Кочкор кум-шагыл кени

Кочкор кум-шагыл кени Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 14 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1845–1877 м бийиктикте. 1984-ж. чалгындалган. Кен аймагы плиоцен – төмөнкү төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон жумуру койташтуу конгломераттан түзүлгөн. Кум-шагыл катмарынын орточо гранулометриялык курамы: 500–70 мм – 27%, 70–5 мм – 53%, 5 ммден майдасы – 20%. Кум-шагыл кошулмасы "300" маркадагы бетонду жана асфальттык бетонду даярдоого жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча – 874 миң м2, В – 1490 миң м2,С1 – 2274 миң м3, А+В+С1 – 4638 миң м3, 1997-жылга карата баланстагы запасы А категориясы боюнча – 712 миң м3, В – 1490 миң м3, С – 2274 миң м3 А+В+С1– 4476 миң м3.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)