Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кочкор Кочкор району

Кочкор – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Райондун жана Кочкор айыл округунун борбору. Кочкор суусунун оң өйүзүндө, Бишкек – Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1780 м бийикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 55 км. Калкы 9,9 миң (2009), негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Төрт орто мектеп, китепкана, 3 бала бакча, кинотеатр, маданият үйү, тарыхый-край таануу музейи, мечит, стадион бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода комплекси, ресторан, кафе-бар, тамактануу жайлары, базар иштейт. 19-кылымдын 2-жарымында уйгур, өзбек соодагерлери негиздеген. Кийинчерээк орус дыйкандары көчүрүлүп келип, Столыпин деп аташкан. 1916-жылкы үркүндө орустарды жергиликтүү кыргыздар сүрүп чыгарып, аты кайрадан Кара-Коо аталган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)