). Жалалабат облусундагы Ноокен районун аймагында Бабашата кырка тоосунун түш. этегинде, Бишкек — Ош автомобиль жо - лунун боюнда, деңиз деңг. 618 м бийик - тикте жайгашкан. Ноокен районун борбору Масы кыштагынан 13 км батыш тарапта, облустун борбору ж-а т. ж. бекети Жала - лабат ш-нан 56 км. К. мунайгаз кендерин казып алууга байланыштуу 1952-ж. куру - ла баштаган, алгач «Новостройка» деп аталган. 1953—2003-ж. шаарча, 2003- жылдан шаар. Шаардын жалпы аянты 485 га. Калкы 16117 (2002). К-да «Кыргызму - найгаз», «Кыргызгеофизика» (мунай-газ кендерин чалгындоо иштерин жүргүзөт), Кочкората айыл курулуш, «Керамика»(кыш ж. б. курулуш материалдарын чыга - рат) акционердик коомдору иштейт. Тех. колледж, кесиптик-тех. окуу жайы, 3 орто мектеп, гимназия, маданият үйү, 1000 но - мерлүү байланыш бөлүмчөсү, оорукана, балдар консультациясы, ден соолукту ка - лыбына келтирүүчү облустук оорукана, сквер, спорттук комплекс, стадион, чай - кана, кафе, ресторан бар. Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тур - гузулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)