Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кочкор (район)

Кочкор району Кыргызстандын Нарын облусундагы район. Административдик борбору Кочкор айылы .

Кочкор району Нарын облусунун түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Түндүгүндө Кыргыз республикасынын Чуй, чыгышында — Ысык-Көл облустары менен чектешет. Түштүгүндө Жумгал району менен чектешип турат. Аянты 6300 чарчы/чакырым.

2009-жылдагы Кыргызстандагы эл каттоонун маалыматтарына ылайык, райондо 58247 адам жашайт, анын ичинен кыргыздар 57582 адам (98,8%), дуңгандар 299 адам (0,5%), өзбектер 146 адам (0,3%), анын арасында орустар да бар



Кочкор районунун курамына 11 айыл өкмөтү (аймагы)кирет:

Ак-Кыя — борбору Кара-Суу кыштагы.

Кара-Суу — борбору Мантыш кыштагы. Айыл өкмөтүнө Мантыш, Кызыл-Дөбө, Кара-Мойнок, Ак-Талаа, Орток кыштактары кирет.

Кочкор — борбору Кочкор кыштагы.

Кош-Дөбө — борбору Кара-Саз кыштагы.

Кум-Дөбө — борбору Кум-Дөбө кыштагы.

Сары-Булак — борбору Ак-Кыя кыштагы.

Семиз-Бел — борбору Кара-Тоо кыштагы.

Талаа-Булак — борбору Дөң-Алыш кыштагы.

Көк-Жар — борбору Көк-Жар кыштагы.

Чолпон — борбору Чолпон кыштагы. Айыл өкмөтүнө Чолпон, Туз, Ара-Көл, Оро-Башы, Ак-Учук, Молдо Кылыч, Ак-Чий кыштактары кирет.

Соң-Көл — борбору Төлөк кыштагы.

Абдраев Кутубай Социалисттик Эмгектин баатыры

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)