Көркөм лактар

Көркөм лактар (жылтырактар) – темпера боёк­тору менен кооздолгон (көбүнчө кара фондун үстүндө) жана үстүнөн түссүз лактын жука катмары жаткырылган, папье-маше, жыгач, металлдан жасалган буюмдарды өз ичине камтыган элдик жасалга-колдонмо көркөм искусствосунун бир бөлүмү. Алгач К. л. чыгыш өлкөлөрүндө (Япония, Кытай) пайда болгон жана XVIII кылымда гана европа мамлекеттеринде иштетилип чыгарыла баштаган. Өткөн кылымда Россияда лукутиндик лактар деген ат менен кеңири белгилүү болгон лакталган буюмдар, кутучалар, тамеки салгычтар ири өндүрүш ээси П. В. Лукутиндин атынан колдонулган. Советтер Союзунда лакталган буюмдары менен Палех, Мстёра, Холуй, Федоскин айылдары кеңири белгилүү болгон (аларга майда тиричилик буюмдары: көбүнчө кылдат жасалган, кичинекей кооз сүрөттүү кутучалар, Жёстово айылында жасалган кара фондун үстүндө кооздолгон гүлдестелер түшүрүлгөн батунустар да кирет). Алтын фонддогу жыгачка түшүрүлгөн хохлома көркөм жазуулары да кеңири белгилүү. Байыркы орус икона жазуу жана тактайга оюлуп жасалган элдик сүрөттөрдү эске алуу менен советтик миниатюристтер көркөм чагылдыруунун өзүмдүк каражаттарын колдонуп, орус эл жомокторунун, классикалык адабият жана СССР элдеринин адабиятынын, биздин Ата мекенибиздин тарыхынан жана советтик мезгилинин сюжеттерин иштеп чыгышкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)